Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:26

ПАЛЕСТИНА ЖЕТЕКЧИЛИГИНДЕГИ КҮРӨШТҮН МҮНӨЗҮ


Палестин жетекчилиги Израил менен жүрүп жаткан чатакка катар ич ара саясый таймаштын сазына батууда. Шаршемби күнү жашы 75тин кырын ашкан автономиянын төрагасы Ясер Арафаттан саясатчылардын жаңы мууну башкарууну жакшыртууну, коррупцияны ооздуктоону акыркы мезгилде улам көп талап кылышууда. Алар палестиналык-израилдик сүйлөшүүлөр туңгуюкка камалып турганына да нааразы. Арафат айрым реформага барды. Бирок ал чаралар Израил менен мамилени оңдоого жетерликпи?

Кыраакы саясатчы Ясер Арафат өкмөт мүчөлөрүнүн тилин таап, жайгарганы менен, коррупциядан, чабал башкаруудан тажап, тынчтыкты каалаган эл арасында ага болгон нааразылык күчөп барат.

Акыркы жумаларда автономиянын аймагында бийлик бутактарын реформалоого чакырган демонстрациялар жана отуруп нааразылык билдирүүлөр болду.

Премьер-министр Ахмед Курейинин кызматтан бошотуу өтүнүчүн бийликти текши көзөмөлдөгөн Арафат канааттандырбады. Бирок премьердин коопсуздук күчтөрүн жетектөөдөгү укугун кеңейтти.

Лондондук эксперт Даниэл Ниптин боолгошунча:

- Кыязы, Курейи кыска убакыттык жеңишке жетти. Анткен менен, дагы узакка чейин кырдаал өзгөрбөйт деп ойлойм. Түпкүлүгүнө келгенде, элдин көбү маселенин баары Ясер Арафатта экенин танышпайт.

Толкундоолор Арафат Палестинанын коопсуздук күчтөрүнүн башчылыгына жээни Муса Арафатты дайындаганда чыкты. Мусаны коопсуздук кызматындагылар Израилдин таман астындагы жерлердеги жаатчылыктын жана коррупциянын символу, “карт гвардиянын” адамы дешип, анын дайындалышына макул келишпеди.

Карапайым палестиналыктар бардык балекет Арафаттын бийликте калышын жактырбаган Израилдин жана айрым Батыш өлкөлөрүнүн жетекчилигинде деген ишеничте. Андай көз караштын негизин Даниэл Нип мындайча түшүндүрөт:

- Арафат узак жылдардан бери Палестина улуттук кыймылынын жүзү катары белгилүү. Анын бийлигинин толук мыйзамдуу эместиги да ушуга байланыштуу. Палестиналыктардын бир жааты Арафат мыкты баштоочу болбосо да, учурда биздин башчыбыз, ошон үчүн тыш өлкөлөр бизге ким жетекчи болоорун таңуулабашы керек дешет.

Палестинанын тышкы иштер министринин орун басары Абдулла Абадулла биздин радиого берген интервьюда, Израил менен жүрүп жаткан автономияга караштуу аймактардагы бийликтин жигердүү иштөөсүнө калакат кылууда деген пикрин айтты:

- Израилдиктердин биздин шаар-кыштактарыбызга тынбай жасаган жортуулдары, баскынчылыгы, бузуп-кыйратуулары, кол салуулары – мунун баары биздин өкмөттүн инфраструктураны жакшыртууга, бийлик институттарын реформалоого сарпталчу күч-кубатын жана ишмердүүлүгүн жеке адамдардын, жарандардын өмүрүн коргоого, коопсуздугун камсыздоого бурат.

Бийлик чылбырын бекем кармаган Арафат анын ордун ээлөөчү татыктуу инсанды өстүрбөй, аты эл оозуна илине баштаган жетекчилерди өкмөттөн алыстатып турат. Ошон үчүн, байкоочулар азыркы премьер Курейиде палестиналыктарды жаңы доорго жетелеп кеткидей дарамети жок дешет.

Израилдик белгилүү талдоочу, Жакынкы Чыгыштагы эл аралык тынчтык борборунун мурдакы директору Вилли Гэфни израилдиктер «Палестин жетекчиси ким болот?» деген суроого кийлигишпегени жакшы деп санайт:

- Менин оюмча, жаңы муун менен карыялар арасындагы күрөш жүрүп жатканда, ага аралашуудан ныпа чыкпайт. Арафаттын Тунистен келген адамдары Израил менен жүрүп жаткан чатактын чордонунда өскөн жаш, жергиликтүү жетекчилер менен таймашып жаткан кез азыр.

Ал эми Абдулла болсо Арафат менен Курейи арасындагы чатактын жөндөлүүсүн эл туура кабыл алганын, өкмөт ишти туура багытта алып баратканын айтат:

- Бизди коррупцияга терең баткан коомдо жашашат деп шерменде кылуу же бизди аймактагы партия катары кууп-таркатуу идеясы чындыкка сыйбайт. Бул, өзгөчө, бизге кайрылгандан мурда кебетесин күзгүдөн көрүп алуу зарыл адамдарга тиешелүү.

XS
SM
MD
LG