Ирандын жаңы ракетасы "Шахаб-3" деп аталат, анын биринчи үлгүсү 2002-жылы сыналган. Сыноосу 11-августта ийгиликтүү өткөн анын жаңы үлгүсү бутага мурдагыдан алда канча так тийе алат жана ал 1300 чакырым алыстыкка жетет. Бул ракета менен Иран эми Израилдин аймагындагы буталарды жана Перс булуңундагы америкалык аскерий базаларды атууга мүмкүнчүлүк алды.
Австралияда кызмат сапар менен жүргөн Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Хасан Роухани 12-августта Израилди Ирандын душманы деп ачык атады, анткени кээ бир жөөт жетекчилери Ирандын өзөктүк ишканаларын бомбалап жок кылыш керек деген пикирде: "Биздин өлкөбүзгө чет мамлекеттен коркунуч түзүлүп жатканда, биз ага даярдык көрүп жатканыбыз түшүнүктүү нерсе".
Франция Иракка "Осирак" аттуу өзөктүк реактор куруп бергенде, Израилдин аскерий учактары аны чындап эле 1981-жылы бомбалап жок кылып салган. Эгер Израил Иранга каршы дагы ушундай чабуул жасаса, Вашингтон аны колдойбу деген суроого АКШ президентинин коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс 8-августта жооп берүүдөн баш тартты. Бирок анын айтымында, Ирандын өзөктүк курал чыгаруу аракеттерине Вашингтон бардык мүмкүн болгон чараларды көрөт жана Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик сентябрда Тегеранга каршы катуу чечим кабыл алууга тийиш.
Анткен менен Ирандын президенти Мохамад Хатами дагы 11-августта атайын билдирүү жасап, Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн улантат деп жарыялады: "Маселени биз тынч жана түшүндүрүү жолу менен чечебиз деп үмүттөнөбүз. Бирок кимдир бирөө биздин укугубузду чектейм деп ойлосо, биз жана биздин эл аскерий эмес өзөктүк изилдөөлөрдү жүргүзүү укугунан баш тартпайт жана ал үчүн жоготууларга барууга да даяр".
Коопсуздук кеңешинин катчысы Роуханинин айтымында, дүйнөлүк коомчулук же АКШ тарабынан Иранга каршы чара көрүлөөрүнөн Тегеран коркпойт, анткени Иракка каршы согуш баштап алып, ири эл аралык маселе жараткан Вашингтон эми көп жылга чейин андай чарага барбайт.
Лондон шаарында жайгашкан Араб жана Иран маселелерин изилдөө борборунун эксперти Алиреза Нуризаденин пикиринде болсо, Тегерандын АКШ жана бүткүл дүйнөлүк коомчулукка каршы чыгып жатканынын себеби - өлкө азыр эл аралык саясатта обочодо калганында жатат: "Ирандыктар азыр изоляцияда калды. Кошуна Ирактын жаңы өкмөтү Иранга достук мамиледе болот деген үмүт дагы акталган жок. Багдаддагы өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү мурда Иран менен байланышта болгон, бирок өкмөткө каршы согушуп жаткан жоокерлердин колундагы курал Ирандан келип жатканы ачылып, Ирактын ички иштерине кийлигишкен ирандыктар кармалгандан кийин, бул өкмөт Тегеранга каршы бурулду".
Анткен менен, Нуризаденин айтымында, канча катуу сөз айтылса дагы, чындыгында Ирандын жетекчилиги азыр - АКШда өтө турган президенттик шайлоонун жыйынтыктарын күтүүдө, анткени Ак үйдөгү бийлик алмашса, бүткүл саясат дагы өзгөрүшү мүмкүн.