Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкуловдун билдиргенине караганда, 1-августтан экисине оогон түнү үчтөн жыйырма сегиз мүнөт өткөндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына Улуттук госпиталдан телефон чалышып, «ок жеген эки киши биздин ооруканага түштү, бирөөнүн фамилиясы Мамашева, экинчисинин фамилиясы Студенкин» деген маалыматты айтышкан. Териштире келгенде Мамашева - Кыргызстандын учу кыйыры эле эмес, анын чегинен да атагы алыска кеткен белгилүү ишкер Турусбек Мамашевдин өмүрлүк жубайы Динара Мамашева экени белгилүү болгон. Ал эми анын жанындагы Вадим Студенткин – Динара Мамашеванын орун басары болуп иштейт.
Ал экөө болжол менен түнкү саат 2ден 45 мүнөт өткөндө Бишкектин Эркиндик гүлбагы менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Дасмия» фирмасынын имаратынын жанына «Мицубиси паджеро» жип автомашинасы менен келишкен. Рулда - айдоочу Андрей Гетманский болгон.
Окуянын андан ары кандай өнүккөнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов мындай маалымдады:
- Алар келип токтогондо ары жактан аскердик камуфляж кийген бетин чүмбөттөп, маска кийип алган бирөө орусча «стоять!» деп кыйкырган. Жабыркоочулар түшүп келген машиненин рулу оң жагында экен. Ошол оң ыптасында отурган шоопур айдай качыптыр. А бирок тигилер машиненин сол жагына атышкан. Ошол сол тарабында Вадим Студенткин отурган. Шоопур болсо аларга ок тийгенин билип ошол жерден түз эле Улуттук госпиталга айдап барган. Мамашева тийген октон жантаслим болгон экен. Ал эми анын орунбасары Студенткин болсо дарыланууда.
Жолдошбек Бусурманкуловдун айтымында, ички иштер министрлигинде атайын топ түзүлүп иликтөө жана кылмышкерлерди издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Ал топко Улуттук коопсуздук кызматынан жана прокуратура органдарынан кызматкерлер кирген жок.
Айта кете турган маалымат – жыл башынан бери 8 ирет киши жалдап өлтүрүү же буюртма өлтүрүү катталган. А негизинен 23-июлда ички иштер министрлигинин коллегиясында ачыкка чыккандай, акыркы 6 айда 225 жолу киши өлтүрүү катталган. «Дасмия» туристтик фирмасынын директоруна деле тоноо максатында кол салышпаганы көрүнүп турат. Талдоочулар, саясатчылар, адистер бул окуяны да – буйрук менен ок чыгарууга окшош деп жатышат. Бир нече версиялардын ичинен мына ушул болжол чындыкка көбүрөөк окшоп турат дешет алар.
Кылмыш кылгандарды милиция табабы же жокпу – бул белгисиз. Анткени соңку жарым жылда эле катталган 8 киши жалдап өлтүрүү кылмыштарынын биринин да бети ачыла элек. Президент Аскар Акаев быйыл апрелде кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча атайын жыйын өткөрүп, буйуртма киши өлтүрүүлөрдүн жана дайынсыз жоголгондордун саны соңку жылдарда өсүп жаткандыгын белгилеп, катуу сын-пикирин айткан болчу.
Президент келтирген статистикалык маалыматтарга караганда, бир эле 2002-2003-жылдар аралыгында үч миңден ашуун адам дайынсыз жоголгон. Ошол эле маалда буйуртма жол менен 26 киши өлтүрүүнүн бети ачылбай келатат. Бирок талдоочулар, саясатчылар ошол эле маалда милициянын дарегине мындай сын-пикирлерди айткан президенттин эмне себептен бул тармакта ири кадрдык өзгөртүүлөрдү жасабай келатканына таңгалып жүрүшөт.
Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, милиция полковниги Алымбай Султанов ички иштер министрлигинин жетекчилиги абалды көзөмөлдөй албай калды, ошондуктан президент, премьер-министр министрликтин жетекчилигин алмаштырууга тийиш дейт:
- Бийликтин башында турган адамдардын көзөмөлсүздүгү. Себеби дегенде министрликте профессионал адамдар отурган жок. Аны катардагы кызматкерлер айтып жатышат. Ошондуктан министрликтин жетекчилигин алып таштамайынча Кыргызстанда мындай окуялар боло берет. Бул – башы гана.
Ал эми экинчи бир депутат Орозбек Дүйшеев өлкөдө андан да терең реформаларды, өзгөрүүлөрдү жасоо керек, себеби системанын өзү чирип бүттү, буйуртма киши өлтүрүүлөрдүн көп болуп жатканын коррупциянын деңгээлин көрсөтүп турат дейт:
- Кадр саясатын оңдош керек. Анан коррупцияны жоготуш керек. Мунун тамыры коррупцияда болуп жатат. Бул боюнча сессияда далай айтпадыкпы – кадр тандоодо көп каталыктар бар. Ушуну эми президент түшүнсө, саясатты өзгөртүүгө аракет кылса жакшы болот эле.
Акырында айта кете турган бир маалымат – 31-июлда көз жумган Абсамат Масалиевге куран окутуу Бишкектеги белгилүү «Дасмия» кафесине белгиленген. Бирок Динара Мамашеванын киши колдуу болушуна байланыштуу Абсамат Масалиевге куран башка кафеде окутула турган болду.