Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

TҮШТҮК ОСЕТИЯДА КЫРДААЛ СОГУШКА ЧУКУЛДАП БАРАТАТ


Түштүк Осетияда кайрадан согуш аракеттери жанданып, окко учкандар бар экени тууралуу кабарлар түшүп жатат. Грузия менен Түштүк Осетия мунун алдында биргелешкен бейпилдик күчтөрүнөн башка бардык куралдуу бөлүктөрдү аймактан алып кетүүгө макулдашкан эле. Анын аралыгында, Грузиянын бийликтери кырдаалды талкуулоо үчүн эл аралык конференция уюштурууга чакырууда.

Шейшемби күнү таң эртең менен Тибилисиде обого чыгуучу Руставели-2 телеканалы түштүк осетиялык аскерлер этникалык грузиндер жашаган Эредви кыштагын аткылады деп кабарлады. Аталган кыштак Түштүк Осетиянын баш калаасы Цхинвалиден чыгышта жайгашкан. Телеканалдын ырасташынча, ок атууда бир грузин аскери окко учуп, үчөө жараат алды. Цхинвали өз кезегинде атышуу Грузиянын ички иштер министрлигинин аскерлери этникалык осетиндердин Приси айлын аткылаганда башталганын билдирди. Бул ырастоолорду көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн болгон жок.

Атышуу бир нече саатка созулуп, таң агарганда токтоду. Түштүк Осетия тараптан жапа чеккендер тууралуу маалымат болгон жок. Бул - өткөн жума күнү убактылуу элдешүү келишими жетишилгенден кийинки үчүнчү жолку куралдуу кагылышуу болуп калды.

Тбилиси жаңжал аймагында 12-августтан бери грузин айылдарын сеператисттерден коргоп турган алты аскер окко учту деп ырастоодо. Ошол эле убакта бүгүнгө чейин ал аскерлердин аты-жөнү ачыкка чыгарылган жок. Окко учкандар баатырлар деп жарыяланганы менен, аларды жерге берүү аземи да өткөрүлгөн жок.

Кандай болгон күндө да учурдагы кырдаал өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында түштүк осетиялык аскерлер грузин армиясы менен кагылышкан сеператисттик калабанын кайра дүрт алыш коркунучун күч алдырууда.

Дүйшөмбү күнү Тбилисиде кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Грузиянын Коргонуу Министри Георгий Барамидзе Түштүк Осетиянын жетекчилигин этникалык грузин кыштактарынын коопсуздугуна шек келсе, согуш чыгып кетиши мүмкүн деп эскертти:

- Согушту болтурбоо үчүн биз бардыгын жасайбыз. Согуш баштоо грузин өкмөтүнүн кызыкчылыгында эмес. Биз согушту каалабайбыз. Бирок аргабыз кетсе, биз менен согушкусу келгендерди теске салууга туура келет.

Түштүк Осетиянын Пресса жана Маалымат агенттигинин жетекчиси Ирина Гаглоева Азаттыкка Барамидзе күпүлдөп сүйлөгөнү менен, дүйшөмбүнүн түнүндө Цхинвали өкмөтүнүн коргонуу министри Анатолий Баранкевич менен телефондон сүйлөшкөнүн бышыктады. Гаглоеванын сөзү боюнча, экөө соңку элдешүү келишиминин шартын сактайлы деп макулдашышты. Барамидзе эгер түнү менен эч кандай согуш аракеттери болбосо, аймактагы төрт тараптуу бейпилдик күчтөрүнөн башка бардык грузин аскерлери аймактан чыгарылат деп убада кылды. Бирок Гаглоеванын сөзү боюнча, грузин тарапта бул келишимди сыйлабагандар да бар болуп чыкты:

- Барамидзе менен Баранкевич көзөмөлдөгөн аймактан бир да ок атылган жок. Эки тарап тең өз сөзүнө турду. Ок Грузиянын ички иштер министри Иракли Окруашвили жетектеген аскерлер жактан атылды.

деди агенттиктин өкүлү. Анын аралыгында, Грузиянын жетекчилиги Түштүк Осетиядагы кырдаалга эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга аракеттенүүдө. Грузиянын өкмөт башчысы Зурав Жвания ушул максатта эл аралык конференция өткөрүүнү сунуш этти.

АКШнын Мамлекеттик Департаментинин маалымат катчысы Том Кейси дүйшөмбүдө тараптарды 13-августта жетишилген келишимди урматтоого чакырды.

- Мен (Вашингтондон) туруп алып, ким биринчи ок ачканын айта албайм, бирок элдешүүнүн шарттары бузулуп жатат.

Учурда Орусия, Грузия, Түштүк Осетия жана коңшулаш Түндүк Осетия кирген Биргелешкен Көзөмөл комиссиясынын жаңы жыйыны болот деп күтүлүүдө. Бирок Жвания аны "убакытты текке кетирүү" деп мүмөздөгөнү маалым болду.

XS
SM
MD
LG