Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

УКРАИНАНЫН ЕВРОПАЛЫК САЯСАТЫ


Нарын АЙЫП, Прага 26-июлда Украинанын президенти Леонид Кучма атайын жобо менен өлкөнүн коргонуу доктринасына өзгөртүү киргизди. Эгер мурда ал доктринада өлкөнүн европалык саясатынын максаты - НАТО уюму менен Европалык Биримдикке мүчө болуп кирүү деп жазылган болсо, жаңы редакциядан андай максат тууралуу сөздөр алынып салынып, эми - бул батыш уюмдары менен болгон кызматташууну күчөтүү жана өркүндөтүү керек деп гана айтылат.

Президент Леонид Кучманын жобосунда - коргонуу доктринасына өзгөртүү киргизүү зарылдыгы акыркы 2-3 эл аралык жолугушуунун жыйынтыктарына байланыштуу чыгууда деп айтылат. Мисал үчүн, 28-29-июнда Ыстамбулда НАТОнун бийик жолугушуусу, ал эми 29-июнда НАТО менен Украина байланыштары боюнча атайын комиссиянын жыйыны болуп өткөн.

Украина жетекчилигинин айтымында, ал жолугушууларда өлкө өкүлдөрү НАТО уюму менен Европа Биримдигине Украинанын мүчө болуп кирүүсү боюнча атайын чечимдин кабыл алынышын жана андай кошулуу жараянындагы так мөөнөттөрдү аныктоого умтулган, бирок Батыш жетекчилери андай кадамга барууга азырынча эртелик кылат деп билдирген. Ошондуктан 6-июлда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Украинанын коргонуу доктринасынын текстин өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алынган жана ал тууралуу президенттин жобосу 26-июлда жарыяланды.

Дал ошол 26-июлда Украинанын Ялта шаарына орус президенти Владимир Путин келип, Кучма менен жолугуп кеткен. Сүйлөшүүлөр учурунда төрт өлкө - Беларус, Казакстан, Орусия жана Украина ортосунда бирдиктүү экономикалык аймак түзүү маселеси жана эки мамлекет ортосундагы кеңири экономикалык кызматташуунун жол-жоболору талкууланган. Украина менен Орусия ортосундагы сооданын көлөмү 2003-жылы 12 миллиард долларга жеткен, бул бир топ жогору көрсөткүч. Ошондуктан кээ бир байкоочулар - акыркы мезгилде Киев өзүнүн өнүгүү багытын өзгөртүп, өзүнүн негизги максаты катары Орусия менен кызматташууга киришти деген пикир айта баштады.

Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Олег Шамшурдун айтымында, өлкөнүн европалык саясаты жалпысынан өзгөргөн жок, жөн гана кээ бир кыска мөөнөттүү максаттар такталууда:

- Өлкөнүн Европалык жана Евро-Атлантикалык саясаты өзгөрдү деген пикирлерге эч кандай негиз жок. Европалык интеграция боюнча максат өзгөргөн жок жана менин оюмча, өзгөрбөйт. Европалык интеграция боюнча сөздөр доктринада калды. Кээ бир өзгөрүүлөрдүн жасалганынын себеби болсо - НАТО уюму дагы, Европа Биримдиги дагы Украинанын аларга мүчө болуп кирүүсү тууралуу так чечим абыл алууга азырынча даяр эмес экендигинде.

НАТО уюмунун Ыстамбулдагы бийик жолугушуусуна президент Кучма дагы катышкан жана анын алкагында өткөн НАТО-Украина комиссиясынын жыйынынан кийин ал - НАТОго мүчө болуп кирүүгө Украина азырынча даяр эмес деп билдирген. Андан соң Украина менен Европа Биримдиги ортосундагы байланыштар боюнча атайын комиссиянын жыйыны дагы болгон жана ал жолугушуудан кийин Кучма - Украина Европа Биримдигине кошулууга дагы даяр эмес деп жарыялаган.

Европа комиссиясынын басма сөз өкүлү Эмма Удвиндин айтымында болсо батыш уюмдары Украинаны кандайдыр бир өзгөчө мамлекет деп эсептебейт, ошондуктан аны менен атайын мамиле түзүүнүн зарылчылыгы жок:

- Украина менен кызматташууну биз азыр - кошуна өлкөлөр саясаты аркылуу жүргүзөбүз. Ал саясатка ылайык, эч бир мүмкүнчүлүктөргө эшик жабылбайт, бирок бардык аракеттер учурдагы абалга жараша жүргүзүлөт. Европа Биримдиги кеңейгенден кийин Украина кошуна мамлекеттердин бирине айланды жана аны менен кызматташуу - бардык башка кошуна өлкөлөр менен болгон кызматташуу сыяктуу жүргүзүлөт, ал жараяндын болсо абдан көп артыкчылыгы бар.

XS
SM
MD
LG