Мая Берри Демократиялык партиянын улуттук курултайына биринчи жолу мындан 12 жыл мурда катышкан эле. Анда Мая палестиндердин өз алдынчалык алуу укугун жактаган ураанды көтөрүп жүргөн. Теги араб, дини мусулман америкалык кыздын бул кадамын делегаттардын көбү анчейин түшүнө беришкен эмес:
- 1992-жылы азыркыдан алда канча жаш элем, саясий жактан да тажрыйбам аз болчу. Тегим араб болгондуктан, курултайда өзүмдү бөтөн сезгем. Азыркыдан такыр башкача болчу.
Кийинки мезгилде теги араб америкалыктар партиянын этникалык колдоочулары арасында таасирдүү топко айланды. Бостон жыйынына 43 араб америкалык делегат болуп катышууда. Сурамжылоодо президент Жорж Буш менен демократтардын талапкери, сенатор Жонн Керри дээрлик бирдей колдоого ээ болгондуктан, бул этникалык топ айрым штаттарда шайлоонун тагдырын чечип коё турган күчкө айланууда.
Мичиган штатынан катышып жаткан Мая Берри теги араб америкалыктарды көбүрөөк тартуу үчүн демократтар дагы көп аракет кылышы керек деп эсептейт. "Азаттыктын" курултайга катышып жаткан кабарчысы Боб Макмахон маектешкен башка делегаттар да ушундай эле көз караштарын билдиришти. Алардын көбү 11-сентябрь окуяларынан кийин Федералдык чалгын кызматына кошумча мандат берүү менен Жорж Буш арабдар менен мусулмандарды өзүнөн алыстатып алганын белгилешти.
Ошол эле убакта америкалык арабдар Демократиялык партиянын израил-палестин жаңжалындагы расмий турумуна нааразы. Курултайдын платформасында палестиндердин мамлекеттүүлүгүнө колдоо айтылганы менен, Израилдин премьер-министри Ариэль Шарондун саясаты дa ачык колдоого алынган. Белгилүү америкалык араб социолог Жонн Зогби бул маселеге демократтардын мамилеси республикачылардыкы менен үндөш деп эсептейт.
2000-жылдагы шайлоодо америкалык арабдардын 45 пайызы Жорж Бушка добуш берген. Эгер сенатор Керри аларды өз жагына имере алса, ноябрдагы президенттик ат салышта анын айрым штаттарда жеңип чыгаарын ишенимдүү айтууга болот.
Соңку сурамжылоо көрсөткөндөй, шайлоо бүгүн өткөрүлгөндө америкалык арабдардын 24 пайызы гана Бушка добуш бермек, ал эми Жонн Керрини алардын 51 пайызы колдомок. Арабдар америкалык мусулмандардын орто эсеп менен үчтөн бирин түзөт. Вашингтондо жайгашкан Америкалык-исламдык алакалар кеңешинин эсебинде Кошмо Штаттарында бүгүн жети миллиондой мусулман бар. Алардын жарымына чукулу мусулманчылыкты кийин кабыл алган теги латын америкалыктар же африкалыктар, алар АКШнын көп муундардан берки атуулдары саналат жана жарды келип, адатта деморкаттарга добуш берет. Теги араб америкалыктар тескерисинче - көбүнесе кийин келген, кирешелүү бүлөлөр. Алар негизинен республикачыларды колдошот.
Америкалык жети миллион мусулмандын 2 миллиондою добуш берүүгө укуктуу, ошол эле мезгилде алардын 60 пайызга чукулу гана шайлоого катышууга каттоодон өтүшкөн. Демек, кеп 1 миллион 600 миңдей добуш жөнүндө жүрүп жатат.