Ай башында “ал-Каиданын” мүчөсү деп шектелип кармалган 10 адам бир катар террордук чабуулдарды өткөрүп, Пакистандагы кырдаалды бейстабилдештирүүнү көздөшкөнүн ырасмий Исламабад жарыя кылды. Маалымдоо министри шейх Рашид Ахмед террорчулардын максаты тууралуу дүйшөмбү күнү мындай билдирүү жасады:
-Бул адамдар Равалпинди жана Исламабадда террордук чабуулдарды уюштурмакчы экен. Алар өлкөнүн күнкорсуздук күнүндө кан төгүп, жүздөгөн адамдардын өмүрүнө зобун келтирүүнү көздөшкөн.
Шейх Ахмеддин айтымында, террорчулар АКШнын элчиканасына, президент Мушаррафтын резиденциясына, армиянын штабына жана Равалпинди шаарынын “Лал Хавели” деген тарыхый жайына эл жык жыйма болуп чогулган 14-август - Күнкорсуздук күнү чабуул жасоону пландаштырган.
Коопсуздук күчтөрү террорчулардын жабыттарынан ондогон бомбаларды, ракета аткычтарды, электрондук байкоо жүргүзүүчү аппараттарды, жардыргыч менен дүрмөттөлгөн кемерлерди жана башка түрдүү каруу жарактарды табышкан. Шейх Ахмеддин билдиришинче, полиция күчтөрү азыр Ооганстандан Пакистанга террорчулар үчүн курал алып келген төрт адамды издешүүдө.
Былтыр декабрда президент Мушаррафка он күндүн ортолугунда эки ирет кол салынып, ал өзү жабыркаган эмес. Бирок 17 киши набыт болгон.
Ошондон бери Пакистан өкмөтү террорчулукка каршы күрөштү күчөттү. Жаз айында армия Ооган чегарасына туташ аймактарда тазалоо жортуулун өткөрдү. Акыркы беш жумадагы операцияда, ырасмий маалымат боюнча, алтымыш ашуун шектүү террорчу, анын ичинде “ал-Каиданын” көрүнүктүү мүчөлөрү кармалды.
Шейх Ахмеддин сөзүнө караганда, аскерлердин Түштүк Вазиристан провинциясындагы чечкиндүү аракетинен улам “ал-Каидачылар” уруулар жашаган аймакты калтырышып, шаарларды көздөй качышууда.
Бу билдирүүгө ынанбаган эксперттер да бар. Нью-Делилик талдоочу Раул Бединин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтышынча:
- Пакистандын аскерлери акыркы бир нече айда уруу согушчандарынан аз эмес сокку жегени чындык. Менин оюмча, аскерий жетекчилик эми келип, уруу согушчандары качышып, шаарлардан башпаанек издешүүдө деп айтмакчы. Мен мындай сөздүн негиздүү экенине ишенбейм.
Бединин боолгошунча, бийликтер бу сыяктуу билдирүү жасашып, келечекте чоң террордук чабуулдар болсо “Биз мурда эскертпедик беле” дешип, өздөрүн актоонун амалын кылышууда:
- Бул сындуу амалкөй саясат жалгыз Пакистанда колдонулуп жаткан жок. Бүтүндөй Түштүк Азияда берегидей кош маанилүү айтылган сөздөр кеңири колдонулуп жүрөт. Непада бир нерсе болсо бийликтер “Биз силерге эскерткен болчубуз” деп чыга келишет. Эгер эч нерсе болбосо алар “Жамандыктын алдын алуу үчүн тиешелүү иш чараларды кабыл алганбыз” деп айтышат.
Раул Беди – Лондондогу Терроризм жана коопсуздук маселелерин изилдөөчү Janes борборунун эксперти.
Маалымат булактарынын билдиришинче, Пакистан-Ооганстан чегарасындагы террорчу топторго каршы күрөшүүнүн жолдору Ооган өкмөт башчысы Хамид Карзайдын дүйшөмбү күнү Исламабадда башталган эки күндүк сапары учурунда да талкууланат.
Ооган өкмөтү автономдуу уруулар үстөмдүк кылган аймактарда түнөк тапкан “ал-Каидачылар” менен талибдердин ары-бери жортуп жүрүүсүн токтотпойт деп Пакистан тарапты күнөөлөп келет.