Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

ТИМУР ТАРЖЫМАЛЫ


Атагы ай-ааламга тараган Тимурдун өмүр-баяны жана мамлекеттик ишмердиги жөнүндө арбын эмгектер жазылган. Анткен менен анын ишмердигине, тек-насилине болгон кызыгуу күчөгөнү күчөгөн.

"Алышса адымдын алы жетпеген, ай-ааламды буй кылган" Тимур хандын атак-даңкы анын замандаштарынан тарта, бүгүнкү күнгө чейин кеп кураса кумар кандырып, жазгыч калемгерлерге болсо табылгыс дарек болуп келет. Ал түгүл айрым айлакер саясатчылар анын улутун өзгөртүп, жер ээлигине карата менчиктештирүү аракетин көрүп атышса, көпчүлүк эл Тимурду Чыңгыз хан тектүү деп санап келишет.

Тарыхый жазма булак маалыматтарына караганда, Тимур 1336-жылдын 9-апрелинде, азыркы Өзбекстандын Кашкадарыя обусуна караштуу Карши шаарына жакын аймакта жарык дүйнөгө келген. Тимур монгол калкынын ичиндеги барлас уруусунан чыккан жана өзүнүн саясий бийлик жолун өзү таптаган инсан. Анын атасы Тарагай темир устачы болгондуктан, Тимур да бала чагында атасына жардам берип, балким көрүк басып, кызарган темирди дөшүлөсө керек. Айрым жазма булактарда, асыресе ооз эки чыгармачылыкта айтылгандай Тимурдун ысмы Аксак Темир деп бурмаланышы, мүмкүн анын темир устачылык менен узанышынан улам айтылып калган шекилди. Ал эми анын Аксак деп аталышы, ал Тимурдун денесинде орун алган кемчиликке байланыштуу.

1404-ж. Тимурду өз көзү менен көрүп, ал түгүл өкүмдар менен бир канча ирет баарлашкан испан элчиси Рюи Гонзалес де Клавихонун жазганына караганда Тимурдун бутунан жаракат алышы кадимки эле уурулукка байланыштуу. Караңгы түндө ал короодогу койго уурулукка кирет. Тыштагы кымкууттан эл ойгонуп, койдун ээлери Тимурду аттан оодара тартышып бутун сындырышып, оң колунун эки манжасын кыя чабышат. Ошондон улам ал аксап, эл аны Тимур-ленг деп атап калышат. Европалыктар аны Тамерлан дешсе, түрк тилдүү калктар Тимур же Темир аксак дешип, ал эми перс тилдүү эл аны Тимурленг деп айтышкан. Демек, перс тилинде "ленг" деген сөз "аксак" маанисин туюнтаарын билсек болот.

Тимурленгдин балалык чагы максаты бийик, саясий дымагы терең өткүр уландык жүрүм-турум менен айырмаланат. Ал да Чыңгыз хандай эле жаш кезинде каракчылык менен шугунданып, уурдап, оңтою келсе элди же кербенди тоноп жанына ишенимдүү нөкөрлөрдү топтогон. Натыйжада ал эбегейсиз империя куруп, атагы таш жарып тартыхта калды.
XS
SM
MD
LG