Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:20

ЖОГОЛГОН КАГАЗДЫН БААСЫ - БОШТОНДУК


Феликс Куловдун маалынан эрте боштондукка чыгышы аткарылбас кыял боюнча калат шекилдүү. Сокулук райондук соту «Арнамыс» партия жетекчиси бери дегенде эмдиги жылы эркиндикке чыгарын ырастады. Байкоочулардын айтымында, Феликс Куловдун түрмөдөн бошонуп чыгышы бир жылга артка жылдырылып калышы саясий жагдайдан улам чыгууда. Сот чечимине нааразы болгон бейөкмөт уюмдар эларалык коомчулукка кайрылуу жолдоодо.

1-кылмыш иши боюнча Феликс Кулов 2000-жылдын 22-мартынан 9-августка чейин тергөө абагында отурган. Сот өкүмү чыкканга чейинки абак күндүн бири эки катарында жүрөрүн эсепке алганда, «Арнамыс» партия жетекчиси 9 ай Улуттук коопсуздук кызматынын абагында бир жылга жакын убакыт камалган. Ушу тапта «Арнамыс» партия жетекчисинин жактоочулары өзгөчө басым жасап жасап аткан жагдай – мына ушул маанилүү документтин Ф.Куловдун кылмыш ишинен жоголуп кетиши.

Айтымда, Ф.Куловдун кылмыш иши жакындан бери Адилет министрлиги атын алган Юстиция министрлигинде кыйла убакыт сакталып, андан Жаңыжер түрмөсүнө жөнөтүлгөн болуу керек. Иши кылып, кыйла эле бүдөмүк болуп аткан иштин артында кандай таасирдүү күчтөр турганын айтыш кыйын. Кандайынан келгенде да, мыйзам тартибин бекем сактачу мамлекеттик бийлик органдарында маанилүү документтин жок болуп кетиши эмдигиче табышмак.

«Арнамыс» партия төрагасынын орунбасары Эмил Алиев Ф.Куловдун кылмыш ишине тийиштүү жоголгон материалды кимдир бирөөлөр уурдап алышы ыктымал деген ойдо.

- Ф.Куловдун өздүк ишинен 1-сотко тиешелүү өкүмдү ким уурдап алды? Аны эмдигиче айтпай атат, - дейт Эмил Алиев.

«Жарандык коом коррупцияга каршы бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын ырасташынча, Феликс Кулов саясий куугунтукка кабылган инсан.

- Бул сот жараяны өкмөт тарабынан атайын жасалгандай таасир калтырды. Себеп дегенде, ГУИНдин чечимине сот баа берген жок. ГУИН бир жума мурун өзүнүн бүтүмүн жалпыга жарыя кылып салган. Кыргыз өкмөтү акыйкаттуулук менен мыйзамдуулукка жылдан-жылга маани бербей келатат. Биз эларалык каржылоо уюмдарына кайрылып, шайлоо алдында ушул маселелерге көңүл буруу жөнүндө өзүбүздүн оюбузду жиберебиз, -- дейт Төлөйкан Исмаилова.

13-августта Жаңыжер түрмөсүндө өткөн Сокулук райондук соттун көчмө отуруму Феликс Куловдун арызын канааттандырбай, анын шарттуу боштондукка чыгар мезгили эмдиги жылдын ноябрь айына туш келерин ырастады. Адвокат Любовь Иванова улам-улам эскертип аткан 2000-жылдын 9 айлык мөөнөтү арызды кароо учурунда эсепке алынган жок. Райондук соттун чечимине ичи чыкпаган адвокат Любовь Иванова аппеляциялык арыз менен Жогорку сотко кайрыларын билдирди.

Ага чейин өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын биртобу дүйнө коомчулугуна кайрылып, иштин чоо-жайы жалпыга дайын кылып, айтор шайлоо алдында бу уңгулуу маселенин тегерегинде чоң талаш чыгат окшоп калды.

Төрт жылдан бери саясий тагдыры оор сыноого туш келип кыйын кезеңди башынан кечирип аткан «Арнамыс» партия жетекчиси башка түшкөндү чыдамкайлык менен көтөрүп жатканын айтат:

- Өз башыман өткөн иштен улам айтып атам, баарын көтөрө билүү керек. Мага канчалык кыйын болбосун, туура эмес соттошпосун, чыдоо керек. Мени соттогондор жаңылышканын сезишсин дейм. Убакыт өтөт, маалы келгенде ар бир саясатчы көтөрүмдүү болсо өлкөнүн жашоосу бейпил болот. Чынымы айтсам, мен азыр өзүм үчүн жашабайм, балдарым, жакындарым, досторум, санаалаштарым үчүн күн кечирүүдөмүн. Мага ишенген адамдар менин өлкөмдө тынч жашашсын. Менин балдарым эч кимден коркпойт, ээн-эркин жүрүшсүн. Мен дагы ачык жүрөм. Бирок да, башкалардын балдары меникине окшоп ачык басып жүрө алышабы? Бийликте отургандар эркин басалабы? Мен ишене албай турам. Алар көчөгө жалгыз чыга алышпайт, - дейт Феликс Кулов.

Мамлекеттик жогорку бийлик тепкичтеринде жүрүп күндөрдүн бир күнүндө бийлик каршылашына айланып чыга келген «Арнамыс» партия жетекчиси бүгүнкү башкаруу системасы жеке адам зоболосун көтөрүүгө негизделген деп эсептейт.

Президент А.Акаев өткөн жылы бейөкмөт уюмдар менен бийлик башчыларынын арай көз чарай жолугушуусунда Ф.Куловго каршы козголгон кылмыш ишинде эч кандай саясий өң-түс жок экенин айтып, мыйзам алдында баары бирдей болорун ырастаган.

XS
SM
MD
LG