Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

ЧЕЧЕНСТАНДЫН ШАЙЛАНА ТУРГАН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КЕЗЕНГЕНДЕР АЗ ЭМЕС


Муса Мураталиев, Москва Ушул айдын этегинде Чеченстанда президентти шайлоо өтөт. Жогорку орунду талашууга 7 талапкер катышууда. Жумуриятта аны тыкандык менен өткөрүүнүн камын жешүүдө. Ошол эле учурда, жекшемби күнү «Чеченпресс» интернет агенттиги Аслан Масхадовдун билдирүүсүн жарыялады. Анда 29-августта өткөнү жаткан шайлоодо ким жеңип чыкпасын аны биз жок кылабыз деп айтылган. Ушундан улам, сырттан көз салуучулар Чеченстандагы жарыяланбаган согуштун мөөнөтү дагы кыйлага созулат дешүүдө.

Май айынын тогузу күнү стадиондо президент Ахмат Кадыров жардырылып өлтүрүлгөн. Ошондон улам бул жумуриятта лидер тандоо кезексиз түрдө өткөрүлүүдө. Талапкерлер үгүт жүргүзүү учурунда бири-бирибизге жаман айтпай, марага ак баралы деп сөз бекишкен болчу. Жети талапкердин бири – Абдула Бугаев:

- Макулдашуу дегинкиси керек. Бул cаясий жагдайдын тереңдеши үчүн, ырааттуу бейкутчулукка карай жасалган кадам катары кызмат өтөш үчүн зарыл.

Анын каршысында Гудерместик талапкер Ваха Висаев:

- Бул документте мен макул болбогон бир берене бар. Менин баамымда, ал берени кай бирлерибиз эмитен эле буза баштадык.

Висаев ошол эле учурда ал берененин маңызын ачуудан баш тартты.

Анализчилердин талдоосунда жумурияттагы президенттик орун Москванын колдоосун алган милициянын генералы Абу Алхановго тийет. Баса, маркум, Кадыровду шайлоодо да анализчилер, анын жумуриятка жетекчи болуп шайланышын алдын ала айтышкан эле.

1-августта Аслан Масхадов «Путин (президенттикке – ММ.) кимди койсо аны койсун, бизге баары бир. Андай кишинин өмүрү анын жанына жихад жоокери барганга чейин гана узун болот», - деп айткан.

Ушундан улам орусиялык басма сөз маалыматтарында Масхадов Чеченстанда шайланганы аткан президенттин көзүн тазалаймын дептир деген макалалар пайда боло баштады.

Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланышуу борборунун жетекчиси Сергей Игнатченко ИНТЕРФАКС агенттигине айткан пикиринде мындай деди:

- Булар, дагы бир жолу, Масхадовдун чыныгы дидарын көргөзүп, анын террорчулукту атайылап жасап аткандыгынын бетин ачып салды.

Масхадов болсо интернет аркалуу жиберген опузасында андан ары: «жикчилдер мындан ары орусиялык аскерлер менен күрөшүүсүн күчөтөт, ошондой эле, аларга карата жасалчу Чеченстандын чегинен ары жактардагы чабуулун мурдагыга караганда алда канча көбөйтөт» деп жазыптыр.

Чеченстандагы жарыяланбаган согушта азыркы тушта деле күн сайын кан төгүлүп атат. Маселен, ишемби күнү Грозный калаанын борбордук комендатурасына шилтеме берип «Азаттыктын» кабарчысы Муса Хасанов жиберген кабарда минтип айтылат:

«Чеченстан баш калаасынын Октябрь районунда, Москва убактысы боюнча, болжол менен алганда, саат 14төн отуз беш мүнөт өткөндө, аскерче кийинген төрт жикчил көчөдө өтүп бараткан машинеге кол салып, атышуу жүргөн".

- Орусиянын коопсуздук федералдык кызматынын үч офицери андан каза таап, экөө жарадар болгон. Жикчилдер болсо качып, кутулуп кетишкен, - деди биздин кабарчы.

Ал эми карапайым кишилер үмүтү алдыдагы шайлоону мыктылап өткөрүп, жумуриятта ырааттуулук орносо дегенде болууда. Веденск районунун тургуну Хамид Арсанов:

- Азыр Чечен жумуриятында тартип орношу биздеги башкы каалоо. Үмүтүм бар. Бир жакшылык болор дейм. Биздин Веден району бүтүндөй (шайлоого – ММ.) даяр, - дейт согуштан тажап болгон карыя.

XS
SM
MD
LG