- Биргелешкен бейпилдик күчтөр аскерлери турган жерлер кармаш жүрүп аткан жерден ары жактагы (Грузиялык – ММ) Керри тараптан оор дүрмөтеүү замбиректер менен 60 жолу аткыланды.
Ал эми Орусия коргоо министринин маалымат боюнча катчысы Александр Баранов болсо атышуу маалында эч ким жабыр тартпаганын айтты:
- Азырынча бизде жарадар болуп же курман болгондор туурасында маалымат жок.
Сырттан көз салуучулар эсебинде тараптар ортосунда күндүзү жетишишкен жарашуу түн киргенден тартып бузулуп, чындыгында, оозу менен бирди айтышып колу менен башканы жазап атканын – демек кагаз жүзүндө келишимге жетиштик дешкени менен мүдөөсү башкада экенин күбөлөйт. Айткандай эле кечөө күнү эле тараптар сүйлөшүү өткөрүп жана бир такиликке келишкенин журналисттер алдында айтып чыгышкан. Грузиянын өзгөчө иштер боюнча мамлекеттик министри Георгий Хиандрава айтканга караганда:
- Биз бүгүн эң башкы маслеттер туурасында сүйлөштүк. Баарыдан мурда ок атышууну токтотуу. (Цхинвали – ММ) аркалуу өтчү жолду кайра ачуу. Арыбери катагандар эч тоскоолсуз өтүп жүрүүсүн камсыз кылу болду. Бул аймакта пайда болгон беймызам куралдуу топторду чыгарып кетүү.
Бирок мындай маакулдашуу жергиликтүү калктын капталын кампайтпай турган маслет экенин Цхинвали калаасынын тургуну билдирди:
- Жолду ачарын ачышты, бирок ким даап аны менен жүрө алат. Албетте, эч ким жүрбөйт, башы экөө бекен?
Биргелеш көзөмөлдөө комиссиясынын бир тарабында олтурган Орусия атынан, кечөө, коргоо министр Сергей Иванов бул маселени чечүүдө сүйлөшүү гана жолу керек деди. Бирок ал сөзүн Түштүк Осетияда орусиялык атуулдар абдан көп экенин жана аларды коргоо Маскөөнүн милдети экенин көргөзө кетти. Андан ары:
- Бул кармашты түбү жүрүп, саясий жана саясий-дипломаттык жол менен басууга болот. Согуштук жол менен аяктайбыз деш – бул туюкка капталуу, - деди орусиялык министр.
Өзгөчө маселелер боюнча Орусиянын тышкы иштер министри ишенген элчи Лев Миронов ИНТЕРФАКС агенттигине берген маалыматында, Биргелеш көзөмөлдөө комиссиясы, азыр, өзүн көзкарандысыз өлкөмүн деп жарыялап алган Түштүк Осетиянын президенти Эдуард Кокойты менен Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин жолугушуусун даярдап атат экен. Ал эми Грузиянын коргоо министри Георгий Барамидзе болсо: «түнкү курман болгон аскерлерибизден соң кагылышуу болуп аткан жерлерден грузиянын куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүү мүмкүн болбой калды», - деген.