Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Ирактын Нажаф шаарындагы кырдаалга байланыштуу карама каршы кабарлар келүүдө


Бүгүн эртең менен радикал шийилердин лидери Муктада Садр Имам Али мечитин көзөмөлдөөнү шийилердин диний жетекчилерине өткөрүп берүүнү сунуш эткени маалымдалган эле.
Андан кийин полиция менен күбөлөр согушкерлер Имам Алинин күмбөзүнөн чыгып кетип, ыйык жайды контролдоо Ирактын коопсздук күчтөрүнө өткөнүн ырасташты. Ички иштер министрлиги бул маалыматты тастыктап, мечиттин ичинде 500гө жакын куралдуу киши колго түшүп бергенин билдирди. Бирок АКШ аскерлери бул ырастоолорду бышыктай албай турганын айтышууда.
Садрдын жардамчыларынын бири да Ирак полициясы мечитке кирген жок деп билдирди. Атын атабаган козголоңчунун айтымында, полиция күмбөзгө кирүүгө аракет жасаса, согушкерлер аларга туруштук беришет.
Мечиттин жанында болсо салгылашуулар уланып жатат.

XS
SM
MD
LG