Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:26

“ПИРАМИДА” ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН АКЦИЯСЫ САТЫЛДЫ


Кыргызстандагы «Пирамида» көз карандысыз таанымал телерадиокомпаниясынын акциясын «Аэропаг Бишкек» холдинг компаниясы сатып алды. Эркин компаниялардын ортосундагы кадимки ишкерлик соода саналган бул окуя кыргыз коомчулугунда карама-каршы пикир жаратууда.

Кыргызстандын эгемендиги менен кошо 1991-жылы жаралган «Пирамида» телерадиокомпаниясынын акциясынын канча проценти «Аэропаг Бишкек» холдингине сатылгандыгы белгисиз. «Аэропаг Бишкектин» башкы директору Эркин Жаманбаевдин айтымында, акция толугу менен эмес, анын 51 проценттен аз бөлүгү гана алынды. Ал эми соодалашуу өзү жок кезде болгондуктан акцияны сатып алууга кандай кызыкчылык түрткү бергендигин так айта албастыгын баса белгилеп, соодалашууга саясат таасир берген жок деп билдирди:

- Эгер бул саясий аракет болсо, анда «Пирамидадан» таасирдүүрөөк массалык маалымат каражатын сатып алуу жөндүү болмок. «Пирамида» көрсөтүүлөрүн дециметрлик диапозондо, тактап айтканда Бишкек менен анын айланасындагы аймакка гана көрсөткөн компания. Ошондуктан аны саясий таасир көрсөтүүнүн куралы катары баалоого болбойт. Анын үстүнө «Пирамиданын» рейтинги төмөн жана анын аудиториясы чечкиндүү чечимдерге бара турган көрүүчүлөр эмес.Бул жерде мен жана «Аэропагдын» башка өкүлдөрү бизнести жана өзүбүздүн тейлөө кызматыбызды экспорттоо максатын гана көздөп жатабыз.

Ал эми «Пирамида» телеканалынын атын атабоону өтүнгөн кызматкери телерадиокомпаниянын акциясы келерки жылы боло турган президенттик жана парламенттик шайлоолордун алдында атайылап алынды деген пикирин жашырган жок:

- Шайлоолордун алдында таасирдүү телерадиокомпаниянын акциясын сатып алып жаткан компания идеялык бир максатты көздөп жаткан жок деп айтууга болбойт.

«Пирамиданын» атын атабаган бул өкүлү акциянын сатылышына компания ушул жылдын март айында кабылган машакат жик салды деген ойдо. Ал компания өз көрсөтүүлөрүн метрлик диапозондо көрсөтө албашына техникалык гана себептер негиз болду деп айтылган менен соода бүткөндөн кийин, тактап айтканда, 40 күндөн кийин гана мурдагы калыбында көрсөтүүгө өткөндүгүн да кабарлады. Анын айтымында, азыр компаниянын өзөгүн түзгөн журналисттер иштен кете башташты. Ушундан улам телерадиокомпания эми мурдагыдай көз каранды эмес массалык маалымат каражаты болооруна күнөм санатат:

- Ал көз карандысыз боло албайт, себеби, «Наше Время» аттуу көрсөтүүнүн долбоору бүгүнкү билдирүүгө чейин эле жабылган болчу.

Кыргызстандын жарандык коому менен айрым массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү телерадиокомпаниянын акционерлери акциясын жөн жерден саткан жок, буга бийлик башында турган адамдардын таасири тийди деген пикирде турушат. Алардын бири, «МСН» гезитинин башкы редактору Александр Кимдин билдирүүсү боюнча, «Аэропаг Бишкек» холдинги Кыргызстандын бийлик башында турган адамдардын көзөмөлүндө тургандыктан акция «Пирамиданын» ишин тескөө үчүн алынды:

- Бул «Пирамиданын» уюштуруучуларынын арасында «үй-бүлө» мүчөлөрүнүн бири болуп, телекомпаниянын кеңсесинде отуруп, чыгармачыл процессти көзөмөлдөө үчүн алынды.

«Аэропаг Бишкек» холдинг компаниясынын башкы директору Эркин Жаманбаев болсо мындай ойду четке кагып, аны ар бир көрүнүштү апырта баалоого ашыккан адамдардын пикири деп билдирди:

- Бизде адамдар ар кандай имиштерди таратканды жакшы көрүшөт.Бул жерде бардык иш экономикалык көз караштан жасалып жатат. Компанияга салган акчаңдан канча киреше ала тургандыгың көрүнүп тургандан кийин –бул бизнес.

Ал эми бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов бул окуяны кыргыз элинин ар тараптуу маалымат алуу чөйрөсүнүн тарышы деп баалады:

- Албетте, бул маалымат чөйрөсүндөгү чоң жоготуу. Бул оппозициянын жоготуусу эмес, жалпы кыргыз элинин жоготуусу. Анткени, элдин ар тараптуу, чындыктуу жана акыйкат маалымат алуу укугу азайды. Ар кандай пикирлерди, ар тараптуу маалыматты ала албай калабыз.

XS
SM
MD
LG