Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:11

СТИВЕН ЯНГ: «КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИ ӨЗ ЭЛИНИН КОЛУНДА»


Сиздердин назарыңыздарды Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Янг менен Кыргызстандын саясий турмушундагы акыркы окуяларга карата анын мамилеси жана эмдиги жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоого даярдыктар жөнүндө пикири боюнча маекке бурабыз.

- Урматтуу элчи Стивен Янг мырза, акыркы учурда Кыргызстандын басма сөзүндө «демократияны экспорттоо» деген термин алдында АКШ баштаган батыш мамлекеттеринин жана эл аралык уюмдардын дарегине сын айтылууда. Анда Кыргызстандын ички ишине чет өлкөлөр менен эл аралык уюмдар кийлигишип жатат деген ой бар. Бул тууралуу жакында Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев да «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда да АКШнын Улуттук демократиялык институту Кыргызстандын жер-жерлеринде демократияны колдоо борборлору аркылуу шайлоо процессине кийлигишип жатат деп расмий түрдө билдирди. АКШнын өкмөтү мындай көз караш, пикирлерди кандай кабыл алып, кандай баалап жатат?

- Бир нерсени ачык айтканда, Кыргызстандын келечегин Кыргызстандын эли өзү чечиш керек. Бирок азыркы заманда биз Улуттук демократиялык институттун "Фридом хауз" жана Эл аралык республикалык институт, ага кошулуп эл аралык шайлоо системаларынын фондуна окшогон мамлекеттик эмес уюмдарды колдоп, алар менен, мамлекет менен бирге иштешип келе жатабыз. Алардын иши жөн гана эмес, демократияны өнүктүрүү боюнча аябай жетишкендикти жаратты. Мен өзүм да элчи катары, элчиликтеги башка иштеп жаткан кызматкерлер дагы Кыргыз мамлекети менен, саясий партиялардын өкүлдөрү менен ушул суроолор боюнча талкуулап, өзүбүздүн пикирибиздин алмашып келе жатабыз.

- КМШдагы тогуз мамлекет, анын ичинде Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун ишине нааразылык билдирди. АКШ мындай билдирүүгө негиз бар деп баалайбы же такыр эле негизсиз деп баа берип жатабы?

- Мен, чынымды айтканда, ушул 9 мамлекет Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна нааразычылык билдиргенине кабатыр болдум. Бишкектеги Маркос Миллер жетектеген борбор Кыргызстандагы жарандык коомдун өнүгүшүнө чоң салымын кошуп келатат деп ойлойм. Бишкекте ЕККУнун көптөгөн программалары бар. Алардын бири, мисалы, милиция академиясын колдоп келет, андан башка жер-жерлерде эл, коомчулук үчүн тренингдерди өткөрүп, мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун көтөрүп келатышат. Андан башка алар азыр келе жаткан президенттик, парламенттик шайлоого даярданып, ошол шайлоолорду ачык-айкын кылуу максаты үчүн иштеп келе жатышат. Бирок ОБСЕ Кыргызстандагы жана мурунку Советтер Союзунун өлкөлөрүндөгү адам укугу жагдайы боюнча өздөрүнүн нааразычылыгын билдиргенге укугу бар. Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин эгемендүүлүгү, ошондой эле демократия жагына өнүгүп келүүсүнө ЕККУга ушундай рахмат айтса болот деп ойлойм.

- АКШ баштаган бир катар батыш мамлекеттери эмдиги жылы Кыргызстанда парламенттик жана президенттик шайлоо ачык, калыс өтсө деп каражат жагынан да, даярдык жагынан да көмөк көрсөтүүдө. Ушундай аракет толук ишке ашат деген үмүт барбы?

- Ушул келе жаткан 15 айдын ичинде парламенттик жана президенттик шайлоого үмүтүм чоң. Мен байкаган жана мага чоң таасир тийгизген нерсе - Кыргызстандагы жарандык коомдун өнүгүшү, ага мисал, ушул бейөкмөт уюмдардын санынын көптүгү. Мен азыр бейөкмөт уюмдардын саны канча билбейм. Менин оюмча, эч ким билбейт. Бирок кээ бири айтып калат, ушул бейөкмөт уюмдарынын саны 5 миңден 10 миңге чейин болсо керек деп. Бул Кыргызстандын коомунун көп нерсеге болгон кызыкчылыгын көрсөтөт. Мисалы, коом СПИД, маңзаттарга каршы күрөшкө, адам укугун колдоого кызыкдар. Андан башка балдардын, аялдардын укугун колдоого жана демократияны өнүктүрүүгө кызыкдар деп ойлойм. Эгер сиздин биринчи сурооңузга жооп берсем, мен Кыргызстанда жүрүп, Улуттук демократиялык институтунун Кыргызстанда болгон 18 маалымат борборуна барып, ошол жердеги бейөкмөт уюмдар менен сүйлөшүп, алардын үмүтүн көрүп, мен дагы өзүм үмүттөнүп жатам. Андан башка мен Кыргызстандын өкмөтүнүн өкүлдөрү менен да, президенттин өзү менен да маектешкем. Ушул бардык мени менен маектешип, сүйлөшкөн адамдар Кыргызстандын парламенттик жана президенттик шайлоолору ачык, калыс жана айкын болооруна үмүттөнүп келе жатышат жана ушул максатка карап иштеп жатышат. Анан ушул президенттик жана парламенттик шайлоолор Кыргызстандын Конституциясына жараша жана эл аралык стандартка жооп бере турган шайлоолор болооруна үмүттөнүшөт.

- Батыштагы бир катар мамлекеттер менен эл аралык уюмдар Акаев Конституциянын талабына ылайык эмдиги жылкы президенттик шайлоого катышпаса Борбор Азия өлкөлөрүнө үлгү болот деген үмүттөрүн бир нече жолу билдиришти. Бул үмүт акталабы? Себеп дегенде кээ бир оппозиция өкүлдөрү «Акаев башында турган бийлик өкүлдөрү келерки жылкы президенттик шайлоодо бийликти сактап калуу үчүн аракеттенүүдө» деген ойдо турушат…

- 17-июлда АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитедж президент Аскар Акаев менен пресс-конференцияда айтып кеткендей, Кыргызстандагы бийлик алмашуусу Орто Азияга үлгү болот дагы жана тарыхый учур болуп калат. Бул Кыргызстандагы реформалар, кыргыз элинин салтына жараша өзүнүн лидерлерин тандап алуусуна жараша болот деп ойлойм. Президент Аскар Акаев ушул пресс-конференцияда өзүнүн ниетин алмаштырбайм деп айтып кетти жана Кыргызстандын Конституциясына эч кандай өзгөрүүлөр киргизилбейт деп дагы кайталап кетти. Менин оюмча, бул аябай акылдуу чечим. Себеби Конституцияга өтө эле көп өзгөрүүлөр киргизиле берсе элдин Конституцияга болгон ишеними да азайып кетет. Ушул максат боюнча шайлоолордун ачык-айкын жана калыс болушуна биз мамлекет, жарандык коом менен иштешебиз.

XS
SM
MD
LG