Кийинки жекшембиде Чеченстанда лидер тандоо болот. Ал, Орусиялык борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Александр Вешняковдун айтканына караганда, мыйзам арибинде кандай шарт болсо ошонун өзүндөй өткөрүлөт. Анализчилер Чеченстан жаңы лидери болуп Кремль бийлигине жакын жүргөн киши шайланат дешүүдө. Андай киши генерал Алу Алханов деп да айтышууда.
Эми шайлоонун өтүшүнө келсек, мурунку аптада Александр Вешняков президент Владимир Путиндин кабылдоосунда болуп, ал жерде, Чеченстанда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөнү жаткан шайлоонун даярдыгы тууралуу маалымат берди:
- Чеченстанда жумурияттык шайлоо комиссиясынын 430 бөлүгү иштейт. Анын ишин алып барууга башаягы 4000дей киши катышууда. Алар жоопкерчиликтүү, кайратман жана эл алдында кыйла бедели бар кишилер, - деди Орусиялык борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Вешняков.
Жумуриятта мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөнү аткан шайлоого 20га чукул эл аралык уюмдардан көз салуучулар келишет экен. Араб өлкөлөр Лигасынын өкүлү, Исламдык конференция уюмунун өкүлү болот экен калганы КМШ өлкөлөрүнөн келет экен ал эми ЕККУ жакында Казакстан мене Украинада өткөрүлүүчү шайлоолорго кишилерибиз көп кеткендиктен бара турган кишибиз жок деп өкүл жиберүүдөн баш тартыптыр.
Чечендер жеринен башка Ингушетия, Ставрополь крайы, Дагстанда качкында жүргөн чеченстандыктарды автобуздап ташып алардын добуш берүүсү уюштурулат экен.
Баса, жогорку орунду талашкандар саны азыркы тушта 7 ысым. Баарысынан көп каражат чачканы - милициянын генералы Алу Алханов. Ал улам бир жерден көрүнө калып, сыналгы, үналгы, басылмаларда анын аты аталууда. Маселен, 21 август күнү Урус мартанда көпүрөө ачылганда ал жерде сүйлөп, мындай деди:
- Федералдык жол агенттиги менен биздин жол башкармачылыгыбыз бул көпүрөөнү пайдалануга берүүнү мөөнөтүнөн төрт ай мурда бүтүрдү. Ушунун өзү кыйланы айтып турат. Анын биз үчүн абдан жогору баалана турган дагы бир мааниси – бул Ахмат кожо Кадыровдун туулган күнүнүн алдында пайдаланууга берилиши болду.
Ал эми Чеченстан шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдул-Керим Арсахановдун айтканына караганда, жумуриятта добуш берүүгө укугу бар 600миңдей киши бар. Ал эми «Басаев, Масхадов сыяктуу мырзалар тизмеге киргизилген жок. Кириши да мүмкүн эмес эле. Эмне дегенде, алардын туруктуу жашаган жери белгисиз. Алар бүгүн түнөгөн жерине эртең конбой из жашырышууда», - деген Абдул-Керим Арсаханов.