Ооган жана башка согуштардын кыргызстандык ардагерлеринен куралган 43 коомдук уюм жакында бир конгресске башын бириктирип, анын төрагалыгына Улуттук Гвардиянын командачысы, генерал Абдыгул Чотбаев дайындалды. Конгресстеги «Күжүрмөн боордоштук» уюмунун төрага орун басары Жалын Абыкеевдин айтымында, Конгресстин уюштуруу жыйыны кабыл алган негизги маселелердин бири жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүктөрүнө катышуу жана аны «Алга, Кыргызстан» партиясы менен кызматташтыкта ишке ашыруу болду:
- Астыбызда боло турган шайлоодо «Алга, Кыргызстан» менен бир блокто тең иштешели деген чечим чыгардык. Эмнеге дегенде «Алга, Кыргызстандын» программасы биздин оогандыктардын ой-максатына жакын экен.
«Алга, Кыргызстан» партиясынан алынган маалымат боюнча шайлоодо кызматташтыктын формасы кандай болору тууралуу конгресс менен расмий макулдашуу боло элек. Ооганчылар өздөрү жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка өз талапкерлерин «Алга, Кыргызстан» аркылуу сунуштоону эп көрүшөт. Муну алар коомдук-саясий турмушка өз өкүлдөрүн көбүрөөк катыштыруу максаты менен байланыштырышат:
- Эмнеге дегенде биздин балдар коомдук турмуштан четте калып атабыз. Өзүбүздүн партиябыз (жанагы Таштанбеков) болсо биз койгон талаптарды аткарбай, өзүнүн иштерин эле кылып жүргөн болуп атат.
Чындыгында эле жаңы түзүлгөн конгресске Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акбөкөн Таштанбеков чакырылган жок. Муну конгресс депутат-ооганчыга ишенбестик менен байланыштырды. Ал эми ооганчылар партиясынан шайланган депутат Акбөкөн Таштанбеков өзү болсо бул кадамды партияга кысым көрсөтүү катары баалады. Анын айтымында, генерал Чотбаев бул кадамы менен президенттин аброюна да доо кетирип жатат:
- Бул бийликте отурган кишилердин бири. Бул генерал. Бул президенттин жакын кишиси. Менин оюмча, Чотбаев айтса, президент айткандай болуп атат да. Анан кийин аскерий адамга мындай билдирүү жасаш өтө туура эмес. Жок дегенде башка бирөөнө айттырса болмок. Бирок, ошол генерал ушундай сөздөрдү айтып, «Алга Кыргызстанга» киргизебиз десе, анда автоматически армиянын баары «Алга, Кыргызстанга» кирди дегендей сөз болду. Бул өтө туура эмес билдирүү. Андай болгондо эртеңки күнү СНБ (Коосуздук кызматы), МВД (Ички иштер министрлиги), Башкы прокрурор айтсын, сот системасы айтсын, баарыбыз «Алга Кыргызстанга» киребиз деп. Бул Конституцияны бузгандык.
Конгресстин саясий партия менен шайлоо учурунда кызматташуу аракети Конституцияга кайчы келерин «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы да белгиледи:
- Генерал Чотбаевдин билдирүүсүнөн кийин биз бир аз кооптондук. Анткени, Шайлоо кодекси боюнча коомдук уюмдар эч кандай үгүт иштерине катышууга укугу жок. 30-беренеге ушундай өзгөртүү киргизилген . Агитацияны толугу менен Кыргызстандын жарандары, талапкерлер өзүнүн жеке атынан жана саясий партиялар алып бара алышат деп. Коомдук уюмдар эч кандай үгүт иштерине катыша алышпайт.
Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Υмөталиеванын айтымында да, шайлоо өнөктүгүнө жеке адам катары катышууга ар бир жаранга мыйзам уруксат берет. Бирок, бул уруксат бейөкмөт уюмдун атынан катышууну кепилдей албайт:
- Эгер чыкса, саясий партиянын атынан байкоо жүргүзүүгө уруксат бар.
Конгресстин мүчөсү Жалын Абыкеевдин айтымында, ооганчылар шайлоого Конгресстин атынан эмес, «Алга Кыргызстандын» атынан катышууну көздөп жатышат:
- Конгресстин укугу жок. Ошондуктан, «Алга, Кыргызстандын» мүчөсү катары шайлоого катышалы деп атабыз.
Бирок, конгресстин жетекчиси, Бишкек шаардык кеңештин депутаты, генерал Чотбаев өз талапкердигин шаардык кеңешке кайра коер-койбосу азырынча белгисиз. Конгресс бул же тигил талапкерге байланыштуу кыйыр түрүндө болсо да үгүт ишин жүргүзбөй тургандыгын да кепилдей элек. Бул аралыкта Конституциянын 8-беренесине жана Шайлоо кодексинин 30-беренесине таянган айрым байкоочулар Улуттук Гвардиянын командачысы Абдыгул Чотбаев жетектеген ооганчылардын жана чакан согуштардын ардагерлеринин Конгресси шайлоо алдында жаңылыш кадам жасап алгандыгын белгилешүүдө. Ал эми Конституциянын 8-беренесинин 4-пунктундагы жоболордун биринде:
«…Аскер, ички иштер, улуттук коопсуздук, юстиция, прокуратура жана сот органдарынын кызматкерлеринин партияга мүчө болушуна, кандайдыр бир саясий партияны колдоп чыгышына… тыюу салынат», - деп айтылат.