Ирактын Нажаф шаарында коалициялык күчтөр менен шийилердин радикал дин ишмери Моктад ас-Садрдын согушчандарынын ортосундагы кагылышуулар уланууда. Соңку маалыматтар боюнча, Америкалык аскерлер менен Ирак өкмөтүнүн аскерлери Моктад ас-Садрдын өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурагандан кийин, кайрадан Нажафка киришип, ыйык шаардагы имам Алинин мечитине жакындай башташты. Ирактын премьер-министри Айад Аллави козголоңчулардан шаардан чыгып кетүүнү талап кылып, бейпилдикти орнотуу боюнча сүйлөшүү жараяндарын улантуунун зарылдыгы жөнүндө айтты.
Кечээ Нажафтагы салгылашуулардан үч америкалык аскер набыт кетти. Ирактын ички иштер министрлигинин өкүлү Сабах Кадхим жекшембиде кечинде Нажаф шаарындагы кагылышууларды токтотуу үчүн чечкиндүү аракеттер көрүлөөрү жөнүндө маалымдаган.
Нажафтагы кагылышуулар өткөн жума күнгө чейин бир апта бою уланып, Ирак өкмөтү менен Моктад ас-Садрдын өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр башталгандан кийин гана токтотулган болчу.
Иракта тынчтыкты орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр кайрадан улантылабы же жокпу – азырынча белгисиз. Ал эми кечээ Ирак өкмөтүнүн кеңешчиси Мубафак ал-Рубайи Моктад-ас-Садрдын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурагандыгына карабастан, өкмөт мындан ары да, Иракта бейпилдикти орнотуу үчүн аракет көрөөрүн билдирген:
- Ирактын бардык аймагында бейпилдикти орнотуш Ирак өкмөтүнүн түздөн түз милдети. Биз Нажафта жана башка шаарларда бейпилдикти орнотуш үчүн мындан ары да баардык аракетибизди жумшайбыз.
Ал эми Моктад ас-Садр башында турган Мехди армиясынын өкүлү Ахмед Шибани аларда да сүйлөшүүлөрдү улантуу ниети бар экенин маалымдаган:
- Биз кайрадан сүйлөшүүлөрдү улантууга даярбыз. Биз да, Нажафтын элине жамандыкты каалабайбыз. Биз сүйлөшүүлөргө даярбыз.
Бүгүн Багдадда болгон жардыруулардан бир америкалык жана бир украиналык аскер набыт кетти.
“Ал-Жазира” телеканалынын маалыматтары боюнча, Ирактын Ан-Насирия шаарында америкалык журналист барымтага алынды. Ал Иракта жүргүзүлүп жаткан архелогиялык казуулар боюнча репортаждарды даярдап жүргөн журналист эле. Ан-Насириянын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматтарына караганда, америкалык журналист шаардын базарында жүргөн учурда кармалып, барымтага алынган. Айрым маалыматтар боюнча, барымтадагы журналист АКШнын жана Франциянын атуулдугуна ээ. Ал эми ал кайсы басылманын кызматкери экендиги жөнүндө азырынча белгисиз. Буга чейин, өткөн аптада британиялык журналист барымтага алынып, жума күнү бошотулган. “Санди телеграф” басылмасынын кызматкери Жеймс Брандонду барымтага алган козголоңчулар Нажафка карата жасалган чабуулдар токтотулбаса, журналист өлтүрүлөт деп эскертишкен болчу. Ал эми барымтадан бошотулгандан кийин, Жеймс Брандон “мен бул окуяда барымтага алган адамдарды эмес, Иракта түзүлгөн кырдаалды күнөөлөгүм келет” деген пикирин билдирген.
Бүгүн Иракта жүргөн чет өлкөлүк журналисттердин баарына өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берилди. Ирак өкмөтү өлкөдө журналисттердин коопсуздугуна кепилдик бере албайт деп билдирди. Ирактын полиция кызматкерлери болсо, эгерде журналисттер өлкөдөн чыгып кетпесе, камакка алынышы ыктымал деп эскертишти. Ал эми “Чек арасыз журналисттер” уюму мындай чечимди сынга алып, аны сөз эркиндигин чектөө катары баалады. Уюмдун өкүлү Регис Бэргет буга байланыштуу мындай пикирин билдирди:
- Биз Ирак бийлиги журналисттерди шийлердин ыйык шаары Нажафтан чыгып кетүүсүнө буйрук бергендиги жөнүндө уктук. Бул Нажафтагы окуялар мындан ары эл аралык коомчулук үчүн белгисиз кала бере тургандыгын түшүндүрөт. Буга жол берилбеши керек. Биз Нажафта журналисттердин болушу зарыл деп эсептейбиз. Анткени, эң ыраыйымсыз кылмыштардын баары көз карандысыз күбөлөрдүн жогунда жасалат, - деди “Чекарасыз журналисттер” уюмунун өкүлү.