Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

ИРАК: УЛУТТУК КУРУЛТАЙ КЕЧЕҢДЕТИЛДИ


Ирактын убактылуу өкмөтү ушул апта соңуна белгиленген улуттук курултайды августтун ортосуна кечеңдетүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул чечимди АКШнын Мамлекеттик катчысы колдоого алды. Айрым серепчилер мындай маалкатуулар Ирактагы демократиялык жараяндын өнүгүшүнө өз залакасын тийгизбесе болду деген чочулоосун билдирүүдө.

Ушул апта соңуна өтөөрү болжолдонгон улуттук курултай өлкөнүн убактылуу Улуттук кеңешинин курамын аныктоого тийиш болчу. Бул курултайдын уюштуруу тобунун жетекчиси жана курултайдын төрагасы Фуад Массум (Fuad Massoum) мырзанын сөзүнө караганда, курултайды кечеңдетүү Бириккен Улуттар Уюмунун өтүнүчүнө ылайык жасалды:

- Бириккен Улуттар уюму бизге ирак коомунун ар кыл топтору менен сүйлөшүү жүргүзүүнү улантуу жана курултайдын күн тартибине кирчү маселелерди тактоо максатында бул курултайды эки аптага кечеңдете туруу сунушу менен кайрылды.

Бейшембиде Сауд Арабстанда иш сапар менен болгон АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Ирактын улуттук курултайын кийинкиге калтыра туруу чечими дурус кадам болду деген оюн айтты:

- Биз бул маселени Ирактын убактылуу өкмөтүнүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун расмий өкүлдөрү менен бир нече күн бою талкуу кылдык. Акыркы күндөрдө бул курултайды саал кечеңдете туруу алгылыктуу экендиги дайын болуп калды. Ишти шашкалактап аткаруу үчүн ашыгуудан көрө, аны дурустап аткаруубуз ылайык эмеспи. Менин бул иш-чара жүзөгө ашырылаарында күмөнүм жок.

Байкоочулардын айтымында, Ирактагы дүрбөлөңдүү кырдаал улуттук курултайдын кечеңдетилишине өбөлгө болгондой. Бир эле мисал, шаршемби күнү бомба катылган жүк ташуучу машине жардырылып, анын айынан 70 киши өмүрүнөн ажырады. Дагы бир жагдай – бир катар саясий топтордун жетекчилеринин курултайга катыша турган миң делегаттын курамына өз өкүлдөрүн жиберүүдөн баш тартышы. Алардын арасында шийилердин таасирдүү динийтчысы Муктада ас-Садр да бар.

Лондондук серепчи, Падышалык Бириккен Кызмат институтунун өкүлү Мустафа Аланинин оюнча, бул сыяктуу маалкатуулар өлкөдөгү демократиялык жаңылануу аракеттери үчүн кедергисин тийгизбей койбойт:

- Албетте, бул – чегинүүгө жатат. Бирок маселенин өзөгү демократияны жаратуу үчүн оболу коопсуздукту камсыз кылып алуу милдети башкы артыкчылыкка ээ экендигинде жатат. Кишилер өз укуктарын, демократиялык укуктарын талап кылуудан оболу коопсуз жагдайды түзүүнү талап кылышат.

15-августтап башталаары жарыяланган бул улуттук курултай жүз кишиден турган убактылуу мыйзам чыгаруу бийлигин – Улуттук кеңешти түзүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG