Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

ЧЕТ ӨЛКӨДӨН КЕЛГЕН КЫРГЫЗДАРДЫН АБАЛЫ БҮГҮН ӨКМӨТ ЖЫЙЫНЫНДА ТАЛКУУЛАНАТ


Бүгүн Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев селектордук жыйын өткөрүп, анда чет жерден ооп келген кыргыздарга көмөк көрсөтүүнүн жагдайын талдоого алганы жатат.

Селектордук жыйын эки маселени талкуулайт. Алардын бири социалдык фондго карыздарды төлөбөгөн ишканаларга байланыштуу. Ал эми биринчи маселе катары күн тартибине чет элден келген кыргыздарга жардамдардын жагдайы киргизилген. Өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Роза Даудованын айтымында:

- Бул маселе президенттин «Тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздарга колдоо көрсөтүүнүн чаралары» жөнүндөгү жардыктын талаптарына ылайык каралат. Мындай токтом 2001-жылы кабыл алынган.

Маселеге байланыштуу жыйында тышкы иштер министри Аскар Айтматов, облустук, шаардык мамлекеттик администрациялардын башчылары маалымат берери болжолдонууда. Жыйында кыргыздарды кабыл алуунун, жайгаштыруунун жана колдоо көрсөтүүнүн оош-кыйыштарына басым жасалары айтылууда.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, ооп келген кыргыздардын саны 8 миңден ашык. Басымдуу бөлүгү Тажикстандан ооп келишкен бул кыргыздардын өздөрүнүн айтымында, атуулдукка, социалдык социалдык камсыздоого байланышкан проблемалар чечилбеген бойдон келатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG