Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

НАЖАФТА УРУШ ТОКТОБОЙ ЖАТАТ


Ирактын Нажаф шаарындагы уруштар токтой элек. Шийиттердин радикал динаятчысы Моктада ас- Садрдын америкалык аскерлер менен кармашып жаткан "Мехди" армиясынын өкүлдөрү Нажафтагы имам Али мечитинде турууну улантууда. Ирактык шийиттер үчүн өтө ыйык жай катары саналган мечитти алардын диний көсөмү аятолла Али Систаниге өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдөн азырынча натыйжа чыга элек.

Нажафта уруш жүрүп жатканына үчүнчү аптага аяк басты. Дүйшөмбүгө караган түнү америкалык аскерий учактар менен тик учмалар "Мехди" армиясынын согушкерленинин Нажафтын эски бөлүгүндөгү турумдарына сокку урган эле. Согушкерлердин өкүлдөрүнүн айтымында, ал чабуулдан имам Али мечитинин сырткы дубалдарына зыян тийген. Жогорудагы маалымат башка булактар тарабынан ырасталган жок. Ал эми америкалык аскерий өкүлдөр "Ассошейтед пресс" агенттигинин кабарына караганда, мындай ырастоону төгүндөштү. Алардын айтымында, бутага мечиттин дубалдары эмес анын түштүк тарабынан согушкерлер ок атып жаткан жерлер алынган.

Айтор дал ушул имам Али мечити Нажафтагы уруштардын чиеленишкен түйүнү болуп калды. Ирак өкмөтүнүн ал жерден чыгып кетүү жөнүндөгү талаптарына, чакырыктарына карабай Моктада ас-Садрдын "Мехди" армиясынын согушкерлери мечиттин короосун башпаанектөөнү улантууда. Имам Али мечити шийиттер үчүн өтө эле ыйык жай болуп эсептелгендиктен америкалык, ирактык да аскерлер ал жакка чабуул коюудан карманып жатат.
Маселен өткөн аптада Ирак өкмөтүнүн айрым өкүлдөрү өкмөттүк күчтөр мечитти согушкерлерден бир нече сааттын ичинде тазалоого даяр экенин билдиришкен болчу. Бирок премьер- министри Ияд Аллави муну колдогон жок. Себеби жогорудагыдай операция элдин ишенимине арзууга аракеттенип жаткан өкмөткө шийиттердин кыжырдануусун, алардын каршы чыгуусун жаратмак.

Имам Али мечитинин ачкычы диний лидерлерге, атап айтканда шийиттердин диний көсөмү улуу аятолла Али Систаниге өткөрүлүп берилгенден кийин да согушкерлер мечиттен өз эрки менен кетээри белгисиз. Бул багыттагы сүйлөшүүлөрдөн болсо азырынча натыйжа чыга элек. Муну дүйшөмбүдө Нажафтан кабарчыларга Моктада ас-Садрдын жакын жардамчысы Шейх Ахмед ал-Шейбани ырастап, мындай деди:

-Сүйлөшүүлөр биз тараптан эмес, аятолла Али Систанинин кеңсеси тарабынан токтотулуп турат. Биз ыйык жайды ичиндеги нерселер менен чогуу өткөрүп берүүгө даярбыз. Бирок чечиле элек бир маселе бар. Аятолла Али Систанинин кеңсеси же башка диний лидерлер алар менен бирге комиссия түзүшү керек.

Адатта Нажафта жашаган аятолла Али Систанин өзү учурда британ башкалаасы - Лондондо дарыланууда.

Ал эми ас- Садрдын дагы бир өкүлү Шейх Сала Жасем ал-Обайди "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Багдаддагы кабарчысы менен болгон маегинде ирак бийликтеринин полиция менен коопсуздук кызматтары мечиттин ичине киришкен деген мурдагы маалыматтарын төгүндөдү. Анын айтымында, "Мехди" армиясынын согушкерлеринин азыр мечиттин короосунда туруусунун да өз жүйөөсү бар:

-Мечиттин ички короосу башка жерлеринен айырмаланат. Короо "Мехди" армиясынын согушкерлери менен америкалык аскерлердин урушу үчүн бир нече жүйөөдөн улам ылайыктуу. Себеби короодо бир нече бөлүктөр болгондуктан, ал оңой эле бомбаланбайт. Ал бөлүктөр "Мехди" армиясынын согушкерлеринин башпаанектөөсү үчүн жакшы жер.

Америкалык жана ирактык тараптын эсебинде, имам Али мечитинин ичинде жана короосунда азыр миңден ашуун согушкер бар. Алардын жолбашчысы Моктада ас –Садрдын өзү болсо бир нече күндөн бери коомчулукка көрүнө элек. Ас –Садрдын өкүлү шейх ал-Обайдинин ырастоосунда, имам Нажафтан кеткен жок:

-Ал Нажафтын эски бөлүгүнүн ичинде. Мага ишенип койгула, ас- Садр мүрзөгө гана барбаса, Нажафтан башка жакка кетпейт.

Мунун аралыгында, 13 –августа Насирия шаарында урдалып кеткен америкалык журналист Мик Гарен бошотулду. Ал өзүн бошотуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышканы үчүн Моктада ас- Садрдын адамдарына ыраазычылык билдирди:

-Мени бошотуу ишиндеги кызматташтыгы үчүн ас –Садрдын кеңсесине ырахмат айтам. Мен Ирактагы ишимди, бул жерде адамдарга жардам көргөзүү аракеттимди уланта аларыма үмүттөнөм.

Мурдараак Мик Гаренди уурдап кеткен согушкерлер эгер АКШ аскерлери Нажафтан кетпесе, журналисттин өмүрү кыйыларын эскерткен видеотасманы таратышкан болчу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG