- Биз БУУнун мунайды азык-түлүккө алмаштыруу программасы боюнча такталган отчет жазууну көздөп жатабыз. Мындай отчетту даярдоого мандатыбыз да, кесиптик билим, тажрыйбабыз да жетет.
АКШ Конгрессинин тергөө кеңсесинин болжолунда, Ирактын мурдагы бийликтери бул программадан 10 миллиард долларды кымырып алышкан болушу мүмкүн.
Учурда бул ишти аталган комиссиядан тышкары, АКШнын Конгресси менен Юстиция департаменти жана Ирактын убактылуу өкмөтү иликтеп жатат.
Волкер жетектеген комиссия программа боюнча коррупциялык иштердеги Бириккен Улуттардын ролун аныктоону биринчи орунга коет, ошол эле мезгилде каражат агылган бардык багыттар да эске алынат:
- Иш чачтан көп, бүдөмүк жагдайлар да жетиштүү. Бирок биз сөз жок, БУУнун өзүн текшеребиз, ошондон кийин БУУдан сырткары жактарга карайбыз.
Волкер америкалык айрым тараптар ырастагандай, БУУнун жогорку жетекчилигинде бул ишке бут тосуу аракетин байкаган жок. Өз сөзүндө Волкер Ирактын мунайын сатып, түшкөн акчага Ирак элинин муктаж катмарлары үчүн азык-түлүк алууну БУУнун Секретариаты же администрациясы эмес, Коопсуздук Кеңеши өзү көзөмөлдөгөнүн белгиледи.
Аталган программа 1990-жылы Ирак коңшусу Кувейтке басып киргенден кийин Коопсуздук кеңеши жарыялаган санкциялардын негизинде кабыл алынган болчу. Ал Бириккен Улуттардын тарыхындагы эң ири гуманитардык программа болуп калды. Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө, Ирактын мунайы 61 өлкөдөгү 250 компанияга сатылган, ал эми азык-түлүк 3 жарым миң фирмадан алынып турган.