Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

БУУнун АДАМДАРЫН ИРАКТА КОАЛИЦИЯ КАЙТАРАТ


БУУнун башкатчысы Кофи Аннандын билдиргенине караганда, азырынча Иракка уюмдун атайын күчтөрүнүн курамында өз аскерлерин жиберүүгө даяр бир да өлкө чыкпады. Андыктан уюм эми Иракта АКШ баштаган коалиция аскерлеринин жардамына муктаж болот. Мунун аралыгында Кошмо Штаттар Иракта адамдарды уурдап кетип жаткан согушкерлердин талаптары аткарылбасын дагы бир жолу кайталады. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө айтылгандай, Вашингтондун мындай турумун азыр Ирактагы аскерий коалицияга кирген өлкөлөрдүн баары колдойт.

Былтыр жайда Багдаддагы кеңсеси жардырылып, уюмдун өкүлү баштаган 22 адам каза тапкандан кийин, БУУ өз кызматкерлерин бул жактан чыгарып кеткен эле. Эми бир жылга жакын убакыттан соң БУУ Иракка кайра кайтып барууда. Башкатчы Кофи Аннан БУУнун пакистандык дипломат Ашраф Жехангир Гази баштаган чакан тобу Иракка жөнөтүлүп жатканын шаршембиде ырастады. БУУнун дипломаттары биринчи кезекте Ирактын эки аптага жетпеген убакыттын аралыгында өтүүчү жалпы улуттук конференциясын уюштурууга көмөктөшмөкчү. Бирок башкатчы Кофи Аннан маалымдагандай, азырынча бир да өлкө уюмдун атайын күчтөрүнүн курамында Иракка өз аскерлерин жөнөтүүгө макул болгон жок. БУУнун аскерлерине ириде уюмдун Ирактагы кызматкерлерин коргоо милдети жүктөлмөк. Андыктан эми уюм Иракта АКШ баштаган коалиция аскерлеринин жардамына муктаж:

-Иракта кызматчыларыбызды, мүлкүбүздү коргоого жөндөмдүү аскерлерди жиберүүгө өкмөттөрдү тартуу аракетибизден ийгилик чыкпады. Ушуга байланыштуу практикалык жүйөөлөрдөн улам биз көп улуттуу күчтөрдүн жардамына таянууга муктажбыз.

Адеп башында БУУнун Ирактагы бейпилдик күчтөрүн түзүүгө негизги салым кошуучу өлкө катары Пакистан каралган эле. Башкатчы Кофи Аннан Ирактагы өкүл кылып пакистандык дипломатты тандашы да ушуга байланыштуубу деген ойлор болгон. Бирок Пакистан мындай ишке барган жок. Өлкөнүн маалымат министри Ахмед Рашид Исламабад учурдагы жагдайда Иракка өз аскерин жөнөтө албасын апта башында жарыялаган.

АКШдагы тышкы байланыштар боюнча кеңештин эксперти Ли Фейнстейн Ирак үчүн чечүү учурда БУУнун аскерлерин түзүү мүмкүн болбогону АКШнын жана Коопсуздук Кеңештин дипломатиясынын ийгиликсиздиги деп эсептейт. Мунун тамыры президент Буштун администрациясы Иракка БУУнун санкциясыз эле согуш ачкандыгында жатат:

-Биз көрүп жаткандай көп өлкөлөр Ирак боюнча чечим кабылуу алуудан мурда АКШдагы президенттик шайлоонунун жыйнтыгын күтүшүүдө. Менимче бул кубанаарлык жагдай эмес, америкалыктар, европалыктар жана башкалар өкүнүшөт деген сыяктуу.

Ал эми Нью-Йорктогу Колумбия университетинин БУУ боюнча эксперти Эдвард Лак уюм азыр да Иракка өзү үчүн жагымсыз кырдаалда кайтып барууда деген ойдо:

-Адатта боло жүргөндөй БУУ мүчө өлкөлөрдөн кеңири колдоо жана мунаса жаралган учурда өтө жакшы иштейт. Ал жок болгон учурда, көпчүлүк кезде БУУ таасири анчалык болбой калат. Азыркы иште болсо БУУ үчүн жогото турган нерселер көп. Азыр чынында көп жагынан караганда уюм үчүн үмүтсүз кырдаал.

Ирактын бийликтери алдыдагы улуттук конференциядан тышкаары БУУдан келерки жылдын январына белгиленген шайлоону уюштурууга да жардам күтүүдө.

Мунун аралыгында АКШ Иракта адамдарды уурдап кетип жаткан согушкерлердин талабы аткарылбасын дагы бир жолу кайталады. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө айтылгандай, азыр Вашингтондун мындай турумун Ирактагы аскерий коалицияга катышкан 31 өлкө колдойт. Мамдепартаменттин өкүлү Ричард Баучердин айтымында, жакынкы күндөрү коалияга кирген калган өлкөлөр да ушундай билдирүү жасашмакчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG