Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

КЫТАЙЛАРГА ЫСЫККӨЛДӨН ИЖАРАГА ЖЕР БЕРИЛЕБИ?


Ысыккөл облусунун администрациясы кытайлык компанияга Жетиөгүз районунун аймагынан 800 гектар жер берүү максатында сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатат. Эгерде бул ишке ашса Кыргызстанга пайдасы көп болобу, же зыяны?

Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиеванын билдирүүсүнө караганда, Ысыккөлдөн кытайларга ижарага жер берүү боюнча сүйлөшүүлөр мындан үч жыл илгери эле башталган. Бирок азыркы кезге чейин анын жыйынтыгы чыга элек. Ижарага жер берүүнүн пайдасы тууралуу Токон Шайлиева буларды билдирди:

- Бир миң жумуш орду түзүлмөк. 800 гектарга ижара акысы, жер салыгы, киреше үчүн салык төлөнмөк. Андан сырткары 200 миллион доллар инвестиция келмек.

Анын айтымында, жер алууга ниет кылган кытай компаниясынын финансылык кудурети текшерилип, сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бирок Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Чжан Яньнянь “Ыссыккөлдөн ижарага жер алуу боюнча келишимге кол коюлду, бирок аны турмушка ашырууда кыргыз тараптан маселе чыгып жатат”, деп билдирген эле. Маалыматка караганда, 800 гектар жерди 49 жылга ижарага берүүгө аракет жасалууда. Ал жерге кытайлыктар шаарча куруу ниетин билдирүүдө.

Бирок бул иште толук ачыктыкты талап кылган үндөр чыгууда. Маселен, өткөн жума соңунда “Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюму кытай компаниясы менен түзүлгөн келишим тууралуу толук маалымат берүүнү талап кылып, президентке жана Ысыккөл облусунун губернаторуна кайрылды. Төлөкан Исмаилова:

- Муну Жогорку Кеңеш, жергиликтүү кеңештер аркылуу чечиш керек. Бир жылга берилеби, тогуз жылга берилеби-анын баарын коомчулук, журналисттер, эл билип, андан кийин чечиш керек.

Анын айтымында,миллиарддан ашкан калкы бар Кытай өлкөсүнө 49 жылга жер берүүдө өзгөчө аярлык керек.
Ыссыккөл уникалдуу биосфералык аймак деп табылган. Аны коргоого эл аралык деңгээлде көңүл бурулаары ЮНЕСКО чечими менен такталган. Ал эми кытайлык фирмалар айрым учурларда экологияга көп зыян алып келүүдө дейт Төлөкан Исмаилова:

- Мисалы, Ивановка айылында кытайлык “Панда” деген фирма иштеп кеткен. Бүгүнкү күндө анын айынын жергиликтүү адамдардын денелерине жара чыгып, хромдун калдыктары сууга кошулуп, эл жабырка жатат. Кытайдын тери иштетүүчү ал фирмасы жабылса дагы, анын уу калдыктарын эмне кылабыз деп жергиликтүү тургундар өкмөт башчы Танаевге чейин кайрылышууда.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алишер Абдымомунов чет өлкөлүктөргө ижарага жер берүүгө мыйзам жол берерин айтып, бирок келишимдин шартын өлкө пайдасына жараша түзүү зарыл деген оюн билдирди.

Ал эми Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын лидери Жыпар Жекшеев бул маселе боюнча мындай оюн ортого салды:

- Жетигөгүз районунан 800 гектар жер 49 жылга ижарага берилет деген сөз көптөн бери айтылып келатат. Ал кандай шарт менен берилет? Алар ошол жерде өмүр бою кожоюндук кылып кала турган болсо-мына азыр көлдүктөр учурда көлдүн бардык жерине баралбай калды. Бардык жерлер курчалып жатат. Анда бизге анын пайдасы жок. Эгерде,көзөмөлдүк Кыргызстан тарабында кала турган болсо-анда сөз башка.

Айрым маалыматтарга караганда, Кытай компаниясына жер берүүгө кыргыз жетекчилиги эмес, Россия караманча каршы чыккан. Москва-көл жээгинде жайгашкан коргонуу багытындагы “Озеро” аттуу ишкананын сырларын алууга кытайлыктарга жол ачылат деген санаркоого байланыштуу каршы болгон. Кыргыз өкмөтүнүн атын атагасы келбеген жооптуу кызматкеринин айтымында, Ыссыкөл жээгинен Кытай компаниясына жер берүү Кыргызстандын да бир катар министрлик, мекемелери менен макулдашылган эмес. Ошондуктан, бул маселеде эки анжылык байкалууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG