Нажапта бейпилдикти орнотуш үчүн жүрүп аткан сүйлөшүүлөр токтоп калгандан кийин Нажапта кайрадан атышуулар башталды. Ирак өкмөтүнүн коопсуздук боюнча кеңешчиси Мувафаак Рубаи сүйлөшүүлөр ийгиликке жетишпегенин кайгыруу менен кабарлады. Бирок, бул билдирүүсү сүйлөшүүлөр токтотогонун билдиреби же дагы эле аракеттер уланып атабы, бул жагын тактаган жок. Ал-Жазиира телеканалы Муктаада ас-Садрдын колу таңылган бойдон сүйлөп атканын көргөздү. Демек, анын жарадар болгону тууралуу маалымат чын өңдөнөт.
Ирак өкмөтүнүн кеңешчиси Рубаинин айтымында, Ирак өкмөтү сүйлөшүүлөрдүн жемиштүү бүтүшү үчүн колдо бар аракетин жасады:
- Мен Нажап кризисин жоюу үчүн жасалган аракеттер майнапсыз болгонун айтышым керек. Ирактын убактылуу өкмөтү колдо бар аракетин жана мүмкүнчүлүгүн жумшады. Тынчтык жолго түшүү үчүн бардык ымаларды пайдаланып көрдү, - дейт Рубаи.
Ирак өкмөтүнүн кеңешчиси бейпилдик орнотуу жагдайында оптимисттик маанайын билдирди. Бирок, сүйлөшүүлөр ушуну менен токтогону же улантылып атканы бүдөмүк бойдон калды.
- Ирактын бардык аймагында бейпилдикти орнотуш - Ирак өкмөтүнүн түздөн түз милдети. Биз Нажапта жана башка шаарларда бейпилдикти орнотуш үчүн колдо бар аракетти жумшайбыз, - дейт Мувафак Рубаи.
Муктада ас-Садр башында турган Махди Армиясынын өкүлү Ахмед Шибани Рубаинин мындай билдирүүсүнөн кийин алар жактын сүйлөшүүлөрдү улантуу ниети бар экенин билдирди:
- Ооба, сүйлөшүүлөр бузулду. Бирок, биз кайрадан сүйлөшүүлөрдү жандандырууга даярбыз. Мувафак Рубаи чындыкты айтып атканына ишенгибиз келет. Биз деле Нажаптын элине жамандыкты, кан төгүүнү каалабайбыз. Биз сүйлөшүүлөргө даярбыз, - дейт Махди армиясынын өкүлү.
Ал эми Махди армиясынын атын атабаган жоочусу ирактык аскерлерге америкалыктардын буйругун аткарат деген айып тагып сүйлөдү:
- Ирак полициясы, улуттук гвардиянын аскерлери, жада калса өрт өчүргүчтөр дагы азыркы жаңы өкмөттөн жана америкалыктардан акча алат дагы буйруктарын аткарышат. Биз болсо алардын буйругун кантип атакарабыз? - дейт Муктада ас-Садырдын жоочусу.
Нажапта болсо жекшембиде кайрадан атышуулар башталды. Муктада ас-Садр ал-Жазиира телеканалы аркылуу билдиргенге караганда, ал улуттук конференцияга катышуудан баш тарткандан кийин коалициялык күчтөр Нажап калаасында зордук- зомбулуктун отун тутантышты. Нажаптагы салгылаш 5-августта башталып, сегиз күндүк кан төгүлүүдөн кийин гана бул калаанын көчөлөрү бир аз тынчыган.
Жекшембиде Иракта Улуттук Конференция ачылды. Бул жыйын, байкоочулардын баамында, Ирактын демократиялык жараяндагы алгачкы кадамы болуп калмакчы. Бирок, конференция ачылган маалда Ирактын бир нече шаарларындагы атышуулар коопсуздук маселесин коркунучка кептеп койду.
Улуттар уюмунун атынан катышып аткан Ашраф Казим Улуттук жыйындын ачылышында мындай деди:
- Убактылуу кеңешти тандап алуу бул силердин жалпы элдик кызыкчылыңар экени айкын. Бул кадам 2005-жылы 31-январдагы шайлоонун ийгиликтүү өтүшүнө кепилдик болот жана өлкөнүн демократиялык коомго кадам таштаганын билдирет, - дейт Улуттар уюмунун өкүлү.
Улуттук конференцияга Ирактын булуң – бурчунан келген 1300 делегат катышууда. Бул жыйында Ирактын убактылуу парламенти боло турган Улуттук Ассамблеянын курамы тандалмакчы.