Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:26

ИРАК: АЛАВИНИН ЧАПЧАҢДЫГЫНАН МАЙНАП БОЛОБУ?


Нажаф шаарында согуш уланып жаткан чакта Ирактын өкмөт башчысы Аяд Алави катаң позициясын ого бетер күчөттү. Ал радикал шийилердин анабашы Муктада Садыр молдону январдагы шайлоого катышууга чакырып, бир эле мезгилде аны менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Мындай келишпес туруму менен Алавинин Садыр Молдо менен чатакты токтото алаары күмөн туудурат.

Мындан бир жарым ай мурда ишке киришкен Ирактын премьер-министри өзүн катаң жетекчи катары көрсөтүп келатат.

- Бул мунапыс киши өлтүргөн кылмышкерлерге тийешелүү эмес. Кылмышкерлер жазасын алышы керек.

7-августта майда кылмыштар боюнча 30 күндүк мунапыс жарыялаганда, Алави кандуу чабуулдарга катнашы барларга кечирим болбой тургандыгын ушундайча бышыктады. Премьердин айтканы айтканындай, дегени дегендей болоорун далилдеп, кийинки күнү анын өкмөтү өлүм жазасын кайра күчүнө киргизди. Бул чаралар июндун аягында ишке киришкен Алавинин кайраттуу жетекчи экендигин дагы бир ирет бышыктады. Бирок катуу кеткен өкмөт башчысын Нажафтагы кырдаал "кынына киргизип" коет шекилдүү.

Ушул дүйшөмбүдө Алави Кара Бүркүт деп аталган АКШ армиясынын согуштук тикучмасына минип алып, Багдаддан Нажафка учуп келди. Америкалык генералдар менен жолуккандан кийин ал Иракка каршы ок аткандар менен сүйлөшпөй тургандыгын жарыялап, куралчандардан Нажафтан чыгып кетүүнү талап кылды. Алави Садыр молдодон аскерлерин куралсыздандырууну талап кылганы менен, молдонун өзүн январ айындагы шайлоого катышууга чакырды.

Азырынча Садыр Молдо жана анын Мехди армиясы Алавинин шартын кабыл алган жок. Тескерисинче, шаршемби күнү молдо өз жолдоочуларын америкалык аскерлерге каршылык көрсөтүүнү улантууга үндөдү.

Фаллужада да америкалык аскерлер козголоңчулар менен сүйлөшүүдөн баш тартып жатып, акыры мунасага келүүгө мажбур болгон эле. Фаллужанын мурдагы аскерлеринен куралдуу күч түзүлгөн, бүгүн шаар АКШнын көзөмөлүнө чыгып калган.

Риме Алаф Лондондогу Эл аралык Иштер боюнча Падышачыл Институттун Жакынкы Чыгыш боюнча эксперти. Анын айтымында, душмандарга сес көрсөтүп, элге жаккысы келген Алавинин катаң туруму Фаллужадагыдай, аны Нажафта жеңилүүгө кириптер кылышы мүмкүн:

- Алави мындан утпайт. Ал катаң бийлик жүргүзүп, мыйзамдуулукту жана тартипти калыбына келтирем десе, америкалыктарга кайрылууга аргасыз болот. Ал эми ыкка келем десе, Фаллужадагыдай, козголоңчулар менен ийкемдүү болушу керек. Башка айласы жок.

Нажафта бир жумача мурда башталган салгылаш токтой элек, ал эми Ирак президентинин орун басары Ибрахим Жафари Кошмо Штаттары баштаган коалицияны Нажафтан чыгып кетип, согушту токтотууга чакырды. Өкмөт башчысы ишин токтотууга буйрук берген ал-Жазээра сыналгы каналындагы маегинде Жафари "бардык мусулмандардын ыйык шаары болгон Нажафтагы согушту токтотууну ирактык аскерлери баса алаарын айтып, Садыр молдо менен үзүлүшүп кетпөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG