Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

КОФИ АННАН КОСОВОДОГУ КЫРДААЛГА КАПАДАР


Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Косоводогу албан лидерлерин аймакта жашаган башка улуттарга карата мамилесин жакшыртууга үндөдү. 16 беттен турган атайын докладында Аннан Косоводогу аз улуттардын укуктары менен эркиндиктери сакталбай келатканына тынчсыздануусун билдирген. Бейшембиде Косово маселесин Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши талкуулайт.

Улуттар уюмунун баш катчысы шейшембиде жарыяланган жаңы докладында Косоволук аз улуттардын өкүлдөрү март айындагы ири чабуулдун жараатынан айыга электиги айтылган. Жергиликтүү албандардын албуут чабуулунан анда 19 киши бейажал өлүп, 900дөй курулуш жайлары талкаланган.

Кофи Аннан Косоводогу албан лидерлерин ошол кол салуулар үчүн жооптуу адамдарды таап-жазалоо ишин жолго коюуга үндөдү. Анын жаңы доклады менен коомчулукту тааныштырган Улуттар уюмунун басма сөз өкүлү Фред Экхард Косово парламентинин аймактын конституциясына өзгөртүүлөр киргизүү демилгеси да терең тынчсыздануу жаратып жатканына көңүл бурду.

- Косово парламентинин конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү аракети – бул жыйындын колундагы иш эмес, ошондуктан бул да болсо Косоволук саясатчылардын алысты көрө албай жатканын айгинелейт.


Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши бейшембиде Косово маселесин талкуулаганы турат. Дипломаттардын айтымында, анда 5 жылга Улуттар уюмунун протектораты, же саясий көзөмөлүнө алынган Косово аймагын башкарууну реформалоо багыттары талкууга алынмакчы.

Бул маселеге арналган Норвегиялык дипломат Кэй Эйедунун кеңири баяндамасынын кыскартылган мазмуну Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө алдын-ала таратылды. Элчилердин айтымында, Эйеду мырза Косового өз алдынча статус берилер алдында аймакта айрым "стандарттар саясаты" киргизилишин сунуш кылууда. Алардын арасында Норвегиялык элчи Косоводогу албандардан башка улуттардын өкүлдөрүнүн жашоо шарттарын жакшыртууну талап кылууга басым жасаган.

Айрыкча алардын ары-бери каттоо, жер которуу эркиндиги, мектеп-жогорку окуу жайларында өз тилинде билим алуу, гезит-журналдарды чыгаруу мүмкүндүктөрүн түзүп берүү керектиги айтылган.


"Ушундай шарттар аткарылса гана Косоводогу албан бийликтери аймакты саясий-экономикалык, юридикалык жактан башкарууга жана жер-жерлердеги акимчиликтерди көзөмөлдөөгө даяр болот", - деп белгилеген Норвегиялык элчи Кэй Эйеду.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине ушул айда төрагалык кыла турган Орусиянын элчиси Андрей Денисов шаршембиде Косово тууралуу буларды билдирди:

- Март айында Косоводо болгон кандуу окуялар аймактын тегерегиндеги маселени курч мүнөзгө өткөрдү. Көпчүлүктүн көңүлүн кайт кылган ал окуялар Коопсуздук Кеңешиндеги талкуулар учурунда далай талаш-тартыш жаратчудай.

Орусиялык элчи андан ары Москва Норвегиялык дипломат сунуш кылган Косовону "өз алдынча статус алдындагы стандарттарга" өткөрүү планын келерки жылдын ортосуна чейин токтото турууну жактай турганын белгилей кетти. Ошондой эле Кремль баштагыдай эле Белграддын Косовону акырындап борбордук бийликке баш ийдирүү пландарын колдомокчу.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG