Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

АВСТРИЯНЫН КӨМӨГҮ МЕНЕН КОМПЬЮТЕРДИК БОРБОР ЖАНА КОМПЬЮТЕРДИК ТЕХНОЛОГИЯ АДИСТЕРИН ДАЯРДОО БӨЛҮМҮ АЧЫЛДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 9-августан 12-августка чейин Кыргызстанда Австриянын Билим берүү, илим жана маданият министри баштаган делегация иш сапары менен болду. Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо боюнча алдына ала бир катар макулдашууларга жетишилди.

Австриялык делегациясыны аталган өлкөнүн Билим берүү, илим жана маданият министри Элизабет Геррер баштап келди. Чет элдик делегация Кыргызстандын мамлекет башчысы Аскар Акаев, Билим берүү министри Мустафа Кидибаев жана айрым жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушту. Билим берүү министрлигинин аппарат башчысы Чыныбек Ажибековдун айтымында, бул жолу Австриянын билим берүү министрлиги менен Кыргызстандын аймактарындагы жогорку окуу жайлардын байланышын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду. Мына ушул максатта Австриялык делегация менен Нарын, Ыссыккөл, Жалалабад мамлекеттик университеттеринин, Ош техникалык жана Бишкектеги Архитехтура, курулуш , транспорт университетинин жетекчилери жолугушту. Ар бир универсет биргелешип иштөө максатында Австрия тарапка экиден долбоор сунушташты. Австриялык делегациянын иш сапары учурунда Архитектура курулуш университетинде компьтердик борбор жана компьтердик технолгия боюнча адистерди даярдоо тууралуу бөлүм ачылды. Борбордун техникалык жабдуулары Австриянын каржылоосу менен сатылып алынды. Жолугушуу учурунда Ыссыккөл областтык университети электрондук китепкана ачуу, Ош технологиялык университети инженер жана компьютердик технология боюнча адистерди даярдоо тууралуу долбоолорду сунушташты. Австрия тарап алардын мындай өтүнүчтөрүн колдоп, ушул жылдын күз айлары Кыргызстандык делегация Австрияга иш сапары менен барганда соңку жообун айта турган болду. Ал эми Жалалабад университетинин жетекчилигинин дүйнөлүк Балун келишимине ылайык адистерди даярдоого көмөк көрсөтүү өтүнүчүнө Австрия тарап макулдугун берди. Аталган келишим тууралуу Билим берүү министринин аппарат башчысы Чыныбек Ажыбеков жуналистерге буларды айтып берди:

- Бул дүйнөдөгү айрым өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташуу боюнча келишим. Буга европанын көп өлкөлөрү кирет. Ага мурунку совет биримдигинин айрым өлкөлөрү кошулушууда. Кыргызстан бул келишимге мындан бир нече жыл илгери эле кол койгон. Эң негизгиси бул жерде кредиттик саат деген түшүнүк бар. Ага ылайык студенттер ар бир сабакты жана каалаган мугалимин эркин тандап алууга укугу болот.

Ошондой эле Ажыбековдун айтымында, учурда Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын Балун келишиме ылайык адистерди даярдоого толук мүмкүнчүлүгү жок:

-Себеби Балун келишими боюнча студенттерди даярдоого тиешелүү материалдык-техникалык база болуш керек. Тагыраак айтканда, интернет, компьютердик техника, жетишээрлик адабияттары бар китепкана жана мугалимдердин даярдыгы болуш керек. Ошондуктан биз буга бир нече баскыч менен акырындап өтүүгө аракет кылып жатабыз. дейт Билим берүү министрлигинин аппарат башчысы Чыныбек Ажыбеков.

Австрия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн 1992-жылы 15-январда тааныган. 1993-жылы Кыргызстандын Австрияда элчилиги ачылган. Ал эми Австрия менен Кыргызстандын Билим берүү министрликтери 1996-жылдан баштап өз ара бигелешип адистерди даярдоо боюнча кызматташып келет.
XS
SM
MD
LG