Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

КЫРГЫЗСТАНДА АЗЫР АБАЛ ТЫНЧ, БИРОК КҮЗҮНДӨ КҮРӨШ КҮЧӨЙТ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстанда жыл сайын жайында саясый окуялар солгундап, кырдаал туруктуу боло түшөт. Депутаттар, саясатчылар эс алууга кетип, өлкөдөгү негизги эркин гезиттер да чыкпай калат. Бул мезгил эксперттердин баасы боюнча тыныгуу, күч жыйноо мезгили деп бааланат. Бирок август айынын аягынан баштап өлкөдө саясый өнөктүктөр башталып, сентябрь-октябрь айларында саясый активдүүлүк күчөөрүн байкоочулар белгилешүүдө.

Жайкы тыныгуу тууралуу саясатчылардын, басылма жетекчилеринин пикири бир жерден чыгып, бул жыл сайын кайталанчу мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин белгилешти. Ошондой эле басылма жетекчилери жайкы эс алуу мезгилинде ар бир саясатчы эл аралап парламенттик шайлоонун камын ойлоп, керт башынын кызыкчылыгы үчүн аракеттенээрин бир ооздон айтышты. Алардын арасында “Аалам” гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев да жайкы тыныгуу тууралуу ой бөлүштү:

- Азыр муну мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карасак болот. Анткени астыдагы парламенттик шайлоого карата саясаттан бир аз оолактап, керт башынын кызыкчылыгын көздөп, округдарына чуркап кетишти. Саясатчылар ушул эс алуу учурунда элдин арасында болгонго жанталашып жаткан кези. Учурдагы абалды үстүнөн алып караганда тынчтай көрүнгөнү менен азыр эң коркунучтуусу саясаттын түпкүрү тескерисинче аябай кыжылдап атат. Кайнай баштады. Мындайча айтканда саясат азыр элдин арасында жүрүп атат.

Негизинен ушундай эле пикирди “Замандаш” журналынын башкы редактору Абдыкерим Муратов да айтып, ага буларды кошумчалады:

-Бул тыныгуу деген бир бороондун алдындагы деңиздин тынч турган абалын элестетет. Албетте бул тыныгуу деген тырмакчанын ичиндеги тыныгуу. Ушул тыныгуудан пайдаланып азыр бүтүндөй парламенттин курамы өздөрүнүн шайлоо округдарында кийинки шайлоонун даярдыгын көрүп жүрүшөт. Ошондой эле, мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү дагы ушул тыныгуу мезгилинде өздөрүнүн бийлигин бекемдөө, бышыктоо үчүн өздөрүнүн камын көрүп жүрөт.

Мына ушундай эле суроо менен “Эркинтоо” гезитинин башкы редактору Эсенбай Калдаровго кайрылганыбызда ал жай мезгилинде саясатчылар да эс алып жүрүшкөнүн, бирок сентябрь айында оппозиция да, бийлик өкүлдөрү да өз ишмердиктерин күчөтөөрү анык дейт:

-Себеби азыр элдин баары эс алууда жүрүп атпайбы. Мына ушуга байланыштуу. Азыр бардык саясатчылар даярданып, менимче, мына ушул августтун аягы, сентябрда башталат. Сентябрда конкреттүү иш жүрөт. Оппозиция тарабында дагы, бийлик тарабында дагы ким кандай иштеш керек, кайсы багытта кетиш керек деген аракет болуп жатат. Ошондуктан тыныгуу болуп жатат.

Бул пикир менен “Аалам” гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев да макул:

-Сентябрь–октябрда бул республикалык деңгээлде кайра көтөрүлүп чыгат. Негизи быйылкы күз саясый окуяларга өтө бай күз болот.

Мындай пикир коомдун күрөө тамырын кармап турган басылма жетекчилеринин пикири. Ал эми депутаттар, саясый партиялардын өкүлдөрү, бийликтегилер жай айында эл арасында болуп, элге жакындыгын билдиргиси келет. Айрым бай адамдар байлыгын чачып, саясый упай алуунун жолун издешүүдө. Бирок эксперттер элден алыстап кеткен депутаттардын, аткаруу бийлигинин мурдагыдай эле элди сатып алууга жасаган аракеттери бардык жерде эле оң натыйжа бере бербесин эске салууда. Андыктан алардын пикири боюнча алдыда өлкөдө болуучу окуялардын жандануусуна учурда эл аралап жүргөн саясатчылар эмес, жалпы элдин активдүүлүгү көбүрөөк таасир этет.

XS
SM
MD
LG