Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:57

ИРАК: ХРИСТИАНДАР КОЛ САЛУУГА КАБЫЛДЫ


Иракта Саддам Хусеиндин режими кулагандан бери козголоңчулар тарабынан алгачкы жолу жергиликтүү христиандарга олуттуу сокку урулду. Кечээ кечинде христиандардын беш чиркөөсүнүн сыртында бир учурда жасалган жардыруулардан кеминде он адам каза тапканы ырасталды, бир канчасы жаракат алды. Расмий адамдардын пикиринде, кол салуу ирактык христиандар менен мусулмандарды кайраштыруу максатын көздөгөндөй.

Иракта 800 миңдей христиан бар же алар өлкөнүн 24 миллион калкынын 3%дайын түзөт. Көпчүлүгү Багдадда жана анын айланасында жашаган христиандардын эң чоң тайпасы – ассириялыктар, алар ошондой эле халдейлер деген ат менен да белгилүү. Мурдагы режимдин тушунда христиандарга өз динин тутунуусуна эркиндик берилген. Христиандардын өкүлү, мурдагы вице-премьер Тарик Азиз Саддамдын өкмөтүндөгү таасирлүү адамдардан болчу.

Ал эми азыр, Саддамдан кийинки доордо, айрым христиан лидерлери диний сабырдуулук бузулабы деп кооптонушат. Кээ бир мусулмандар жергиликтүү христиандарды АКШ баштаган коалициянын аскерлери менен шериктеш катары кабыл алышы мүмкүн. Себеби аскерлердин басымдуу бөлүгү христиандар экени белгилүү.

Соңку апталарда Иракта спирт ичимдиктерин сатуучу, негизинен христиандарга караштуу болгон дүкөндөрдүн бир нечесине кол салынып, таланып, толонгон эле. Ушул маселе эски режимдин учурунда да талаштарга жем таштап келген. Иракта спирт ичимдиктерин сатууга уруксат берилген менен буга шарияттын жолун кармангандар каршы.

Ал эми жекшембиде кечинде, чиркөөлөрдө сыйынуу жөрөлгөлөрү жүрүп жаткан кезде жасалган жардыруулар Саддамдын режими кулагандан бери козголоңчулардын христиандарга каршы багыттаган алгачкы ири чабуулу болуп калды. Багдаддагы төрт жана Мосул шаарындагы бир чиркөөнүн сыртында удаа болгон жардыруулар үчүн да бомбаланган автоунаалар пайдаланылды. Каза тапкандардын арасында христиандар эле эмес, мусулмандар да бар.

Багддада кол салууга кабылган чиркөөлөрдүн биринде иштеген Башар Мантиборда мындай дейт:

-Бул өтө коркунучтуу учур болду. Биз адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн колдон келгендин баарын жасадык, бирок биз көпчүлүгүн жоготуп койдук. Көптөгөндөр жаракат алды, алардын бир канчасынын абалы оор.

Ирактын ички иштер министри Фалах ал–Накиб болсо чиркөөлөрдөгү жардырууну төмөнкүчө баалады:

-Бул ирактыктарга каршы, Иракка каршы согуш. Биз муну жасагандарды жазалайбыз.

Жардырууларды мусулман динаятчылары да айыптады. Сунниттердин имамы Шейх Абдул Гафур ал-Самари төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Бул адамдар өлкөнү боштондукка чыгарбайт, чыгарууну да каалашпайт. Бирок алар өлкөнү талкалоону, чагым чагууну көздөшөт. Шарият боюнча бул адамдар исламга каршы аракеттенүүдө.
Ирактын расмий адамдарынын пикиринде, козголоңчулар чиркөөлөргө кол салуу аркылуу ирактыктардын бирин экинчисине кайраштырууну көздөөдө.


Бирок ирактык христиандардын эң чоң тайпасы ассириялыктардын саясий уюму – Ассирия Демократиялык кыймылынын өкүлү Ш.Бенжаминдин "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун айтканына караганда, алар жардыруунун диний жүйөөсү бар деп эсептешпейт, бул кылмыш да башкалардай эле өлкөнү дестабилдештирүүнү максат кылган.

Ирактын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Моуфак ал-Рубайе жардыруулар үчүн жоопкерчиликти, иорданиялык согушкер , "ал-Каида" менен өнөктөш деп эсептелген Абу Мусаб ал–Заркавиге жүктөдү.

Ал-Заркави буга чейинки бомба чабуулдарынын бир нечеси үчүн жоопкер болгон, ал ошондой эле шийиттердин ыйык жайларын жардыруу менен ирактык сунниттер менен шийиттерди чабыштырууну көздөгөн деп шектелүүдө. Жыл башында АКШнын расмий адамдары ал-Заркавинин "ал-Каиданын" Ооганстандагы жолбашчыларына жолдогон катын кармашканын билдирген. Анда Ирактагы кырдаалды курчутуу үчүн диний араздашууну козутуу пландары жөнүндө айтылган эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG