Абхазия дагы мындан 12 жыл мурда Түштүк Осетия сыңары орусиялык аскерлердин колдоосу менен Грузиянын карамагынан чыгып, өзүн эгемендүү өлкө деп жарыялаган. Түштүк Осетия сыяктуу ал да ошондон бери Тбилиси менен араздашуунун үстүндө.
Бириккен Улуттуар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин чечими менен Сухумиде эки тарап ортосунда чырга көз салуу тобу бар. Ал эми Түштүк Осетия боюнча ал жерде бейкутчулукту көзөмөлгө алуу боюнча түзүлгөн орус-осетин-грузин тарптардан турган аскерий топ түзүлгөн. Грузиянын аймагын мурдагы калыбында сактап калуу аракети акырындап куралдуу кармашка айланып кетиши ыктымал деген пикир айтылып келет.
Жума күнү Түркиянын «Изабелла» кемеси Сухумиге келаткан. Аны Грузиянын аскерий күчтөрү аткылап, тумшук темирин майтарып салган. Ошондон соң Абхазия премьер-министри Рауль Хаджимба бул окуяга нааразы экендигин билдирди:
- Биз Грузиялык тарапка чечкиндүү нааразылык билдиребиз жана азырынча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө катышалбай турганыбызды жарыялайбыз.
Грузиянын кармаштарды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик министри Гиоргий Хаиндрава айтканга караганда:
- Кемеге байланыштуу окуя эки тараптуу сүйлөшүүлөргө кедергисин тийгизбеши керек.
Ошентип, Сухуми менен Тбилисинин кармашы жаңы башталса Цхинвали менен Тбилисинин тирешүүсү кыйла кызып калды. Түштүкосетия аймагында тынчтыкты коргоо үчүн жайгашкан үч тараптуу топтун жетекчиси генерал Станислав Небздоров айтканга караганда кырдаалдын курчуп кетишине үчүнчү тарап тең айыптуу:
- Ок атышуу айланып өтмө жолду көзөмөлдөп турган (грузиялык – ММ.) полиция кетмейин улана берет.
Андан аркы кебинде генерал «ал жол менен Грузиянын ички иштер министри, жергиликтүү губернатор жана башкалар ары-бери каттап, элди кайраштырып атат. Ал жолду ээлеп алуу менен грузия полициясы бул жердеги жагдайды бейпилдик орнотчу күч мындан ары башкаралбай калды дегиси келет» деген.
Грузиянын ички иштер министри Ираклий Окруашвили айтканга караганда:
- Эгерде "полициянын бул жерге кереги бар же анын кереги жок" деген маселе чыга турган болсо биз дароо аттанып кетебиз. Бирок баарыдан мурда биз тургундардын коопсуздугу камсыз болгондо гана аттанабыз.
Расмий Москва тараптарды сабырдуулукка чакырып, четте карап турууда.