Барымтадагы жети айдоочуну бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жашыруун жүрүп аткан кез. Ирактагы уруу башчы, бир кезде барымтачылардын атынан ортомчу да болуп жүргөн Шейх Хишам ад-Дулайми барымтадагы айдоочулар иштеген ишкананын жетекчилиги менен жолугат.
-Мени менен кувейттик ишкананын ортосунда жети айдоочуну бошотуу боюнча сүйлөшүү башталат. Алардын бири - мисирдик, үчөө индиялык жана үчөө кениялыктар. Кувейттик компания сүйлөшүүгө макул, бүгүн анын ыйгарымдуу өкүлү Мехди Салихтен мага сүйлөшүүгө келээрин тастыктаган факс келди,- дейт барымтачылардын атынан сүйлөшө турган өкүл.
Бул жети айдоочу 10 күн мурда туткундалган. Жоочулар кувейттик ишкананын бул өлкөнүн убактылуу өкмөтү менен кызматташуусун токтотуп, Ирактан чыгып кетишин талап кылышууда. Ушул жума күнү барымтачылар бир айдоочунун башын алмак болушкан. Индиянын Тышкы иштер министринин орун басары Эдаппакатх Ахамеддин билдиргенине караганда, ултиматумду аткаруу мөөнөтүн барымтачылар ишемби күнү 24 саатка узартышты.
-Биз Мускаттагы элчибиз Талмиз Ахмадды бул максатта Иракка жиберүүнү чечтик. Ал тажрыйбалуу дипломат, биздин министрликтин басма сөз катчысы да болуп иштеген. Ага кошумча Перс булуңундагы өлкөлөр жана ажылык сапарды уюштуруу бөлүмүн жетектеп келет жана арабча эркин сүйлөйт. Элчи Ахмад эчак жолго чыккан, жекшембинин таңында ал Багдадга жетмек,- дейт Индиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.
Ошол эле кезде Иракта барымтачылардын колундагы иорданиялык төрт айдоочунун туугандары кимдир бирөө аларга телефон чалганын айтышууда. Барымтадагы бир айдоочунун агасы Мухаммед Жафардын айтымында, барымтачылардын атынан сүйлөгөн киши бир тууганы жакынкы күндөрү бошотулаарын айткан. Жоочуларга барымтадагы айдоочу америкалыктардын жүгүн ташыбаганы маалым болгон соң, алар аны бошотууну чечишкен.
Ал эми дагы бир иорданиялык айдоочунун агасы Уалид Хайр Хулайфат ага да чоочун киши телефон чалганын тастыктады. Белгисиз киши анын иниси аман-эсен экенин жана жакынкы күндөрү бошотуларын айткан.
Аңгыча Иракта Түркиянын эки атуулу жекшембиде барымтага алынганы маалым болду. Алар Иракта иштеп аткан түрк компаниясынын айдоочулары экен. Абу Мусаб ал-Заркави башкарган жоочулар бул ишкананын 48 саат ичинде Ирактан чыгып кетишин талап кылууда. Кара чүмбөт кийген согушчандардын жанында тизелеп турган түрк айдоочуларды “Ал- Жазира” сыналгыканалы көрсөттү.
Иракта барымта кризиси тереңдеп бараткан чакта, кадыресе көрүнүшкө айланып бараткан жардыруулар же атышуулардан набыт болгондордун саны өсүүдө.
Ирактын Фаллужа шаарында жекшембиде америкалык куралдуу күчтөр менен көтөрүлүшчүлөр ортосунда атышуу болду. Бери дегенде 10 адам окко учуп, 20га чукул аскер жарадар болду. Ал эми Мосул шаарындагы полициянын кеңесесинин тушунда миналанган машина жарылды. Бул террордук чабуулдан төрт адам набыт кетип, 30га чукул адам ооруканага жеткирилди.
Багдаддагы эски Мусанна аба майданында жайгашкан америкалык аскер базасы да жекшембиде аткылоого алынды.
Ушул эле күнү АКШ аскерий жетекчилиги 124 ирактык туткунду абактан бошоткону да маалымдалууда. Апрель айынан бери ирактык бир нече миң туткун эркиндикке чыгарылды.