Нажафтын жашоочулары ишембиде "Ассошиэйтед пресс" агенттигинин кабарчысына шаардын чаң-түтүнгө чулганган көчөлөрү ээнсиреп, дүкөндөр жабык турганын, айрым жерлерде адамдардын өлүктөрү жатканын айтып беришкен. 3 күндөн бери бул шаарда жана анын тегерегиндеги аймактарда радикал шийи лидери Моктада ас-Садрдын согушкерлери менен АКШ аскерлери ортосунда олуттуу салгылыштар жүрүп жатат. Британиялык "Гардиан" басылмасы Америкалык учактардын аба жапырыктарынан Нажафта катардагы 20дай тургун шейит кеткенин билдирди.
Жума күнү кечинде Америкалык командачылык эки күн ичинде ас-Садрдын 300дөй согушкери жок кылынды деп маалымдады эле, эртеси радикал шийи тобунун басма сөз өкүлү бардыгы 36 жоокерди жоготтук деп жарыялады. Ирактык шийилердин эң ыйык жайы саналган Имам Али күмбөзү жайгашкан Нажафта ошентип, июнь айында коалициялык күчтөр менен ас-Садрдын тарапкерлери ортосунда жетишилген ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу бузулуп, 3 күндөн бери кан төгүү уланууда. Ал макулдашуу бузулганына эки тарап бири-бирин күнөөлөп жатат. Жума күнү Нажафтын акими Аднан ал-Зуруфи бул аймакта кандуу уруш жүрүп жатканына радикал динаятчы Моктада ас-Садрдын согушкерлерин айыптады:
- Нажафтагы элдешүүдөн кийинки бейпилдикти мүрзөлөр арасына кире-качкан ас-Садрдын жоокерлери бузушту. Дал ошолор – адамдардын өлүмүнө, каракчылык, киши уурдоого, элдин башына түшкөн мүшкүлдүн баары үчүн жоопкер.
Америкалык командачылык Нажафтагы салгылаштарда эки аскери курман болуп, 10дон ашууну жараат алганын билдирди. Ишембиде Багдаддагы атышууларда АКШнын дагы бир аскери набыт болгону кабарланды. Жума күнү Американын согуштук авиациясы Нажафтын тегерегинде согушкерлердин ыктымал базалары жайгашкан жерлерге ракеталык чабуул койду, шаардагы айрым шектүү жерлерге сокку урду.
Моктада ас-Садрдын согушкерлери америкалыктар шийилердин ыйык жайы – Имам Алинин мавзолейине зыян келтирди деп өз диндештерин алардан өч алууга үндөп чыкты. Ошондой эле ас-Садрчылар Ирактын убактылуу өкмөтүн АКШнын аба чабуулдарын токтотууга чакырды.
Ирак өкмөтүнүн өкүлү Сабах Кадим жума күнү кечинде өткөн маалымат жыйынында: "Моктада ас-Садрдын кылмыштуу тарапкерлери шийилердин ыйык жайынан сүрүлүп чыгарылмайынча салгылаштар токтотулбайт. Ас-Садрдын өзү кайда жашырынып жатканы белгисиз. Бирок Нажафтагы жана жалпы Ирактагы бейпилдикке залака келтирип жаткан анын кылмыштуу кыймылын токтотуу зарыл", - деп белгиледи.
Күбөлөр Моктада ас-Садр Нажафтын четиндеги Куфа мечитинде жума намазга чогулгандарга кайрылып: "Америка – биздин душманыбыз, биз алар менен эч убакта өнөктөш болбойбуз", - деп айтканын маалымдашты.
Ишембиде Багдад, Насирия, Басра жана Самарра шаарларында козголоңчулар коалициялык күчтөргө каршы курал көтөрүп чыгышканы кабарланууда.