Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

ИРАКТА КЫРДААЛ ООР


Азиза Турдуева, Прага Ирактын Неджеф шаарында АКШнын аба күчтөрү, Ирактын коопсуздук күчтөрү менен шийилердин радикалдык тобунун лидери Мохтад ас-Садрдын аскерлеринин ортосундагы кагылышуулар уланууда. Ас-Садрдын аскерлерине каршы чабуулдарга АКШнын жана Италиянын Ирактагы аскер күчтөрү катышууда. Серепчилердин айтымында, бул Иракта соңку мезгилде орун алган эң ири кагылышуулардын бири болуп жатат жана ал дагы канча мөөнөткө созулат - азырынча белгисиз.

Соңку күндөрү Ирактагы шийилердин ыйык шаары Неджефтеги кагылышууларды Моктад ас-Садр токтотууга чакырды. Анын өкүлү Ахмед аль-Шайбани “Ассошиэйтед пресс” агенттигине “Садр биз тынчтык жөнүндөгү макулдашууну карманып жатабыз, америкалык аскерлер да бул макулдашууларды сакташы керек” деп билдиргенин маалымдады.

Ошону менен бирге, козголоңчулар Ирактан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылып кетмейинче күрөштү уланта берээрин да эскертишти. Моктад ас-Садрдын башчылыгындагы радикал шийилер тобунун атынан таратылган билдирүүдө “Биз Ирак элине жана бүткүл дүйнөгө тынчтыкты каалайбыз. Бирок биз оккупацияга жана кордоого каршы күрөшүбүздү улантабыз. Каршылык көрсөтүү - бул кылмыш эмес, бул биздин мыйзамдуу укугубуз”, деп жазылган.

Буга байланыштуу ас-Садрдын атын атабаган өкүлү мындай деп билдирди:

- Биз бардык чалгын кызматтарына жана Иракты кыйратуу максатын көздөгөндөргө эскертебиз. Биз Иракты баскынчылардан бошото турган күчпүз.

АКШнын командачылыгынын маалыматтарына караганда, Неджефтеги кагылышуулар Моктад ас-Садрдын аскерлери полиция имаратына чабуул койгондон кийин башталган. АКШнын аскер командачылыгы муну менен козголоңчулар июнь айындагы кандуу кагылышуулардан кийин кол коюлган тынчтык келишимин бузушкандыгы жөнүндө айтышууда.

Ал эми Моктад ас-Садрдын аскерлери болсо чабуулду биринчи полиция кызматкерлери жана америкалык деңиз аскерлери ачышты деп айтышат. Баср шаарында болсо Садрдын тарапкерлери ал жердеги британиялык аскерлерге жихад жарыялашты. Бул бийлик тарабынан “Махди” армиясынын төрт өкүлү камакка алынгандыгына байланыштуу болду.

Моктад ас-Садрдын башчылыгындагы козголоңчулар алар Ирактын аскерлери менен полициясына эмес, чет өлкөлүк аскерлерге каршы жихадды баштаарын билдиришти. Козголоңчулар, ошондой эле, “Махди” армиясынын өкүлдөрүн камакка алуу Басрада да, Неджефтегидей кырдаалды түзүү максатында жасалды деп айтышууда. Британиялык аскерлердин маалыматтарына караганда, бейшембиде алар менен козголоңчулардын ортосунда кагылышуу болуп, эки козголоңчу набыт кетти.

Ошол эле учурда Багдаддан түштүккө карай 75 чакырым алыстыкта жайгашкан Махавиль шаарында полиция имаратына жакын жерде болгон жардыруудан кеминде 5 адам набыт кетип, 20га жакыны жаракат алышты.

Ал эми Ирактын Анбар провинциясынын губернатору Абдул Карим Бергес өзүнүн үч уулун барымтадан бошотуу үчүн ээлеген кызматынан баш тарткандыгын жарыялады:

- Мен - Абдул Карим Бергесмин. Мен кудайдын жана баарыңардын алдыңарда буга чейин мужахиддиндерге каршы жасаган аракеттерим, америкалыктар менен кызматташканым үчүн терең өкүнүчүмдү билдирем жана өз кызматымдан баш тартканымды жарыялайм.

Азырынча Ирактагы шийилердин радикалдуу тобунун лидери Моктада ас-Садрдын аскерлеринин жана Ирак бийлигинин күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуулар дагы канчага созулаары белгисиз.

Кечээ болсо АКШнын мамлекеттик департаменти Ирактагы барымтачылардын талаптарын Ирактагы аскер өнөктүгүнө катышкан өлкөлөрдүн бири да аткарбайт, терроризмге каршы биргелешкен күрөшүүнү улантат деген мазмундагы билдирүүсүн тараткан.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер мындай билдирүүлөр коалицияга кирген 31 мамлекет тарабынан да жакынкы күндөрү жасалаарын маалымдаган. Азырынча бул билдирүүнү Болгария, Улуу Британия, Жаңы Зелландия, Эстония, Словакия, Сингапур, Литва, Казакстан жана башка өлкөлөр колдоп чыгышты. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, азырынча бир да өлкө Иракка уюмдун көзөмөлү астында аскерлерин жиберүү ниетин бирдире элек.

XS
SM
MD
LG