Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

АКШ: БОРБОРДУК ЧАЛГЫНДОО КЫЗМАТЫ-ЦРУнун КОЛУ КЫСКАРДЫ


Президент Жорж Буш Конгресстин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Портер Госсту Борбордук чалгындоо кызматы –ЦРУнун директоруна татыктуу деп тапты. ЦРУнун башчысы АКШнын бийлик тутумунда өтө маанилүү орун эсептелчү. Бирок, Буш ЦРУнун жана башка 14 чалгындоо агенттиктеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп турчу жаңы кызматты түзмөк болууда. Бул кадам ЦРУнун таасирин чектей алабы?

Президент Жорж Буш шейшемби күнү Ак Үйдө Потер Госс ЦРУнун жетекчилигине көрсөтүлгөнүн жарыялап жатып, анын ишмердүүлүгүн жогору баалады:

- Госс Борбордук чалгындоо кызматын реформалайт. Чалгындоо кызматын терең реформалоону жакшылап ишке ашырууда анын кеңешине жана тажрыйбасына, ошондой эле 9-сентябрь комиссиясынын сунуштарына таянабыз.

9-сентябрь комиссиясы 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк, Вашингтон жана Пенсильванияда болгон террордук окуяларды изилдеп, 3 миңдей адамдын өмүрүн жалмаган чабуулдардын алдын албаганы үчүн жана Иракта кыргын салчу куралдары бар деп жаңылыш маалымат бергени үчүн ЦРУну катуу сындаган.
Комиссия АКШнын бардык чалгындоо кызматтарынын үстүнөн көзөмөлдөөчү жаңы орунду түзүүнү да сунуш кылып, Буш андай планды жактырган.

Бул сунуш ишке ашса, эксперттердин айтышынча, ЦРУнун директорунун жоопкерчилиги азаят. Мурдакы чалгынчы, АКШ армиясынын отставкадагы генералы Эдвард Аткесондун кеби:

- Сиз эгер ЦРУнун директорун күн сайын Кошмо Штаттардын президентине түздөн түз байланышка чыгарбасаңыз, анда Ак Үйдүн администрациясынын жаңылыш саясый чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү азаят деп айтаар элем.

Азыр ЦРУнун директору өлкө президентине күн сайын жолугуп, маалымат берип турат. Бул аны- бийлиги чектелүү болсо да- башка чалгындоо кызматтарынын жетекчилеринен бараандуу кылып көрсөтөт. Алсак, Коргоо министрлигине бюджеттин эң чоң бөлүгү таандык жана ал ЦРУнун сунуштарына жеңил эле моюн суна койбойт.
Аткесондун сөзүнө караганда, ЦРУнун башчысы Ак Үйдө күнүгө үзбөй каттап турганда, анын -бир ай мурда кызматтан кеткен Жорж Тенет сыяктуу- президентке терең талданбаган, ал уккусу келген маалыматты берүүсүнө шарт түзүлөт.

Жаңы түзүлчү Улуттук чалгындоо боюнча директор ЦРУ менен Ак Үй ортосунда элек катары кызмат кылып, кылдат талданган маалыматты өткөрөт деп боолгошот талдоочулар.
Коргоо министрлиги жана Мамлекеттик департаменттин чалгындоо боюнча мурдакы эксперти Энтони Кордсмендин пикирине караганда, чалгындоо кызматындагы структуралык өзгөрүүлөр көп деле өзгөрүүлөрдү алып келбейт:

- Бу сунуш чалгындоо кызматтынын жетекчилигин алмаштыруу аркылуу маселени чечүүнү көздөйт. Уюштуруу ишин өзгөртүп, маселени чечүү Вашингтон үчүн кадыресе көрүнүш.

Кордсмен да мурдакы кесиптеши Аткесон сыяктуу эле ЦРУ жана башка чалгындоо агенттиктери өз талдоолорунда жана маалымат чогултууда саясый кызыкчылыкка алданбаш керек деп санайт. Анын оюнча, президент менен ЦРУнун директору ортосунда “кошумча чекти” коюу менен маселе жөндөлбөйт. “Проблема - Ак Үйдүн өзүндө”:

- Бул реформалар саясый жамааттын алкагында болчу проблемаларды камтыбайт. Алар ар бир жаңылыштык үчүн чалгындоо кызматтарын күнөөлөп үйрөнүшкөн.

Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун кызматкери Энтони Кордсмендин ырасташынча, Буштун администрациясы Саддам өлкөнүн коопсуздугу үчүн коркунуч туудуруп жатканы үчүн эмес, Саддамды идеологиялык жоо катары көргөн президенттин кеңешчилеринин сөзүнө ээрчип, Иракка каршы согуш ачкан.

Президент Буш ЦРУнун директорлугуна сунуш кылган Потер Госсту эми Конгресстин жогорку палатасы Сенат бекитиш керек.

XS
SM
MD
LG