Ошентип, бир жумадан бери улам бир ок атышуу, андагы курмандыктар тууралуу кабарлардын чордонуна айланган Грузиянын сепаратисттик Түштүк Осетия аймагында алгачкы ирет бейшембиден жумага караган түн тынч өттү. Түштүк Осетиянын өкүлдөрү грузин аскерлери мурунку күнү Цхинвалиге чукул кирип барган жерлерди таштап, чыгарылып кетип жатканын ырасташты. Грузиянын президенти М.Саакашвили аскерлерин чыгаруу менен Тбилиси чатакты сүйлөшүү жолу менен чечүү ниетин бышыктоодо, бирок биздин чыдамыбыз чексиз эмес деп белгиледи.
- Бул кадамыбыз менен бардык оппоненттерибиздин бизди чатакты ырбатып жатат деп айыптаган сөздөрүн жокко чыгармакчыбыз. Бул – биз тараптан тынчтык үчүн жасалган акыркы мүмкүндүк экенин айткым келет, бардык провокаторлор муну кулагына куюп алышсын.
Тбилисинин аскерлерин алып кетүү чечими бейшембиде Грузия менен Түштүк Осетия ортосунда бир нече саат бою атышуулар орун алгандан кийин кабыл алынды. Эки тарап тең ал кагылышуулардан курман болгондор менен жараат алгандар болгонун билдиришти, бирок кабарчылар андай маалыматтарды текшерүү кыйын болуп жатканын айтышат.
Ырасми маалыматтарга ылайык, грузин аскерлери жарым күн ээлеп, таштап кетип жаткан Цхинвалиге чукул стратегиялык аймактарда көп улуттуу бейпилдик күчтөрү жайгаштырылмай болду. 1992-жылкы тынчтык келишими боюнча, чырлуу аймакты Орусия, Грузия, Түштүк жана Түндүк Осетиянын аскерлери күзөтө алышат. Бирок, ушул жайдын башында Грузиянын ички иштер министрлигинин атайын бөлүктөрү сепаратисттик чөлкөмгө киргизилип, Тбилиси ал кадамын асыл таштар аткезчилигине каршы күрөш жана жергиликтүү грузин айылдарын коргоо максаты менен түшүндүргөн.
Түштүк Осетия тарап ал окуяны Москвага ыктаган чөлкөмдү күчкө салып кайра Грузиянын көзөмөлүнө кайтаруу аракети катары кабыл алган. Сепаратисттик чөлкөмдө жашагандардын көбү Орусиянын жарандыгын алышкан жана алар көптөн бери көз карандысыз республика болууну, же Орусияга кошулууну талап кылып келатышат.
Өткөн аптадан бери бул жердеги чек арада орун алган атышуулар, кабарларга караганда, 12 грузин аскеринин жана Түштүк Осетиянын бир нече милиционери менен катардагы жарандарынын өмүрүн алып кетти.
Тбилиси ошентип, Түштүк Осетиядагы аскерлерин алып кете баштады, бирок Грузиянын ички иштер министри аларды чырлуу аймакка кайра кайтарууга ашып кетсе 15 мүнөт талап кылынат деп эскертти.
Грузиянын бул чечимин Орусия жана АКШ кызуу кубаттады. Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Адам Эрели Тбилисинин соңку кадамын - чатакты саясий жол аркылуу жөнгө салууга пайдалануу керек десе, Орусиялык элчи Лев Миронов Москванын зор кубанычын белгилеп, грузин аскерлеринин ордун 1992-жылкы келишимге ылайык, бейпилдик күчтөрү ээлей турганын билдирди.