Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

ПАКИСТАН: АНТИӨКМӨТТҮК ЧОҢ ТОПТУН БАШТООЧУСУ САЙФУЛЛА КАРЫ “ТУЗАККА” ТҮШТҮ


Талибдер кезинде Ооганстандагы эң чоң машыгуу базаларынын бирин жетектеген Сайфулла Кары Актар колго түштү. Дубайда кармалган Сайфулла карыны Бириккен Араб Эсирлигинин коопсуздук кызматы Исламабадга өткөрүп бергенин жекшемби күнү Пакистан өкмөтү ырастады. Президент Буштун администрациясы Актар Кары Пакистандын президенти Первез Мушарафка каршы кол салууну уюштурду деген шектенүүсүн билдирди. Андан бир нече күн илгери Пакистанда тыйуу салынган “Харакат ул-Мужахиддин” тобунун ана башы Фазал- ур Рехман Халил кармалган болчу.

Пакистандын маалымдоо министри шейх Рашид Ахмед 8- август күнү Исламабадда Сайфулла Карынын камакка алынуусуна байланыштуу мындай билдирүү жасады:

- Биз Сайфулла Кары Ахтардын камалганын тастыктайбыз. Ага көптөн бери издөө салып, лекин кармай албай жүргөнбүз. Бизге анын кайда жашырынганы белгисиз болчу. Биз Бириккен Араб Эмирлигинен кабар алдык жана аны бизге өткөрүп беришти. Азыр ал биздин колубузда.

Сайфулла Кары Актар узак жылдар бою түрдүү улаттардын өкүлдөрүнөн куралган “Харакат –ул –Жихад –и-Ислами” тобун жетектеген. Бул топтун согушчандары, Батыш маалымат булактарынын билдиришинче, Чеченстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Босниядагы чатактарга катышкан. Талибдердин бийлиги талкалангандан кийин, Актар Пакистанга, андан ары Жакынкы Чыгышка жылып кеткен. Топко президент Мушарраф тыйуу салганы менен, ал Пакистандагы ишмердүүлүгүн токтоткон эмес.

Шейх Рашид Ахмеддин сөзүнө караганда, Сайфулла Карыны кармоонун июль айында Ахмед Калфан Гайлани же Мухаммад Наем Нурханды камакка алуу менен эч кандай байланышы жок. “Ал-Каида” менен байланышта иштегени белгилүү Нурхан, Пакистандын чалгындоо кызматынын өкүлүнүн айтымында, Сайфулла Кары менен жакын кызматташкан болушу мүмкүн.

Пакистандын маалымдоо министри шейх Рашид Ахмед пресс-конференцияда бийликтер “ал-Каидага” каршы күрөштү түрдүү багытта жүргүзүп жатканына да токтолду:

- Биз таанымал адамдарды колго түшүрдүк. Биз эч качан майда-барат адамдарды же катардагы чабармандарды камакка алууга умтулбадык. Биз (террорчулардын) пландоочуларын издеп жатканбыз. Менин оюмча, акыркы кол түшүрүүлөр алардын ишмердүүлүгүн өзгөртөт. Эми алар чоң обьектилерди бутага ала алышпайт же алар үчүн каалаган нерсесин жасоо жеңил болбойт.

Пакистан жетекчилигинин айтымында, Бириккен Араб Эмирлигинде, Британияда жана өлкө ичинде согушчандардын кол башчылары болуп, жыйырмадан ашуун террорчу деп шектелген адамдардын камакка алынуусу терроризмге каршы күрөш жаңы деңгээлде жүрүп жатканын күбөлөйт.

Пакистандын ички иштер министри Файсал Салех Хаят акыркы бир ай ичиндеги коопсуздук күчтөрүнүн аракети террорчулардын болчок пландарын бузду деген ишенимде:

- Алдыдагы жумаларда жана айларда биз террорчулардын акыл борборлоруна сокку урууну күчөтөбүз. Бул өтө маанилүү жана таасирлүү, сокку урууга кыйын обьекттер. Арийне, мындан “ал-Каида” чоң залал тартат.

Талдоочулар компьютер боюнча мыкты адис эсептелген Нурхандын камакка алынуусу “ал- Каидачылар” үчүн чоң жоготуу болгонун жапырт белгилешүүдө.
Маалыматтарга караганда, Нурхан Пакистандын коопсуздук кызматтары менен иштешүүгө макулдук берди. Анын кызматташуусу башка дагы террорчулардын изине алып чыгаары шексиз.

“Нью-Йорк Таймс” гезити дагы башка маалымат булактарынын кабарлашынча, Нурхан берген маалыматтар ай башында АКШ бийликтеринин өлкө боюнча кошумча этияттык чараларын көрүүсүнө негиз болгон.

XS
SM
MD
LG