Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:13

БЕЛГИЛҮҮ МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА КООМДУК ИШМЕР АБСАМАТ МАСАЛИЕВ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ


/images/domestic/masaliev.jpg 31-июль күнү кечинде кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, 71 жаштагы Абсамат Масалиев жүрөгү кармап, дүйнөдөн кайтты. Масалиев 1985-жылдан 90-жылдын октябрынын соңуна чейин Кыргызстанды жетектеп турган. Маркумдун тажыясын өткөрүү үчүн кыргыз парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйнынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев башында турган мамлекеттик комсиссия түзүлдү.

Коммунисттердин “Компартия биздин замандын акыл-эси, ар-намысы жана абийири” деген урааны бар эле. Абсамат Масалиев болсо азыркы талоончул замандагы Кыргызстандын абийири жана тазалыктын туусу эле. Ал кишинин дүйнөдөн өтүүсү менен ошол абийир жана чынчылдык, жөнөкөйлүк жана улуулук деген түшүнүктөрдүн өздөрүнүн устуну кулап, ичи эңшерилип кеткендей болуп турат.

Бийлик менен байлык адамды бузат, деп айтылат. Бул көп учурда турмуш тажрыйбасы тарабынан далилденип келет. Бирок тоо кен инженеринен тартып, мамлекет башчылыгына чейин жеткен Абсамат Масалиевдин акыйкатчылдыгын, чынчылдыгын, тазалыгын – аны өмүр бою жылоолоп келген бийлик кайрадан бекемдеди. Муну Кыргызстандын ар бир атуулу тастыктап бере алат.

Абсамат Масалиев эл үчүн, мамлекет үчүн чындап күйгөн, саясатта да, турмушта да жасалмалуулукка жол бербеген, сейрек кездешчү асыл инсан болчу. Ал “Азаттык” радиосуна берген акыркы маегинде, ал маек 29-июлда-эки күн мурда кабарчыбыз Бекташ Шамшиев менен болгон эле, Кыргызстандын азыркы экономикалык абалына күйүп-жанып сүйлөгөн:

- Маселен алып карасак, бизде 25 кирпич завод завод бар эле. Азыр анын беш-алтоо гана иштеп жатат. 20сы токтоп турат. Андан башка жеңил өнөр жайындагы абдан чоң завод-фабрикалардын баары токтоп турат, иштеген жери жок. Бир жүз миллион квадрат метр кездеме чыгарчу Оштогу текстил комбинаты токтоп турат. 13 миллион квадрат метр жибек чыгарган Жибек комбинаты токтоп турат. Жылына 25 миң насос чыгарган завод токтоп турат. Бишкектеги машина чыгаруучу заводдордун көпчүлүгү токтоп турат. Жумушсуздуктан көптөгөн жаштарыбыз Россияга кетип, абалдары өтө оор болуп турат.

Маек алынган учурда Абсамат Масалиев дачасында дыйканчылык кылып жаткан экен. "Дыйканчылыкты жакшы көрөсүзбү?" деген суроого Абсамат Масалиев минтип жооп берген:

- Жакшы көрөм абдан. Бизде жүзүмүбүз бар. Аны абдан сактап, торлорго салып, эки жылдан бери өстүрүп жатабыз. Быйыл жүзүмүбүз абдан жакшы болот. Келип жүзүм жеп кеткиле.

Абсамат Масалиевдин мамлекеттик ишмердүүлүгүн, кыргыз мамлекетине сиңирген эмгегин - тарых, анан кыргыз эли сөзсүз баалап алат. Ал эми замандаштары аны кайгыруу менен эскеришүүдө. Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев:

- Албетте, Абсамат Масалиев 20 жана 21 кылымдын башындагы кыргыздын көрүнүктүү, улуу, чыгаан эр-азаматтарынын бири болчу. Азыр баарыбыз кабыргабыз кайышып, аза күтүп отурабыз. Ал кишини эки жактан мүнөздөсөк болот. Биринчиден, нукура адам катары. Ал кенедейинен турмуштун бардык оорчулугун, запкысын көрүп, жеке өзүнүн мээнети, эмгеги менен бийик даражага көтөрүлгөн. Ошол эле мезгилде адамга мүнөздүү болгон эң жакшы сапаттарга, атап айтканда, тазалык, эмгекчилдик, айкөлдүк, нукуралык, жөнөкөйлүк сапаттарын сактап калган. Өтө сейрек кездешчү көрүнүштөрдүн бири эле. Экинчиден, мына ошондой чымырканган эмгеги, талбаган аракети, изденген түйшүгү аркылуу мамлекеттик жана саясий майданда эң бийик даражага жеткен. Ал бир эле мезгилде саясий жана мамлекеттик иштерди ийгиликтүү айкалыштырган адам болчу. Бул жагынан да анын Кыргызстандын тарыхында сөзсүз татыктуу орду, бийик даражасы бар.

Ал эми президенттик администрациянын башчысынын орун басары Болот Жанузаковдун Абсамат Масалиевди эскерүү сөзү мындай болду:

- Биздин кыргыздын эң улуу, атактуу инсандарынын бири. Элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн өтө көп кызмат кылган. Кийинки он жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген. Бул мамлекеттик кишинин сөөгүн коюш үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүп, ал ишин баштады. Мындай улуу инсаныбызды ардактап, барктап акыркы сапарга узатуу үчүн мамлекеттик чаралар көрүлө баштады.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров Абсамат Масалиевдин каза болушун өтө кайгыруу менен кабыл алганын билдирди:

- Кыргыз эли үчун өтө чоң жоготуу. Кыргызстан эле эмес, КМШ боюнча улуу инсандан, улуу саясий коомдук ишмерден айрылып отурабыз. Айрыкча, кыргыз эли үчүн Абсамат Масалиев тазалыктын, чынчылдыктын, туура сүйлөп, бетке айткандыктын символу эле. Биз үчүн абдан чоң жоготуу. Абсамат акедей кишилер бир кылымда бир жаралат. Таза, чынчыл, акыйкат сүйлөгөн кыргыздын бир улуу уулунан ажырап отурабыз.

Абсамат Масалиев акыркы кезде Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетин жетектеп келген эле. Анын эки уул, эки кызы бар. Улуу уулу Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасынын орун басары. Жогорку Кеңештеги эл үчүн күйгөн депутаттардын бири. Абсамат Масалиев о дүйнө салып, эли эңшерилип турса да, атанын жолун улаар баланы көрүп, үмүт учугун байлайт.

Абсамат Масалиевди акыркы сапарга узатуу расмиси 3-августа Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болот. Ага мамлекет башчысы Аскар Акаев баш болгон өлкө жетекчилеринин катышаары күтүлүүдө. Эл уулу менен элдин коштошуусуна да жол берилмекчи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG