Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:12

МАСУДА ЖАЛАЛ ООГАНСТАНДЫК ЭРКЕКТЕРГЕ ЧАКЫРЫК ТАШТАДЫ


Ооганстанда азыр президенттик шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан чак. Байкоочулар негизги күрөш өткөөл өкмөттүн төрагасы Хамид Карзай менен билим берүү министри Юнус Кануни ортосунда болот деп жоромолдошот. Анткен менен, жападан жалгыз аял талапкер - Масуда Жалалдын саясый өнөктүккө катышуусу да чоң кызыгууну жаратууда.

Масуда Жалал айым эки жыл мурда болгон кезексиз курултайда – Улуу Жыргада азыркы өкмөт башчы Хамид Карзай менен жарышка түшүп, экинчи көп добуш топтогон.

Быйыл октябрда болчу биринчи президенттик шайлоодо 41 жаштагы Масуда айым өлкөдө эзелтен келаткан салтты бузуп, артында таасирлүү топтор турган Хамид Карзай менен, жана башка эркектер менен саясый эрөөлгө кайра чыгат.

Көпчүлүк байкоочулар үчүн Масуданы аялдарга катар эркектердин колдоп чыкканы күтүүсүз. Тахар провинциясынын тургуну Хесроу Назари чыгаан аялды колдоо үчүн Хинду Куш ашуусун ашып, Кабулга чейин 11 саат жол баскан.

“Ооган эркеги үчүн саясый өнөктүккө катышкан аялга жардамдашуу өөн иш эмеспи?” деген суроого, Хосроу Назари:

-Жок. Эркектер ар качан эле өкмөттү жетектешкен. Алар коомго кызмат кылгандын ордуна этникалык жана диний жамааттардын арасына жик салышкан. Аял өкмөттүн башчысы болсо, ал эне катары коомго кам көрөт. Эне ар убак адилет болот. Аял талапкердин чыкканы жана ал үчүн добуш берүү сыймык эмеспи.

Эки жыл мурда Кабулга чектеш өзү жашаган аймактан делегат шайланган Масуданы Улуу Жырганын мүчөлөрү кыраан күлкү менен кабыл алышкан. Бирок, ал үчүн 171 делегат добуш берген. Хамид Карзайды 1295 делегат колдогон.

Масуда Жалал өзүнүн президенттик шайлоого катышуу себеби тууралуу:

- Ошол кезексиз өткөн Улуу Жыргадан кийин түрдүү жамааттардын, социалдык топтордун, провинциялардын, уруулардын жана элдердин өкүлдөрү менин үйүмө келишип: “Алдыда болчу шайлоого катыш... Биз сен үчүн добуш беребиз”,- деп суранышты. Мен аларга менин саясый партиям жок, акчам жок, аскерий колум да жок дедим.

Масуданын аракетин Ооганстандын Жогорку Сотунун диний тартиптер башкармалыгы эки ирет исламга сыйбаган мыйзамсыз көрүнүш катары баалады. Аны коркуткан каттар келди. Анткен менен, эки жылдан бери мени колдоочулардын саны дагы көбөйдү дейт Масуда айым:

-Алар менден шайлоого кайра катышуумду сурашты. Эгер силер мени колдоп берсеңер, мен өнөктүккө катышам деп аларга убада кылдым. Адамдар кол топтоого жардамдашты. Себеби, менде өнөктүк үчүн зарыл радио, телевидение, басма сөз сыяктуу каражаттарым жок. Акчам да жок.

Канунинин айтышынча, аны коргоо министри Мохаммад Фахим жактайт. Фахим ошондой эле өлкөдөгү эң чоң менчик армиянын башчысы.
Карзайдын артында ири пуштун уруусу турат. Колунда бийлиги, капчыгында акчасы бар.

Үч балалуу Масуданын эркектерге чакырык таштап чыгуусун күйөөсү Файзулла Жалал адегенде колдободу:

-Мен ага “Сенде эч кандай саясый партияң жок. Акчаң да жок. Аскерий кубатың да жок. Акыр аягында талапкер катары эч ийгиликке жетпейсиң”,- деп, башында анын аркетин макул көрбөдүм. Ал көптөгөн жүйөлөрдү айтып, максатын түшүндүргөндө: “Сенин жасап жатканың уят иш” деп да айттым. Ал болсо “Мен бараандуу талап болоюн деп жатам” деди ошондо.

Файзулланы аялынын кайраткерлиги жеңди. 45 жаштагы Файзулла азыр президенттикке талапкер зайыбынан колдон келген жардамын аябайт:

-Мен аялыма көп кол кабыш кылышчу болдум. Эгер ал тамак бышырса, мен балдарга баш-көз болом. Ал балдар менен алек болсо, мен тамак даярдайм. Бул кадыресе иш жана адамды зериктирбейт.

XS
SM
MD
LG