Орусияда эл льготаны советтик мыйзам негизинде алышат. Жаңы долбоор мызамга айланганда ошол советтик льгота жоюлуп анын ордуна акчалай жөлөк каражат берүү башталат. Ылдыйкы палата 6 августта, 309 - «маакулмун», 118 - «каршымын» добуш менен долбоордун үчүнчү жана акыркы окулушун жактырып, кабыл алган. Долбоор жекшембиде жогорку палатада сенаттар олтурумунда да каралып: 156 – «маакулмун», 5 – «каршымын» жана 1 – «калысмын» добуштар менен кабыл алынган. Эмики кезек президенттики ал кол койгондон кийин долбоор мыйзам болуп күчүнө кирет.
Анализчилер, ал мыйзамдын, 40 миллионго чукул орусиялыктарга тийиштиги бар дешет. Ошончо киши келе жаткан жылдын башынан тартып ар бир айда колуна пенсияларынан тышкары 450 рублейден жөлөк пул алып калышат. Бирок бул жагдай пенсиядагылар менен майыптар арасын кубантмак тургай кайра чочулоо жаратып атат. Маселен, Псков калаасынын тургуну Николай Колесников айтканга караганда:
- Пенсия деген пенсия. Ал - 2400рублей. Анын ичинен жашап аткан үй үчүн төлөө керек. Сууга, от жакканың үчүн төлөө керек. Аларга чегирип келгенден кийин ичкен ашыңа эч нерсе калбай калат, - дейт экинчи дүйнөлүк согушта жардар болуп кайткан карыя.
Мыйзамды колдоого алып аткан тарап болсо жаңы системанын максаты – жардамга айрыкча кардар болгондор үчүү кам көрүү болуп атат ошолорго колдоо көргөзүү болот дешет.
Ельцин тушунан кийин дымып, саясаттан качып калган орусиялыктар ушул долбоор талкууга алына баштагандан тартып кайра жандана баштады. Маселен, орусиянын баш калаасында, августун башынан бери 15дей коммунисттик жаштар саясий ачарчылык жарыялап, эки чатырда жашашты. Красноярскиде, Алтайда, Дагстанда да буга окшогон саясий ачарчылык өткөрүлдү. Маскөөдө күн сайын митингдер өткөрүлүп ага: КПРФ, Пенсионерлер партиясы, Яблоко партиясы, профсоюздар уюму жана башка коомдук уюмдар катышышты. Маскөөдө ачарчылык акциясына катышкан Дмитрий:
- Эмне себептен бийлик бизди уккусу келбегенин мен түшүбөймүн. «Революциялык аянтта» биз ачарчылыкта олтурган күндөрү (бийликтен – ММ) бир да киши жаныбызга басып келбеди.
Баса, орусиялык агенттиктер билдиргенге караганда, жаңы мыйзамды кабыл алууга караманча каршымын деген 80 миңге чукул кишинин колу коюлган кат президент Владимир Путиндин атына жиберилген. Калк арасынан келген маалыматта, маселен, Екатеринбург калаасынын доктуру Лилия Беленка, буга дейре мамлекет эсебинен бекер алып келген апсаптар чыгымы эле карган ардагерлерди ийинине кийириет. Эмне дегенде:
- Бүгүн орточо астматикке айына үч инголятор керек. Алар дүкөндө бир миң рублейден артык турат. Ай сайын бир миң рублейден акча төлөп аны сатып алып турууга ар бир эле кишинин чамасы келе бербейт, - дейт пулманолог доктур.
Жекшемби күнү Орусиянын жогорку палатасынын төрагасы Сергей Миронов журналисттерге айткан жарыясында:
- Бул мыйзамды колдоого алып кол көтөрүү үчүн Федерациялык Кеңештин мүчөлөрүндө жетишерлик негиз болду, - деди.
Сырттан көз салуучулар, «бул долбоорду Кремль сунуш этти эле. Ал, болгону, президент Путиндин турмушка ашырсам деген экономикалык кайра жаралуу мүдөөсүнүн бир өңүрү эле…» дешүүдө.