Акыркы жылдардын аралыгында жүргүзүлүп жаткан улуттук тестирлөө - билим берүү тармагындагы эң маанилүү маселеге айланды. Жогорку окуу жайларга мамлекеттик гранттын негизинде кабыл алуу жолго коюлуп, бул системадагы коррупциянын кенен кулач жаюусуна кескин бөгөт коюлду. Улуттук тестирлөө тек гана окуучулар тарабынан гана эмес, алардын ата-энелери тарабынан да оң бааланып келет дейт байкоочулар. Буга дейре тестирлөө америкалык адисттер тарабынан уюштуруп келсе, эми аны өткөрүүгө өлкөнүн билим тармагындагы адистер да бышып жетилди деген ойлор жаралууда.
Бул багытта өз оюн Чүй университетинин ректору, профессор Султан Мамбеткалиев төмөндөгүдөй билдирди:
- Биз өзүбүз эле алып, өзүн-өзү каржылоого өтүп, баарын өткөрүп, объективдүү рейтингге алуу керек. Мисалы, Чүйдүн мугалимдерин командировкага баткендиктер алсын. Бирок баарына бирдей тест түзүлүп туруп эле, эч кимди жолотпой, эч ким менен сүйлөштүрбөй байкоочу болуп берсин. Ошондо объективдүү болот.
Улуттук тестирлөө окуучунун билимин адилет баалоонун негизги рычагы болуп калды дейт ата-энелер. Мына ушул ойду быйыл уулу мектепти алтын сертификат менен бүтүргөн Касиет Ташыбекова мындай мааниде бекемдеди:
- Уулум адилеттүү баа алды, мектепте жакшы окучу өзү. Президенттин колунан алтын сертификатты алды. Биз аябай сыймыктанып атабыз.
«Азаттык» радиосунун талкуу клубунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, билим жана илим комитетинин мүчөсү Мухтар Орозбеков быйыл өлкө мектептерин бүтүргөн окуучулардын 50 пайызы улуттук тестирлөөгө кирбей калгындыгын баса белгиледи:
- Ушул республикалык тесттен милдеттүү түрдө ар бир бүтүрүүчү өтсүн. Быйыл 50 пайызы камтылбай калды. Ошол камтылбай калгандар коррупция деп, бардыгы кошумча контракттарга экзамен тапшырып жатышат. 100 пайыз мамлекеттин эсебинен камтылса ар бир окуучу катышмак.
Ошондой эле депутат Мухтар Орозбеков улуттук тетсирлөөнү өлкөнүн билим берүү тармагынын адистерине берүүгө мезгил жетти, аларга деле ошол чет элдик адистердей эмгек акы төлөп берсек, эч кандай коррупцияга барбайт эле деген ою менен бекемдейт:
- Азыр бизде тесттен өткөрүп алып аткан америкалыктардын айлыгын кыргыз мугалимге берсе, ошол мугалим 2 миң, 3 миң доллар айлыкка атасын өткөрбөйт, бербесе баласына баа койбойт. Экинчи себеп, азыр америкалыктардан үйрөндүк, рахмат дешибиз керек. Андан ары өзүбүз кетшибиз керек. Алар бизге балык кармаганды үйрөттүбү, эми балыкты өзүбүз тута берели.
Ошол эле мезгилде, айрым окумуштуулар жана ата-энелер эгер тестирлөөнү америкалыктардан кыргыздар өздөрүнө өткөрүп алса, анда көп убакыт өтпөй эле кайрадан коррупцияга, паракорчулукка жол ачылат деген пикирлерин да айтышууда.
Чындыгында эле улуттук тестирлөөнүн киргизилиши билим тармагындагы чоң сапаттык бурулуш катары бааланды. Албетте, көч бара бара түзөлөт дегендей азыркы учурдагы айрым оош-кыйыштарды мезгил өзү оңдойт дейт байкоочулар.