Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

КАМ САНАБАГЫЛА, БААРЫ ЖАКШЫ БОЛОТ, БИЙЛИК МЕНЕН МЫЙЗАМ, МАЛЧЫЛАРДЫН МАЙРАМЫ


Сот чечими менен Феликс Кулов шарттуу боштондукка чыгышты дагы бир жыл ашуун убакыт күтөрү аныкталды. Бийлик менен мыйзамдын эриш-аркак катнашы, башкаруу ышкынын кызыгы пенде баласын алмустактан бери кызыктырып келатат. Шайлоо жакындаган сайын кыргыз басылмаларында мына ушул тема арбын козголчу болду. Суусамырда малчылардын майрамы өттү.

Түрмөнүн тор айнегинин артынан «Кам санабагыла, баары жайында болот!» деп кыйкырууга гана үлгүрдү, деп кабарлайт «МСН» гезитинин кабарчысы Елена Скородумова Феликс Куловдун арызын караган сот жыйыны тууралуу макаласында.

Акүй «Арнамыс» партия жетекчисин эмдиги президенттик шайлоого чейин боштондукка чыгарбоо ниетинде окшойт. Бийлик башындагылар оппозиция жетекчисинин эркиндикте жүрүшүнөн аябай чочулашат шекилдүү. Сот жыйыны өтчү 19-түрмөгө бараткан жолду милиция кызматкерлери бекем тосуп, ичкери болгону адвокат Любовь Иванованы гана киргизишти. Феликс Куловдун түрмөдөн шарттуу бошонушуна негиз берчү документ кимдир бирөөлөр тарабынан керектүү учурда өздүк иштен алынып салыныптыр, деп жазат Елена Скородумова.

Журналист Вячеслав Тимирбаевдин «Президент: бийлик менен мыйзамдуулук» деген макаласы да гезиттин шейшемби күнкү санында жарыяланган. А.Акаев президентке шайланганда көпчүлүк элдин кубанычында чек жок эле, деп белгилейт В.Тимирбаев. Эски партиялык номенклатурадан тажаган көпчүлүк саясаттан тыш илим адамынын бийликке келишин жактырган, ага чоң үмүт артышкан. Президенттин мүчүлүштүгү - демократиялык саясий институттардын жаңылануу мүмкүнчүлүгүнө айныксыз ишенип алгандыгы, Конституция менен көп партиялуулук, парламент, эркин басма сөздүн кудуретин ашкере баалап ийгендиги. Кыска убакытта, анын үстүнө Кыргызстанда баарын өзгөртүп ийиш мүмкүн эмес.

Иши кылып, баштагы келаткан багытынан чыгып, демократ мамлекет башчы 1995-жылдан тарта айланасына өзүмбилем чиновниктерди топтоп, коммунисттик бийликтен сапат жагынан айырмаланбаган режимди түзүп алды. Элдин демдүү демократиядан көңүлү сууду, бийликти иш көзүн билбегендер ээлеп алышты, деп белгилейт макала автору.

Кыргызстанда ири мүйүздүү малдын башы көбөйүп саны миллионго чукулдап, республикада 3 миллион ашуун кой жайылып, кара малдын туягы арбып баратканы өлкө малчыларынын 2-слетунда айтылганын шейшембидеги «Слово Кыргызстана», «Эркинтоо», «Кыргыз туусу» гезиттери жазып чыгышты.

«Мал болгон жерде кык болот. Дал ошол кыкты пайдаланып көгүлтүр отун – газ алууга да болот экен. Андай технологияны да малчылар пайдаланыша алар эле», деген сунушун билдирет «Кыргыз туусу» гезити.

Ушул эле басылмаларда Кыргызстан эгемендик алгандан берки 13 жыл ичиндеги саясий-экономикалык ийгиликтерди баяндалган «Эгемендиктин эстен кеткис күндөрү» жылнаамеси жарыяланган.

Баткен окуясынын 5 жылдыгына карата «Кыргыз туусу» гезитинде райондун мурдагы акими Абдыракман Маматалиевдин маеги жарыяланган. Анын айтымында, 1999-жылдын 21-августунда мерчемдүү жерлерге коюлган посттор белгисиз себептен алынып калгандан кийин жоочулар күчөп, айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасарын атып салышкан. А.Маматалиевдин ырасташынча, элибиздин патриоттук сезими күчтүү экенин, кыйын кезеңде бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгара ала тургандыгын Баткен окуялары көрсөттү.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү үчүн өкмөт 23 миллион сом бөлдү, деп маалымдайт шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити. Бөлүнгөн акчанын 3 миллиону жаңы өзгөчө шайлоо кабиналарын жасоого жумшалат. Шайлоо участокторунда андай кабиналардын 3 миңи орнотулат. Жергиликтүү кеңешке 6588 депутат шайланат. Шайлоо кагазын таштоочу үкөк бар жогу ачык көрүнгөн материалдан жасалат. Жаңы үкөк – кымбатбаа буюм. Борборшайлооком аны сатып алууга кетчү акчаны эларалык донорлордон алууну көздөөдө.

«АКИпресс» журналынын сатыкка жаңы түшкөн 7-номурунда Кыргызстандын экономикалык абалын талдоого алган аналитикалык макалаларга орун берилген.
XS
SM
MD
LG