Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

МАШЫГУУЛАРГА АСКЕРИЙ УЧАКТАР ДА КАТЫШАТ


Ушул жылдын 4–6-августунда Балыкчы шаарынын жанында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерий машыгуулары өтөт. Анда Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстандын атайын аскерлери куралчан жоочуларды биргелешип жок кылуу ыкмаларын көрсөтүшөт. Бул машыгууга аскерий учактар да катышмакчы. 28-июлда Кыргызстандын Коргоо министри Эсен Топоев журналисттерди чакырып, аскерий иш-чара тууралуу маалымат берди.

Эсен Топоевдин ырасташынча, аскердик-тактикалык машыгууларды өткөрүү чечими ушул жылдын 18-июнунда Казакстандын башкалаасында өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкө башчыларынын жыйынында кабыл алынган. «Чек–2004» деген аталыштагы аскерий машыгуулар эки этапта өтөт. Оболу Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү керектүү документтерди даярдашат, башкы колбашчыларга кайрылуунун текстин жактырышат.

- Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жумушчу органы керектүү чечимдерди, документтерди даярдашат. Анын ичинде мамлекет башчыларына кайрылуу, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкатчысынын Борбор Азиядагы аскерий-саясий абал тууралуу, аскерий машыгуулар боюнча Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин отурумунда сүйлөчү сөзүнүн тексти бар. Борбор Азиядагы саясий-аскерий кырдаалдын кээ бир жактары курчуп кетиши ыктымал. Ошол себептүү аскерий машыгуулар уюштурулууда. Казакстандагы иш-чаралар 4-августта аягына чыгат,- деп маалымдады Эсен Топоев.

Алматыда башталган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Борбор Азиядагы ири аскерий иш-чарасынын негизги бөлүгү Кыргызстанда, Балыкчы шаарынан анча алыс эмес «Мамыры гүлү» тоодогу машыгуу борборунда улантылат.

Коргоо министри кыйла эле кымбатка түшүп аткан аскерий иш-чарага канча каражат жумшаларын айткан жок. Тек, керектүү акча мурда эле республикалык бюджетке киргизилип коюлганын, кошумча ыгым-чыгым болбогонун маалымдоо менен чектелди.

Эсен Топоевдун айтымында, 25-26-июлда эле Орусия, Казакстан, Тажикстандын атайын аскер отряддары машыгуу өтүүчү жерге келип жайгашты. Бул ирет жөө уруш салган атайын аскерлерге абадан аскерий учактар колдоо көрсөтүп турушмакчы. Машыгууларга көбүнесе Кыргызстандын аскерий техникасы, ошондой эле Орусиянын учактары катышат:

- Техниканын бир бөлүгү биздин куралдуу күчтөргө тиешелүү. Булар негизинен аскер учактары, бронетанктар, автоунаалар, реактивдүү, стволдуу артиллерия, топ аскер колдончу куралдар.

Министрдин ырасташынча, Орусиянын эң мыкты учактары машыгууда кандай аскерий-техникалык мүмкүнчүлүгү бардыгын элге көрсөтмөкчү:

- СУ-25, СУ–27 тибиндеги аскерий учактар, ошондой эле асмандан ок атып колдоо көрсөтүп туруучу Ми–24 тибиндеги тик учак, анан да бир вариант Ка–50 тик учмасы катышат. Эл арасында аны «Кара акула» деп коюшат.

Эсен Топоев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерий машыгууларына Кыргызстандын президенти, төрт өлкөнүн коргоо министрлери, байкоочу катары Армения менен Белорусиянын жооптуу өкүлдөрү катышарын маалымдады.

Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн ыкчам аракеттенчү күчтөрүнүн биргелешкен аскерий машыгуулары буга чейин «Түштүк калканы» деген аталышта өткөрүлүп келген. Бул ирет анын арымы кыйла кеңейип, абадан колдоо көрсөтүү, аскерий учактарды колдонуу менен биргелешип аракет кылуунун жолдору такталууда. 2010-жылга чейин эсептелген программанын алкагында кийинчерээк аскердик машыгууларга биргелешип аба чабуулунан коргонуунун ыкмалары кошулмакчы.

XS
SM
MD
LG