Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:48

ЮКОС КРЕДИТТИ ТӨЛӨП БЕРҮҮГӨ КУДУРЕТИ ЖЕТПЕЙ КАЛДЫБЫ?


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва Орусияда мунай өндүрүү кубатуулугу боюнча экинчи орунда турган ЮКОС компаниясына 1,6 млрд.доллардык кредит боюнча экинчи жолу дефолт жарыяланды. Мунун мааниси «компания алган кредитин кайра төлөп бере албайт» дегенди түшүндүрөт. Бул жолу кабар компаниянын орусиялык кредиторлору тарабынан айтылган. Демек, инвесторлор эми ЮКОС өндүрүп жаткан мунайдын пайдасын өздөрүн өткөрүп алууга укугу бар. Ошол эле учурда ЮКОС мунай өндүрүүнүн көлөмүн дагы жогорулатканы маалым болду.

ЮКОСтун банкротко ыктымал учурашы тууралуу көптөн бери эле айтылып келатат. Июль айынын башында компания өзүнүн чет-элдик инвесторлорунан 1 млрд.доллардык кредит боюнча дефолт күтүлүшү тууралуу кабар алган эле. Ага ылайык, эгерде дефолт жарыяланса, анда инвесторлор компания өндүрүп жаткан кирешенин четинен өздөрү берген каражатты кайтарып алуу укугуна ээ болуп калышат. Эми арадан бир ай өтүп, ЮКОС дагы бир дефолт тууралуу, бул жолу 1,6 млрд.доллардык кредит боюнча дефолт жакындаганын укту. Болгондо да компания бул жолу жагымсыз кабарды өзүнүн негизги кредит берүүчүсү МЕНАТЕП тобунан алды. Белгилүү болгондой, Метанептин акцияларынын негизги бөлүгү ЮКОСтун мурдагы кожоюну Михаил Ходорковскийге жана компаниянын башка акционерлерине таандык.

Бул кабар ошол эле замат Орусиянын баалуу кагаздар рыногунда компаниянын акцияларына болгон баанын 14%га чейин арзандап кетишин шарттады. Айрым аналитиктердин айтымдарында, ЮКОС айланасындагы окуялар кандай өнүгүшүн алдын ала билген адамдар баалуу кагаздар рыногунда ири көлөмдө акча иштеп калуу мүмкүнчүлүгүнөн да кеңири эле пайдаланып жатышат.

Ушул тапта ЮКОС соттун чечимине жараша миллиарддаган карыздарын төлөп бериши керек. Бирок компания өз мүлкү жана банктардагы каражатын иштетүү укугунан айрылган.

11-август күнү Орусиядагы энергетика боюнча федералдык агенттиктин төрагасы Сергей Оганесян ЮКОСтун банктардагы соттолгон каражатын кайра компанияга кайтарып берүү зарылдыгын айтты. Анткени эгерде алар тоңдурулуп тура берсе, анда компания мунайды экспорттоого кеткен чыгаша боюнча акча төлөп бере албай калышы мүмкүн. Демек, ЮКОС мунай өндүрүп, экспорттой албай калат. Окуянын ушундайча өнүгүшү, эң ириде, өлкө үчүн зыяндуу.

Байкоочулар Оганесяндын бул билдирүүсүн Кремль тарабынан айтылган сөз катарында кабыл алышты жана эми бийлик чындап эле ЮКОСтун проблемасы өлкө үчүн катаал болоорун мойнуна алып жатат деп таржымалашты.

Ошол эле учурда шаршемби күнү Орусиядагы өндүрүш жана энергетика боюнча министр Виктор Христенко мамлекет башчысы Владимир Путин менен болгон жолугушууда орусиялык компаниялар мунай өндүрүүдө проблемасы жок экендигин билдирди. «Ал бери турсун, өлкөнүн компаниялары мунай өндүрүүнү күчөтүштү», - деди министр. Бул өңдүү ири компаниялардын катарына министр ЮКОСту да кошту.

- Орусиядагы баардык ири мунай компаниялары өндүрүштү жогорулатышты. Булар: «Лукойл», «ЮКОС», «Сургутнефтегаз» жана «Роснефти». Мурдагы жалдарга караганда, мунай өндүрүү 30миллион тоннага жогорулайт жана мунун баары эми экспорттолмокчу, - деди Орусиянын өндүрүш жана энергетика министри Виктор Христенко.

«Демек, эгерде ЮКОС орус жергесинде мунай экспорттогон эң башкы компаниялардын катарында турса, анда анын банкротко учурашы бийлик үчүн да жагымсыз болуш керек» - дешет байкоочулар. Анткени ушул тапта дүйнөлүк базарда «кара алтынга» болгон баанын жогорулап жатышын эске алганда, Орусиядан экспорттолуп жаткан мунайдын көлөмүн азайтуу жагымдуу көрүнүш эмес. Азырынча ЮКОС дүйнө боюнча өндүрүлүп жаткан мунайдын жалпы көлөмүнүн 2% зын камсыздап турат.

XS
SM
MD
LG