Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:39

САДР МЕНЕН АКЫРКЫ СҮЙЛӨШҮҮ ӨТКӨРҮЛӨТ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактын Нажаф шаарында кайрадан куралдуу кагылышуулар башталды. Имам Муктада ас-Садр жетектеген Мехди армиясынын жоокерлери америкалык аскерлерге кол салууда. Багдад шаарында өтүп жаткан улуттук конференция болсо Садр менен акыркы сүйлөшүү жүргүзүүнү чечти.

Багдад шаарында жекшембиден бери өтүп жаткан улуттук конференция дүйшөмбү күнү кечинде Нажаф маселеси боюнча чечим кабыл алды. Ага ылайык, шийи мусулмандары үчүн ыйык шаар эсептелген Нажафка атайын өкүлчүлүк жибериш керек жана алар Муктада ас-Садр менен акыркы сүйлөшүү жүргүзүүгө тийиш. Имамга коюла турган үч шартты Садрдын алыскы туугандарынын бири, конференцияга катышкан Хусейн Мохамед Хади Садр түздү: биринчиден, Мехди армиясынын жоокерлери Нажафтагы имам Али ибн Аби Талибдин мечитинен жана анын жанындагы Вади ал-Салам аттуу мүрзөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш. Экинчиден, алар куралдарын ташташ керек жана аларга каршы өкмөт тарабынан эч аракет көрүлбөйт. Жана үчүнчүдөн, Садр түзгөн кыймыл саясий уюм болуп өзгөртүлүп, өлкөнүн саясий турмушуна катышууга тийиш.

Конференциянын катышуучуларынын бири Мунтер Камилдин айтымында, сүйлөшүү ийгиликтүү аяктаса, ал өлкөдөгү бардык күчтөр үчүн пайдалуу болот: "Өкүлчүлүктүн иши ийгиликтүү аяктаганы жакшы. Саид Муктада ас-Садрдын кээ бир мыйзамдуу талаптарын өкмөт кабыл алууга тийиш. Өз кезегинде Саид Муктада ас-Садр дагы конференциянын талаптарына макул болуш керек, алардын ичиндеги бир талап - Мехди армиясы саясий уюмга айланып, башка уюмдардын катарында саясий жараянга катышууга тийиш".

Садрдын жардамчыларынын айтымында, өкүлчүлүк менен жолугуп сүйлөшүүгө имам макул болду. Аны менен катар, жолугушуудан жыйынтык чыкпайт дегендер да көп. Биринчиден, Садр мурда америкалыктар менен кашык каны калганча согуша турганын билдирген жана өз жоокерлерин - эгер ал курман болуп же туткунга алынса дагы ал күрөштү улантууга чакырган. Экинчиден, америкалыктар тарабынан түзүлгөн Ирактын жаңы убактылуу өкмөтүн дагы, жекшемби күнү Багдадда башталган улуттук конференцияны дагы ал мыйзамсыз деп жарыялап, алардын чечимдерине баш ийбей турганын билдирген.

Анткен менен, эгер сүйлөшүүдөн жыйынтык чыкса, Садр дагы аман калып, конференция дагы өкмөт менен америкалыктар чече албаган маселени жөнгө салып, ийгиликке жеткен болоор эле. Миңден ашык өкүл катышкан бул конференцияда убактылуу өкмөттүн ишине көзөмөл сала турган улуттук кеңеш түзүлүүгө тийиш.

Мехди аримясын Садр үстүбүздөгү жылдын апрелинде түзүп, америкалыктарга каршы согуша баштаган, эки айдан кийин ок атышууну токтотуу келишими түзүлгөн, бирок 5-августта салгылашуулар кайрадан башталган. 13-августта жаңы келишим түзүлгөн, бирок эки күндөн кийин кайрадан кагылышуулар башталды. Садрдын жоокерлери имам Алинин мечити менен анын жанындагы мүрзөнүн аймагында жашынууда, чоң чатак чыгып кетпеш үчүн, америкалык аскерлер ал жерге кирүүдөн карманууда. Анткен менен мурда алар, эгер Садр куралын таштабаса, ал өлтүрүлөөрү тууралуу жарыялаган.

Ирактын башка шаарыларынан миңдеген адам акыркы күндөрдө Нажафка келип, мечит менен мүрзөнүн айланасында жайгашууда, алар америкалык чабуул кайра башталса, Садр үчүн тирүү калкан болууга бел байлагандар. Америкалыктарга каршы өлкөнүн башка шаарларында дагы демонстрациялар өтүп, куралдуу кагылышуулар болууда. 17-августта Багдадда кагылышуу болуп, андан төрт адам набыт кетип, дагы жыйырмадай киши жараат алды. Насирия шаарында болсо Мика Гарен аттуу журналист барымтага алынды, анын алдында Усама Абдул Жаббар деген Ирактын коопсуздук кызматкери дагы туткунга алынган.

XS
SM
MD
LG