Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

ИРАК: МЕХДИ АРМИЯСЫ БАГЫНА ЭЛЕК


Нарын АЙЫП, Прага Ирактын Нажаф шаарында ишемби күнү салыштырмалуу тынч болду, өкмөттүк күчтөр чабуулун токтотту, бирок Муктада ас-Садрдын жоокерлери имам Алинин мечити менен анын жанындагы мүрзөнүн аймагынан чыгып кете элек. Өлкөнүн башка шаарларында болсо куралдуу кагылышуулар уланууда.

Мехди армиясын түзүп, америкалык аскерлер менен Ирактын жаңы өкмөтүнүн куралдуу күчтөрүнө каршы күрөшкөн имам Муктада ас-Садр азыр кайда экени белгисиз. 20-августта анын өкүлдөрү Нажафтан кете турганын жарыялаган жана өкмөттүк аскерлер өз чабуулун токтоткон. Анткен менен Нажафтагы имам Али ибн Аби Талибдин мечитин алар ишемби күнү дагы өз көзөмөлүндө кармап турду.

Ирактын ички иштер министрлиги жума күнү атайын жарыя жасап, өкмөттүк күчтөр мечиттин ичине кирип, төрт жүздөй жоокерди кармады деп билдирген, бирок ал туура эмес болуп чыкты. "Ассошиейтед пресс" агенттигинин мечитке барып келген кабарчысынын айтымында, анын айланасындагы көчөлөр дагы Мехди аскерлеринин көзөмөлүндө, мечитке кирээрде болсо ар бир адам өз куралын күзөтчүлөргө өткөрүп берүүгө тийиш, ошондуктан анын ичиндеги адамдар согушкер же карапайым кишилер экенин ажыратып билүү мүмкүн эмес.

Бейшембиден жумага караган түнү болсо мечиттин айланасында айыгышкан салгылашуу болгон жана оорукана кызматкерлеринин айтымында, сексенге жакын жоокер өлүп, алардын дагы жетимиштейи жараат алган. Жума күнү болсо Садрдын жардамчылары мечит жана анын жанындагы Вади ал-Салам аттуу мүрзөнүн аймагынан чыгып кете турганын жарыялады. Алардын айтымында, мечит эшигинин ачкычы Ирактын шийи мусулмандарынын башчысы аятолла Али ал-Хусейни ал-Систаниге тапшырылат, бирок ал тууралуу сүйлөшүүлөр ишемби күнү да бүткөн жок. Систани азыр Лондон шаарында дарыланууда жана анын жардамчысы шейх Хамед Хафафтын айтымында, ачкычты Нажаф шаарынын диний жетекчилерине өткөрүп берсе болот, бирок мечит аймагында эч бир жоокер калбаш керек.

Өлкөнүн башка аймактарында жашаган шийилер болсо америкалыктар жана алар дайындаган өкмөткө каршы күрөш улана турганын билдирүүдө. Багдад шаарындагы жума күнкү намазда шейх Райид ал-Кадими ал тууралуу ачык эле айтты: "Оккупациялык күчтөргө жана америкалыктар дайындаган өкмөткө биз кыямат күн уюштурабыз. Алардын башчылары - премьер-министир Айяд Аллави, коргоо министри Хазим Шаалан, ички иштер министри Фалах ал-Накиб, коопсуздук боюнча кеңешчи Моваффак ал-Рубайи жана Нажафтын губернатору Аднан ал-Зуруфи. Кудай буюрса."

21-августта Багдад шаарында америкалык күзөт бараткан машинеге ракета атылып, бир аскер курман болуп, дагы экөө жараат алды. Анын алдында Самарра шаарында бомба жарылып, эки америкалык солдат өлүп, дагы үчөө жарадар болду. Багдаддын батышындагы Рамади шаарында болсо бир полиция кызматкери өз үйүнүн алдында атып өлтүрүлдү.

13-августта Насирия шаарында барымтага алынган америкалык журналист Мика Гарен, аны туткунга алагандардын айтымында, ишемби күнү өлтүрүлмөк, бирок Садрдын жардамчысы шейх Аус ал-Хафажи жума күнү жарыялаганга караганда, барымтачылар аны бошотууну чечти. Непал мамлекетинен Иракка келип, йорданиялык компания аркылуу америкалыктар үчүн иштеген 12 адам дагы барымтага алынганы тууралуу кабарланды. Италиянын тышкы иштер министрлиги жума күнү жарыялаганга караганда, "Диарио" журналы үчүн иштеген журналист Энцо Балдони Нажаф шаарына кетип, дайынсыз жок. Өкмөт болсо Багдаддан Нажафка ишемби күнү дагы бир өкүлчүлүк жиберди.

XS
SM
MD
LG