Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

БИЙЛИК ФЕЛИКС КУЛОВ БОШТОНДУККА 2005-ЖЫЛДЫН 12-НОЯБРЫНДА ЧЫГЫШЫ КЕРЕК ДЕП ЭСЕПТЕЙТ


3-августта «Арнамыс» партиясы маалымат таратты. Анда Феликс Куловдун өздүк ишинен айрым документтер жоголуп кеткени, ошондон улам №19 түрмөнүн жетекчилиги Кулов 2005-жылдын ноябрында гана чыгат деген токтом чыгарып бергени айтылат. «Арнамыс» партиясы бул окуяны эч бир мыйзамга сыйбаган нерсе катары баалап, бийлик атайлап Куловду боштондукка чыгарбаш үчүн анын өздүк ишиндеги документтерди жоготту деп нааразычылык билдирүүдө.

«Арнамыс» партиясынын азыр абакта жаткан лидери Феликс Куловдун өздүк иши буга чейин Юстиция министрлигине караштуу Жаза өтөө мекемелер башкармалыгында сакталып келген жана жакында ал №19 түрмөгө берилген. «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиевдин айтымында, Феликс Куловдун өздүк ишинен айрым документтер, так айтканда, аскердик соттун 2001-жылдын 21-январында «Арнамыстын» лидерин 7 жылга эркинен ажыраткан өкүмү жоголуп кеткен:

- Аскердик сот караган иштердин бири да жок.

Ошондон улам №19 түрмөнүн администрациялык комиссиясы 31-июлда жыйын куруп, Куловдун камакта жаткан күнүн 2002-жылдын 8-майынан тартып эсептеген. Так айтканда, №19 түрмөнүн башчылары Куловдун боштондукка чыга турган күнүн санаган учурда эсепти 2001-жылдан январынан эмес, Кулов соңку ирет соттолгон убактан - 2002-жылдын 8-майынан тартып жүргүзгөн. Дал ошол күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Кулов Чүй облусун башкарып турганда кылмыш жасаган деп аны 10 жылга кескен өкүмүн чыгарган болчу.

Ошентип бийликтин эсеби боюнча Феликс Кулов быйыл эмес, 2005-жылдын ноябрында гана боштондукка чыгууга тийиш. Бирок ага «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев таптакыр макул эмес:

- Өздүк ишинен документтер жоголуп кетип, натыйжада Куловдун түрмөдө отурган 1 жыл 9 ай 8 күнү жокко чыгып отурат. Эгер ал күндөр эсептелгенде Кулов эбак эле азаттыкка чыкмак. Биздин оюбузча, бул – атайлап жасалган иш. Бул кылмыш иш. Мыйзамдын одоно бузулганы. Бул дегеле мурда болбогон окуя. Эмне кылаарыбызды да билбейм – президент «Кыргызстан – адам укугун урматтаган өлкө» дейт, бирок прокуратура да, башка мамлекеттик органдар да Куловдун ишиндеги мыйзам бузууларга көңүл бурбай жатат.

«Арнамыс» партиясы бул окуяны эч бир мыйзамга сыйбаган нерсе катары баалап, бийлик Куловду боштондукка чыгарбаш үчүн анын өздүк ишиндеги документтерди атайлап жоготуп жатат деп катуу нааразычылыгын билдирүүдө.

«Арнамыстын» мындай маалыматынан кийин Юстиция министрлигине караштуу Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын начальниги Владимир Носовго кайрылдык. Анын айтымында, Феликс Куловдун өздүк ишинен документтердин жоголуп кетиши дегеле мүмкүн эмес жана «Арнамыстын» лидеринин качан эркиндикке чыгаарын жакында Сокулук райондук сотунда боло турган жараян аныктамакчы:

- Сиз өзүңүз деле билип турсаңыз керек – мындай ишти жасоого мүмкүн эмес. Биздин кызматкерлер андайга барбайт. Кулов арыз жазган, ал Сокулук районунда каралат. Бир дагы өздүк иште, анын ичинде Куловдун өздүк ишинде да эч нерсе жоголбошу керек. Басма сөздө көп версиялар айтылып жатат. Анын баарына сотто жооп болот.

Юстиция министрлигинин Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын начальниги Владимир Носовдун мындай пикирине «Арнамыстын» төрага орун басары Эмил Алиев макул эмес. Алиев «эгер Куловдун өздүк ишинен 2001-жылдын январында аскер соту чыгарган өкүм жоголбосо анда №19 колониянын жетекчилиги эмненин негизинде Куловду быйыл – ушул күндөрү эмес, 2005-жылдын ноябрында чыгат» деген токтом кабыл алды дейт. Эмил Алиевдин айтымында, Сокулук райондук соту деле Куловдун өздүк ишин караган учурда анын 2001-жылдын башында соттолгонун эске албайт, анткени өздүк иште андагы өкүм жок:

- Сокулук соту ишти карайт. Бирок караганы менен анын чечими №19 колониянын чечимине эле окшош болот. Ошондуктан Феликс Кулов Сокулук райондук сотуна кайрылып, өздүк ишке жоголуп кеткен документтерди таап, тиркөөнү талап кылгыла деп атат.

Феликс Куловдун адвокаттарынын бири Токторбек Ашыркул уулу бул – «Арнамыстын» лидерин абактан чыгарбоонун эле бир шылтоосу дейт жана негизги аракетти Куловдун өзү көрүшү керек дейт.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзамдуулук жана укук коргоо органдары комитетинин төрагасы Азимбек Бекназаров эгер Куловдун өздүк ишинен чындап эле документтер жоголуп кетсе ал кылмыш болуп эсептелет, ал эми негизи мыйзам боюнча «Арнамыстын» лидери ушул август айында боштондукка чыгыш керек эле дейт:

- Мен мыйзамдуулук комитетинин төрагасы катары айтаарым: Феликс Кулов абактан август айында чыгыш керек. Куловдун жактоочулары бийликти Куловду камоодон чыгарууга мажбурлашы зарыл. Андан башка жол жок! Партиялаштары коргоп чыкпаса – Кулов байкуш түрмөдө отурат.

XS
SM
MD
LG