Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

МЫЙЗАМСЫЗ МИГРАЦИЯ АГЫМЫНЫН БЕТИ АЧЫЛДЫ


Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз миграция агымынын бети ачылды. Бул агым Бангладештин атуулдарына алгач Борбор Азияга, андан Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз чыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүгө аракет жасаган. 12-август күнү Коопсуздук кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери бул окуя тууралуу маалымат жыйынын өткөрүштү.

Коопсуздук кызматкерлеринин маалыматы боюнча кармалган чет элдик атуулдардын баары Бангладеш мамлекетинин атуулдары. Бирок алардын аты-жөнү, жашы ачыкка чыгарылган жок. Чүй облустук Коопсуздук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Юрий Погибанын айтуусунда, буга чейин да чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграция жолу менен башка өлкөлөрдөн келип, Кыргызстанда иштеп калууга же Казакстан, Орусияга кетүүгө аракет жасаган аракеттери бир нече жолу болгон. Бирок минтип коопсуздук кызматкерлери тарабынан 32 кишинин кармалышы биринчи жолу болуп отурат:
- Мыйзамсыз миграция жолу менен келип кармалган чет элдик жарандар көп эле учураганы менен, мынчалык көп киши биринчи жолу кармалып отурат. Анткени буга чейин Индия, Ооганстан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөн бир-экиден келген мыйзамсыз мигранттарды кармап, биздин өлкөнүн аймагынан чыгарып жиберчүбүз Ошондой эле бул операция аркылуу биз мыйзамсыз миграция агымынын бетин толук ачууга жетиштик.

Коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча Бангладештиктердин бул мыйзамсыз миграция агымы Кыргызстандан бөлөк дагы бир нече Борбордук Азия мамлекеттеринде бар. Алардын негизги максаты Кыргызстан жана башка борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Орусияга, андан ары башка Европа өлкөлөрүнө чыгып кетүү болгон. Кармалгандардын көрсөтмөсү боюнча, алгач Бангладештеги турист агенттиги атуулдарга Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бирине виза ачып, жөнөткөн. Бул жерден аларды «өз кишилер» тосуп алышып, мурдатан даярдалган жасалма документтер менен камсыз кылгандан кийин, Кыргызстандын борбору Бишкекке автоунаа менен жетишкен. Бул тууралуу Чүй облустук коопсуздук башкармалыгынын кызматкери Эдил Эрмеев:

- Кыргызстанга мыйзамсыз миграция агымы менен келишкен Бангладештик атуулдар аба жолу менен келе алышмак эмес. Анткени учакка түшүү учурунда ар бир атуул аэропорттогу чек ара жана бажы кызматкерлери тарабынан тыгыз текшерүүдөн өтүшмөк. Ошондуктан алар автоунаа менен келишкен. Анткени жол аркылуу келүү оңой.

Эдил Эрмеевдин айтымында, Бангладештен келишкен мыйзамсыз мигранттарга Кыргызстандын атуулдары тарабынан жардам берилген эмес, жана ошондой эле биздин өлкөдө документтерди жасоо да болгон эмес:

- Кыргызстанда документтер даярдалган эмес. Кармалгандардын колунда КМШ өлкөлөрүнүн бириндеги жогорку окуу жайынын студенттери деген документтери бар экен. Ошол документ менен Кыргызстанга жетишкен, - деди Эдил Эрмеев.

Коопсуздук кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Юрий Погибанын айтуусунда, мыйзамсыз түрдө Кыргызстанга келишкен Бангладештик атуулдардын жанынан эч кандай курал-жарак жана баңги заттар табылган эмес.

Коопсуздук кызматкерлери белгилешкендей, бул мыйзамсыз миграция агымынын жүзү өз убагында ачылды. Анткени ушул эле жол менен Кыргызстанга же Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө ар кандай террористтик-экстремисттик күчтөр да өтүүсү мүмкүн эле. Коопсуздук кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Юрий Погиба:

- Ушундай мыйзамсыз миграциялык агымдардын кызматынан ар түрдүү террористтик-экстремисттик күчтөр да колдонуп, биздин өлкөгө чоң коркунуч алып келүүсү мүмкүн эле. Ошондуктан биз мыйзамсыз миграция маселесин көңүлдүн борборуна коюп, ички иштер жана чек ара кызматтары менен тыгыз байланышта иштөөбүз керек.
Юрий Погибанын айтуусунда учурда Кыргызстандык коопсуздук кызматы коңшулаш өлкөлөрдүн, Орусиянын коопсуздук кызматы менен биргелешип иш алып барууда. Маалымат жыйынында айтылгандай, Бангладештик атуулдар азыр убактылуу камоо абагында жатышат. Жакынкы күндөрдө алар өздөрүнүн мекенине депортацияланат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG