Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:14

СУДАН ӨКМӨТҮ ДАРФУР ЧӨЛКӨМҮНДӨ ТЫНЧТЫК ОРНОТУУ ПЛАНЫН БЕКИТТИ


Судан өкмөтү өлкөнүн батышындагы Дарфур чөлкөмүндө “коопсуздук аймактарын” түзүү боюнча Улуттар Уюму менен чогуу иштелип чыккан планды бекитти. План эгер 30 күн ичинде аткарылбаса, Улуттар Уюму Суданга каршы катаал чара колдонушу ыктымал. Ага жеткирбөө үчүн, ырасмий Хартум азыртан эле Араб Лигасынан жардам издеп, мөөнөттү узартуунун айласын издөөдө. Араб Лигасына мүчө 22 өлкө да Суданга каршы экономикалык жана дипломаттык санкцияларды киргизүүгө каршы экенин билдирди.

Судан өкмөтү бекиткен планга ылайык, бийликтер 30 күн ичинде батыштагы Дарфур чөлкөмүндө этникалык тазалоо жүргүзүүдө деп күнөөлөнүп жаткан араб согушчулары- жанжавиддерди куралсыздандырып, коогалуу а
ймакта тынчтыкты орнотушу шарт.

Планды Судандын тышкы иштер министри Мусатфа Осман Ысмайыл жана БУУнун элчиси Жон Пронк чогуу иштеп чыгышты.
Өкмөттүк “Омдурман” радиосунун маалымдашынча, жаңы планга ылайык, качкындардын Дарфурга кайтып келүүсүн камсыздоо жана аларга гуманитардык жардамдарды жеткирүү үчүн жолдор, кыштактар менен лагерлер күзөткө алынат. “Коопсуздук аймактары” түзүлөт. Бул жерлерде козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөрдүн ок атуусу токтотулат.

Ырасмий Хартум өкмөтчүл жанжавиддер куралын тапшырганын тастыктагандан кийин, кара түстүү жергиликтүү африкалыктардын таламын коргогон адаватчылар да Африка Союзу жана башка эл аралык уюмдардын байкоочулары астында каруу жарагын тапшырышы абзел.

Бу план БУУнун Коопсуздук Кеңеши 30-июлда жанжавиддердин зобун-зордугу 29-августка чейин токтотулбса, Суданга каршы экономикалык жана дипломаттык санкциялар колдонулаарын эскерткен резолюцияны бекиткенден кийин гана кабыл алынды.

Улуттар Уюмунун элчиси Жон Пронктун билдиришинче, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Дарфурдагы жагдайга кылдат көз салып турат:

- 30 күндөн кийин Коопсуздук Кеңешинде доклад жасалат. Жагдай олуттуу өзгөрбөсө, Коопсуздук Кеңеши докладдын негизинде чечкиндүү чара кабыл алат. Коопсуздук Кеңеши Судандын өкмөтү коопсуздукту камсыздоо жаатында олуттуу жылыштарды жасоосун каалайт.

Жон Пронктун сөзүнө караганда, азыр Судандын өкмөтүнүн негизги милдети- зобун-зордукту тыйуу жана гуманитардык жардымдын жеткирилишин камсыздоо болуп саналат:

- Судан өкмөтү өзгөчө аракеттенүү планы боюнча алган милдеттенмесин аткарбаса, Коопсуздук Кеңеши башкача чара көрөт. Топ азыр Судан өкмөтү тараптагы бурчта.

Араб Лигасына мүчө 22 өлкөнүн тышкы иштер министрлери жекшемби күнү Каирде чукул чакырылган жыйында Улуттар Уюмунун Суданга каршы катаал чара колдонуусун же Батыш өлкөлөрүнүн аскерлерин Дарфур чөлкөмүнө тынчтык күчтөрү катары киргизүү идеясын колдогон жок. Тескерисинче, Африка Союзунун Дарфурдагы гуманитардык кризисти тереңдетпей токтотуу сунушун колдоду. Лиганын башкатчысы Амр Мусанын маалымдашынча, Түндүк Африканын араб өлкөлөрү Дарфур чөлкөмүнө тынчтык күчтөрүн жөнөтүүгө даяр. Ал эми Африка Биримдиги чөлкөмдөгү 150 адамдан турган байкоочулар миссиясын коргоо үчүн
1 800 чамалуу жоокерин берүүгө ынтызар экенин билдирди. Бирок, Судан өкмөтү
Африка Союзунун сунушун четке кагып, келечекте Дарфурдагы эл аралык байкоочулар миссиясына тынчтык күчтөрү вазийпасы берилүүсүнө каршы.

Улуттар Уюмунун эсеби боюнча, дарфурлук көчмөн арабдардын куралдуу топтору менен жергиликтүү африкалык дыйкандардын ортосунда 15 айдан бери жүрүп жаткан чатакта 50 миңдей адам өлдү. 1 миллиондон көп адам там-жайын таштап, коңшулаш Чадга жана башка жактарга бозуп кетти. Алардын көбү кара африкалыктар.

XS
SM
MD
LG