Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

АКШда ТЕРРОРЧУЛУККА КАРШЫ ИРИ ЧАРАЛАР КӨРҮЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ президенти Жорж Буш жаңы улуттук чалгындоо кызматы түзүлө турганын жарыялады. Өкмөт мүчөлөрү аны колдоп, бул жаңы чара террорчулукка каршы күрөштү күчөтө турганын айтса, кээ бир журналисттер аны президенттик шайлоо өнөктүгүнүн бир бөлүгү катары сыпаттоодо.

АКШда көптөгөн чалгындоо жана коопсуздук уюмдары бар - Улуттук коопсуздук агенттиги, Борбордук чалгындоо башкармалыгы, Федералдык тергөө бюросу жана башкалар. 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардан кийин жаңы Ички коопсуздук министрлиги да түзүлгөн. Жалгыз эле Борбордук чалгындоо башкармалыгына он бешке жакын ар башка агенттик кирет.

Бирок 11-сентябрдагы чабуулдардан кийин америкалык коомчулук жана оппозиция өкмөттү катуу сынга алып, ушунча көп чалгынчылары бар өлкөдө өкмөт эмне үчүн террордук чабуулдар тууралуу алдын ала билген эмес деп чыккан. Кийин болсо "ал-Каида" террордук уюму АКШнын аймагында ири террор аракеттерин даярдап жатканы өкмөткө алдын ала белгилүү болгон, бирок президент Жорж Буш ага тийиштүү көңүл бурган эмес деген айыптоолор да айтылган.

13-июлда болсо Пакистанда Мухаммед Наим Нур Хан аттуу террорчу кармалгандан кийин, "ал-Каиданын" бир топ жаңы пландары белгилүү болду жана көп узабай уюмдун жетекчилик тобуна кирген Ахмед Халфан Хайлани да кармалды. Ал 1998-жылы Африканын Кения жана Танзания мамлекеттериндеги АКШ элчиликтерин жардырууну уюштурган деп шектелет жана америкалык өкмөт тарабынан дүйнөдөгү эң коркунучтуу 22 террорчунун тизмесине киргизилген.

Чалгындоо кызматтары тапкан маалыматтарга караганда, "ал-Каида" жакын арада АКШ аймагында жаңы террордук аракеттерди ишке ашырууга камданган. Ички коопсуздук министри Том Ридж 1-августта Вашингтон менен Нью-Йорк шаарларынын кээ бир аймактарында жана кошуна Нью-Жерси штатында жогорку коопсуздук абалын жарыялады, бул аймакта Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору, Нью-Йорк биржасы жана башка ишканалардын баш кеңселери жайгашат.

Президент Буш болсо 2-августта жаңы улуттук чалгындоо уюмун түзүү демилгесин көтөрдү, ал өкмөттүн курамына кирбейт, бирок анын деректири президенттин кеңешчиси болот. Ага Борбордук чалгындоо башкармалыгынын бир топ милдети өтөт, башкармалык өзү болсо жабылбайт, бирок анын деректири алмаштырылат.

Президент Билл Клинтондун мезгилинен бери Башкармалыкты Жорж Тенет жетектеп келген, бирок 11-сентябрдагы окуяларды изилдөөнүн акырында быйыл июлда кызматтан кеткен. Анын милдетин азыр Жон Маклафлин аткарууда, бирок президент аны алмаштырууга камданып жатат.

Буштун айтымында, жаңы чалгындоо агенттигин түзүү идеясы - 11-сентябрдагы окуяларды тергеген конгресстик комиссиянын сунуштарынан келип чыкты, анткени көптөгөн чалгындоо уюмдары террордук чабуул тууралуу маалымат тапканы менен, аларды бир-бирине айкалыштырууга жөндөмсүз болуп чыкты жана жаңы уюмга ошол милдет жүктөлөт. Конгресс маселени сентябрда карайт.

Вашингтон шаарындагы Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун адиси Саймон Сөрфатынын пикиринде, бийлик бул чара менен өзүн-өзү коргоп жатат:

- 11-сентябрдагы окуялардын айланасындагы талаш-тартыш жалпысынан бир идеяга негизделет: өкмөт көп нерсени билген, бирок ал тууралуу элге айткан эмес деген идеяга. Эми өкмөт жаңы аракеттер тууралуу толук такталбаган маалыматты дагы жарыялап, өзүн-өзү коргоого аракеттенүүдө. Бул кандайдыр бир ченемде камсыздандыруу саясаты.

Америкалык "Тайм" журналынын жазышынча, жаңы деректир өкмөткө мүчө болбогондуктан, чечим кабыл алуу жараянынан четте калат жана анын уюмунун кадыр-баркы алдын ала төмөн түшүрүлүүдө. "Нью-Йорк таймс" менен "Вашингтон пост" гезиттеринин айтымында, бул жөн гана шайлоо алдындагы бюрократиялык чара. Президенттикке талапкер сенатор Жон Керри болсо президентти сындап, ал үч жылга кечикти деп билдирди.

XS
SM
MD
LG