Шайлоо жарышы быйыл октябрь айынан тарта башталат. Алгач жергиликтүү кеңешке талапкерлер эл сынынан өтүшөт. Адистердин айтымында, жергиликтүү кеңеш депутаттыгына жетекчилерден арбын шайланат. Анын үстүнө көпчүлүк арасында жергиликтүү кеңештин ишине кызыккан киши аз.
Кезектеги жергиликтүү кеңеш, Жогорку Кеңеш, президент, айыл өкмөттөрүн шайлоо жаңыланган Конституцияга ылайык кайра жазылган Шайлоо кодексинин негизинде өтмөкчү. Буга чейинки шайлоо тажрыйбаларынан сабак алуу, анан да Грузиядагы «жибек ыңкылабы» Кыргызстандагы бийлик каршылаштарын кыйла шердентип койгон белем, эмитен эле адилет шайлоо өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, жарандык коом бирикмелери активдүү аракетке көчтү.
Бишкекте ишин баштап аткан семинар шайлоочулардын билимин көтөрүү көздөйт. Жергиликтүү бийликтин барк-баасын жогорулатыш үчүн эмнелерди жасоо керектигин талкуулайт. Өткөндүн сабактарын эстеп эмнелерди жасоо керектигин ортого салат.
Демократия жана атуулдук коом үчүн бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Эдил Байсаловдун айтымында, семинарга бейөкмөт уюмдар арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү келишкен.
- Бүгүнкү семинар окутуу программасы эмне жөнүндө болот, кайсы пункттарга, кандай маалыматтарга биз өзгөчө басым жасашыбыз керек, кандай түрдө жеткиришибиз керек, кандай тил менен түшүндүрүп беришибиз керек – ошого арналып отурат, - деп белгиледи Эдил Байсалов.
Баткен облусундагы «Лейлек аялзат» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Назим Жалилова ушу тапта элдин шайлоону ойлошко буямасы келбей, күндөлүк тиричилиги менен алек болуп атканын айтты:
- Азыр айыл эли башка түйшүктө жүрөт. Жыйын-терим дегендей, күз күрөш дегендей, күз келип атат. Бардыгы чөп чабуу, эгин жыйноо менен убара. Шайлоого мен жүгүрүп барат элем, деген адам азыр айылда жок. Ой башкада азыр.
Талас облусундагы «Леди Ширин» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Күлүмкан Шабданбекова депутаттар шайлоо алдында гана элди эстеп, айыл-айылга чабагандап тез-тез каттай башташат деген пикирде.
- Азыртан алдын-ала, шайлоонун так күнү белгиленбесе да, шайлоого кызыгуу туулуп атат. Депутаттарыбыз кандидат болор алдында эле тапырап же шайлоонун учурунда чуркап барып атчу да. Өткөндөн кийин алар элге көбүрөөк барбай калган учурлары болот. Бул жашырын иш эмес да ар кимибизге. Бирок, быйыл жайдан тарта ушу тапта иштеп аткан депутаттарыбыз элге тез-тез барып элдин акыбалын сурай башташты.
Кыргызстан шартында шайлоону калыс жана ачык өткөрүү өтөле оор проблема. Экономикалык оорчулуктун айынан ишке жарамдуу айылдык калктын көбү жер которуп шаарга көчүп келишкен, кыйласы чет жерге иштеп кетишкен. Шаардан орун-очок алгандардын көбү паспорттук каттоого туруша элек, базарга жакын үйлөрдү батирге алып жашап жатышат. Шайлоочулардын тизмесин түзүү, тактоо жумушу жергиликтүү бийликке берилген. Ошондон паспорту каттала элек жарандар, чет жерде жашап-иштеп жүрүшкөндөр шайлоого катышпай калышы толук ыктымал. Буга чейинки шайлоодогу көз боемочулуктардын көпчүлүгү катышпай калгандардын эсебинен жасалып келген.